Шаьбан Валий азиреттин жанына бир кедей адам келип:
— Азирет, мен абдан кедей адаммын. Бир гана эшегим бар эле, ошону менен турмушумду өткөрүп, бала-чакамды багып жүрөт элем. Ал өлгөндөн бери жашоом оорлоп кетти. Мага дуба кылыңыз, Аллахым жашоомду жеңилдетсин, тилемчилик кылып калуудан сактасын – деп суранды. Шаьбан Валийдин кедейге ичи ачышты. Колун көтөрүп Аллахка дуба кылды. Ал дубасын бүткөн учурда, эшигин тыкылдатып, бир адам кирүүгө уруксат сурады. Азирет ага уруксат берди. Салам айткан жигит:
— Азирет, көптөн бери ниет кылып жүргөн жакшылык ишим бар эле. Эшикте бир качырды жетелеп келдим. Ушуну менин атымдан белек катары кабыл алыңыз, — деди. Шаьбан Валий кедейге жылмая карап:
— Мынакей, Аллах сүйүктүү пенделерине жамандык артынан жакшылык берет. Өлгөн эшегиңдин ордуна, андан күчтүүрөк качыр берди. Аны алып үйүңө кете бер, — деди.
Кедей ыраазылыгын билдирди да, качырын алып үйүнө кетти. Шаьбан Валийдин бул ишине таңданган тиги:
— «Субханаллах» – деди таңыркап,
— Бул качырды сизге эртең менен алып келейин дедим эле, бирок эртең менен өтө зарыл жумуш үчүн эртелеп жолго чыга турган болуп калдым да, караңгыга карабастан келе бердим эле. Көрсө, Аллах Таала качырды бул кедейге буйруп койгон экен да.