alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
АңгемелерТаасирдүү окуялар

АДАМДЫ АДАМ БАЙ КЫЛА АЛБАЙТ.

Сулайман пайгамбар (а.с) өз доорунда жүз миң аскер адамдан, жүз миң аскер жиндердин баарынын үсүнөн куштар көлөкө кылып ,асманда учуп келе жаткан кезде, жерде бир отун чогултуп жүргөн кедей карыя асманды карап, «Субханаллах»- деди. Ошол кезде шамал карыянын үнүн Сулайманга (а.с) жеткизди. Шамалга буйрук кылып, жерге түшүп карыянын алдына келип:
-Биз асманда учуп бара жатканда эмне деген сөз айтыңыз? Карыя коркуп кетип:
-Сиз жөнүндө жаман сүйлөгөн жокмун- дейт. Анда Сулайман (а.с):
-Бизди көрүп, биринчи сүйлөгөн сөзүнүз!- десе, таң калып:
-«Субханаллах»- дедим!- деп айтты. Сулайман (а.с):
-Бир мезгил келет, ушул сен көрүп турган Сулайман жана анын баардык падышачылыгы жок болот бирок, сенин «Субханаллах» сөзүндүн сообу ошол кезде да бар болот- деди да карыядан атын сурайт.
-Атын ким?
Абышка Сулайман деп жооп берет.
-Субханаллах, Алланын тагдырын карачы. Бир Сулайман асманда учуп жүрөт, бир Сулайман отун терип жүрөт. Сиздин атыныз да Сулайман экен, сиз дагы жакшы жашаныз- деп башындагы тажысынан бир берметти алып берет. Карыя сүйүнүп балтасын да отунун да таштап, чуркап үйүно келе жатса жолдон бир куш илип алып учуп кетет. Колун караса бермет жок. Эх, аттиң эми бай болдум эле деп кайра балтасын алып отун чаап жүрсө, Сулайман пайгамбар (а.с) кайра кайтып келе жаткан болот. Карыяны көрүп:
-Жаңы эле сага байлык бербедимби, ошол жетпедиби?- дейт. Карыя болгон окуяны айтып берет. Сулайман (а.с):
-Андай болсо мынакей- деп башка дагы бермет берет. Берметти алган абышка аны жоготуп алуудан этияттап койнуна салып, эми түшүрүп койбойун деп жолдо келе жатса үйү менен токойдун ортосунда бир дарыя бар эле. Ошол күнү суу көбүрөөк келип калып, абышка суудан өтүп баратып, суу агызып жөнөгөндө сүзөм деп колтугун ачканда бермети агып кетет.
Абышка:
-Эх, байлыгым кетти!- деп кайра отун терип жүрсө, Сулайман (а.с) дагы көрүп:
-Сен тойбогон чал экенсин. Дагы эмне отун терип жүрөсүн?- дейт. Кедей карыя:
-Пайгамбарым, ушундай болуп калды деп, болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Сулайман (а.с) :
-Эми мына жоготуп алсан. Бекем сакта!- деп үчүнчүсүн берди. Карыя өтө бекем сактап үйүнө келди да, караштырса аялы жок. Текчесинде турган кесесинин ичине салып, кемпирине мактанганы көчөго чыгып кетсе, ошол заманда туз сыятууларды кошуналар бири-биринин үйүнө кирип, сурабай алып кетет эле. Кошунсы туз издеп кирсе кесенин ичинде бир нерсе жылтырайт. Жакшы көрүп урдап кетет. Карыя сүйүнүп,
-Эми биз байбыз. Отун чогултпайбыз! — деп кемпирин эрчитип келсе койгон жеринде бермет жок? Кейиген абышка «Бизге байлык буйурбаптыр», — деп кайра отун чогултуп жүрсө, Сулайман (а.с) дагы жолугат.
-Эмне болду?- десе, абышка бардыгын айтып берет. Сулайман (а.с):
-Адамды адам бай кыла албайт экен. Сулайман падыша болуп туруп, сизди бай кылалбадым. Эми дуба кылыныз!- деп кете берет. Абышка отунун чогултуп келип сатат. Анан бай-кедей болуп чарчадым, базардан бир жакшы нерсе алып жейли дейт дагы кемпирине:
-Бир балык сатып жейлик. Балык жегим келди- деп бир-эки килограмм балык алат. Анан жолдо келе жатып аялы айтат:
-Мына бул дарактын үстүнө чыгып, курган шактарынан сындырып түшөн дейт. Абышка дарактын башына чыкса, байагы берметин көтөрүп качкан куш ошол жерде жашайт экен. Көрүп сүйүнүп:
-Ууруну карадым!- деп кыйкырып жиберет. Аны уккан кошунасы: «Ээ мени билип алган турбайбы»- деп:
-Мен муну бир көрөйүн деп алдым эле, меңиз- деп, кайтарып берет. Базардан алган балыкты сойсо ичинен сууда аккан бермети чыгат. Сууга акканда ошол балык жуткан болот. Алла Таала үчөөнү тең кайтарып берет. Барып базардан жаңы-жаңы падышалар кийүүчү кийимдерди сатып алып, аттарды, арабаларды минип, жасанып Сулаймандын (а.с) алдына барат. Сулайман пайгамбар (а.с) көрүп таныбай, «Сен кимсиң?» — десе:
Абышка:
-Сулайманмын. Эй, мен байагы отунчу Сулайманмын- деп айтат. Анан «Адамды-адам бай кылалбайт экен. Адамды Алла Таала бай кылат экен. Сен пайгамбар болуптуруп, падыша болуп туруп бир отун тартыштан да отун жүктөп келгенден да мага жардам бере албадын. Алла Таала мага күтүлбөгөн, ойлобогон жерден берметтерди кайрып берип койду-деген экен.
Кыссадан ибрат. Адам-адамдан үмүт кылбастан Алла Тааладан гана үмүт кылуу керек экенин түшүнүү. Алла Таала берүүчу зат бирок, сураганда башкадан үмүт кылабыз. Пенденин бергени күнүмдүк. Алланын бергени түбөлүк. Албетте, Алладан суралган ар бир нерсе сөзсүз берилет. Бирөөгө кеч, бирөөгө эрте. Бул дүйнөдө Алла сураган нерсебизди бербесе өкүнбөйлү. Бул дүйнөдө бербесе, инша Аллах акыретте берет. Үмүттү үзбөйлү, үмүтсүз шайтан алайхилана.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button