alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

Ачылышына аалымдар катышкан куттуу мечиттин тарыхы

30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Боом капчыгайындагы чоң жолдун боюнда жайгашкан мечит селден жабыр тарткан эмес.

Тогуз жолдун тоому, Чүй менен Ысык-Көл, Нарынды байланыштырып турган Боом капчыгайындагы чоң жолдун боюндагы бул мечит ары-бери каттаган айдоочулар менен мейманчылаган жолоочулар намаз маалында токтоп, бул мечитти курган адамга сөзсүз сообу тийип жатса керек. Акыркы окуялардан улам бул мечиттин тарыхына кызыккандар көбөйдү.

Аталган мечитти байлыгы ашып-ташкан араптар эмес, түбүбүз бир деген тууган түрктөр эмес өзүбүздүн эле белгилүү адвокат Акин Токталиев курган.

Акин Токталев өзү коомчулукта укук коргоочу, айрыкча «мусулмандардын адвокаты» деген да лакап аты айтылып жүрөт. Ыраматылык Чубак ажыга адвокат болгонунан улам ушинтип аталып калса керек. Белгилүү саясий-соттук иштерде аты чыгып, чуулгандуу делген процесстерге аралашып жүрөт. Ал гана эмес учурдагы президент Садыр Жапаровдун да адвокаты болгону маалым.

 

Бул кишинин кайрымдуулук кылган иштерин көбү деле биле беришпейт. Боом капчыгайындагы «Кыз-күйөөгө» мындан 10 жыл мурун, нары-бери өткөн жолоочуларга чакан мечит курдуртам деп ниет кылган экен. Спонсор издей баштайт, чыкпайт. Акыры, «кой өзүм баштабасам болбойт экен» — деп ниет кылат да, кичине каражат таап, анан баштайт. Ал демилгени ыраматылык Чубак ажы, ошол кездеги муфтий Максатбек ажы, айрым саясатчылар, кээ бир депутаттар ж.б. колдошуп, жардам беришип, биринчи сүрөттөгү өзү проектилеген, өзгөчөлөнгөн жети кырдуу мечитти 2019-жылы бүткөрөт.

 

Ачылышына ыраматылык Чубак ажы, Максатбек ажы, азыркы дин комиссиясынын директору Тойгонбай Жоробаевич, Асан ажы ж.б. аалымдар келишип, ак батасын беришкен. Андан бери ошол салынган мечит, жолоочу мусулмандарга кызмат кылып келе жатат. Ошондон бери нары — бери өтүп намазын окуп аткандардан сунуш түшөт. Эмне дегенде, эркектер намазын окушуп, аялдарга намаз окуу кыйынчылык туудуруп жаткан. Аны Акин байке тез кабыл алат дагы, ошонун жанына улап, мурдагысынан да чоңураак мечит кура баштайт ( экинчи сүрөттөгү). Эми Кудай буюрса бүткөндөгүсү үчүнчү сүрөттөгүдөй болот экен. Мына ошол куттуу мечиттин кыскача таржымалы ушундай…

Эмне демекчибиз, Акин байкенин мээнетин Алла Таала кабыл кылсын. Ошол жерден такай өткөн жолоочу мусулмандардын муктаждыктары чечилип, кызмат кылсын, анын сообун Жараткан Акин байкеге жана каражат жагынан жардам берген мусулман бир — туугандарга берсин!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button