Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Адал менен арам жөнүндө 10 эреже

Адам жашоосундагы мамилелерди, Ислам дини – адал жана арам аркылуу тартиптейт жана өтө тыкан башкарат. Бул тартип, Куран жана Сүннөттүн негизиндеги Шарияттан гана алынат. Төмөндө, Ислам окумуштууларынын бирдиктүү ою менен бекитилген негизги өкүмдөрдү сунуш кылабыз:

1. Арам кылынбагандын баары адал

Бардык заттар башатында адал. Ушундан улам кандай гана зат, мамиле же ибадат болбосун анын арамдыгы изилденип, Шарияттан так далилдер табылбаса, адал деп эсептелет.

2. Уруксат берүү жана тыюу салуу бийлиги, Аллахка гана таандык

Адал жана арам тууралуу ар бир өкүм, Аллахтын куран жана Сүннөттөгү буйруктарына негизделүүсү зарыл. Анткени, Аллахтан башка адал же арам кылууга эч кимдин укугу жок.

3. Адалга тыюу салып, арамга уруксат берүү – ширкке барабар

Ширк, Аллахка башканы шерик кылып сыйынуу. Сыйынуу – мыйзам ээсинин өкүмдөрү менен жашоо. Аллахтын арам кылганына уруксат берүү жана Аллах буюрганга тыюу салуу – Аллахтын өкүмүн тоотпогондук үчүн ширкке барабар деп эсептелет.

4. Адалда пайда, арамда зыян бар

Аллах адал менен арамдын себептерин түшүндүргөн жана түшүндүрмөсүз буюрган учурлары да бар. Азыркы илимий-технологиялык жетишкендиктер адалдын пайдасын, арамдын зыянын улам далилдеп отурат. Шарияттын ар бир чечиминде адамзат үчүн пайда гана бар, ал эми андан четтөөнү жана аны четке кагууну зыян деп билүү зарыл.

5. Арамга алып барчу да – арам

Шариятта аракет адал болгонуна карабай, арамга алып барса – арам деп эсептелет. Мисалы, Шариятта аялдын колу ауратка кирбейт. Бирок чоочун аял менен (ауратка кирбесе да), кол берип көрүшүүгө жана өбүшүүгө тыюу салынат. Анткени, бул жорук никесиз байланышка шарт түзүүсү ыктымал.

6. Жакшы ниет арамды адалдай албайт

Исламда, ар бир амал ниети менен бааланат. Бирок жакшы ниеттеги арамга уруксат берилген эмес. Мисалы, достор таарынбоосу үчүн арагын ичүү жана башка. Демек, арамды жакшы ниет адал кыла албайт.

7. Күмөндөн сактануу – арамдан саламат болуу

Толук изилденип бүтө элек – күмөн деп эсептелет жана ал бүгүн тамак-ашта көп кездешет. Анткени, кошулмалардын заттык, технологиялык ж.б. адалдыгын аныктоого катардагы мусулмандын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Мусулман арамдан алыс болуусу үчүн күмөндөн да, оолак болуусу сунуш кылынат.

8. Арам баарына тең арам

Аллахтын алдында адамдардын баары тең. Тагыраак айтканда, алар коюлган милдеттерди аткарууда жана укуктарын өз ара талап кылууда тең. Адамдардын эч кимисин ээлеген мансабы, байлыгы же каалоосу Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтен бошотпойт.

9. Муктаждык арамды бузат

Аллах адамдын алсыздыгынан кудурети жетпеген шарттардарда арамды бузууга уруксат берет. Мисалы, ачкадан өлүм коркунучу турса белгилүү (өлбөс үчүн) өлчөмдө арамды жегенге уруксат берилет. Бирок толук тоюп алууга же алдыга арамдан камдап алууга уруксат жок.

10. Арамдын ордуна, дайым адал табылат

Аллах, ар нерсени адам үчүн гана жараткан. Анын жараткандарынын ичинде адалды табуу оңой, анткени адал, арамга караганда алда канча көп. Арамдан качкан дайым адалды табат.

Булак
"Умма"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close