Умар бин Хаттаб өзүнүн жолдоштору менен баратып кой кайтарып жүргөн койчуга жолугуп калат. Азирети Умар койчуга: Мага бир койуңду сат — дейт. Өзүм да койлор да бирөөгө таандык, мен өзүм кул болсом, кожойунумдун койун сизге кантип сатмактын? — деп жооп берет койчу жигит. Азирети Умар тиги койчуну сынап көргүсү келет да: Бир койуңду мага сат, а кожойунуңа болсо: Койду карышкыр жеп кетти — деп кутуласың — дейт. Анда койчуман жигит: Кожойунумду алдашым мүмкүн, бирок «Алла Тааланычы?, Алланын астына барганда эмне деп жооп берем» — деп суроолуу жооп кайтарат. Койчунун сөзүнө таңыркаган Азирети Умардын көзүнөн аккан жашы сакалын суулап жиберет. Койчунун: «Алла Тааланычы?», — деген сөзүнөн катуу таасирлеген Азирети Умар койчуман жигиттин кожойунуна келип анын акчасын төлөп кулдуктан азат кылат. Андан кийин тиги жигитке карап: Бир сөзүң сени бул дүйнөдө кулдуктан азат кылды, ошол сөздүн себебинен Алла Таала кыяматта сени тозок отунан азат кылуусун үмүт кылам — дейт.
Кел мусулман бир тууганым, ушул окуядан өзүбүзгө чоң сабак алайлы!, Кудайдан коркуу деген сезим ушундай болушу шарт. Кудайдан коркуу тил менен айтып койуу менен ишке ашпайт, балким аны денебиз, мүчөлөрүбүз менен аткарышыбыз керек. Ар-бир мусулман: «Мени Алла көрүп турат, сүйлөгөн сөзүмдү, сөзүмдү эле эмес, балким шыбыраган дабышымды да угуп турат деген сезимде жашашы керек. Чындыгында Алла Таала Көрүүчү, Билүүчү жана Угуучу Улуу Жаратуучу. Алла Таала караңгы түндө, караңгы үйдө, караңгы таштын астында басып бараткан кара кумурсканы көрүп, басып бараткан үнүн угуп турат…