Бир тамчы бал жерге тамчылап төгүлүп кетет. Бир аздан кийин бир кумурска келип төгүлгөн балдын даамын татып көрөт. Артка кайтып жөнөйт, бирок балдын даамын татып көргөн кумурска алыска кете албай кайра кайтып келет. Экинчи жолу келгенде бал салынган идиштин четинен бир аз даамдап көрөт да кайра артка кайтат. Бирок, бул жолу да кумурска алыска кете албайт, анткени ал балдын даамын татып алган эле. Үчүнчү жолу кайра келип бал салынган идишке кирип алып, каалашынча балдан пайдалангандан кийин кайра чыкканга аракет кылат, бирок чыга албай калат. Анткени, буттары бири-бирине тушалып басканга мүмкүнчүлүк болбой калат. Канчалык аракет кылса да, анысынан майнап чыкпай буттары бир жерден жылбай калгандыктан ошол жерде өлүп калат…
Эгерде кумурска аз болсо да бир тамчы бал менен чектелип, кайра-кайра кайтып келип балга башын салбаганда тирүү калмак.
Дүнүйө — балдын чоң тамчысы сыяктуу. Ким балдын бир азына канаат кылса, ал балга чөгүп кетүүдөн кутулат. Ким балдын деңизине чөгүп кетсе, анда ал ошол деңизден чыга албай жок болуп кетет.
Дүнүйө деп акыретин унутуу — балдын деңизине чөгүү дегени. Дүнүйө жыйнап аны акырет үчүн сарптоо — балдын бир тамчысына канаат кылуу дегени…