Чындыгында Ислам дини кошунанын акысын бийик кылып койду. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам айтты:
“Жебрейил периште кайра-кайра кошунаңа жакшылык кыл деп айта бергенинен улам, кошуна дагы мурас алат экен деген ойго чейин бардым”.
Аллах Таала Куранда да кошунаны урматтоого буйруп, Өзүнүн Китебинде мындай деп айтты:
“Аллахка ибадат кылгыла. Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, кедей-кембагалдарга, тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр карыптарга, кол астыңардагы адамдарга айбандарга да жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт”. (Нисаа сүрөөсү, 36-аят)
Ал эми башка бир хадисте Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунаны сыйлап урматтаганга үндөп мындай деп айтты:
“Эгерде ким Аллахка жана акыретке ыйман келтирсе, анда ал кошунасын сыйласын”.
Керек болсо, кошуналарга жакшылык кылуу ыймандан деп Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, мындай деп айткан:
“Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант, пенде өзүнө каалаган жакшылыкты кошунасына да кааламайынча ыйманы толук болбойт”.
Эгерде ким кошунасына жакшы мамиле кылса, Аллахтын алдында эң жакшы адамдардын катарында болот.
Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты:
“Аллахтын алдындагы достордун эң жакшысы – өзүнүн досуна эң жакшы мамиле кылгандары жана Аллахтын астындагы кошуналардын эң жакшысы – өз кошунасына жакшы мамиле кылгандары”.
КОШУНА ДЕГЕН КИМ?
Кошуна бул – мусулман болсун же каапыр болсун, ал сага жакын жашаган адамдар. Ал эми канча аралыкка чейин жашаган адамдарды кошуна деп айтабыз деген суроого аалымдар бир нече жоопторду айтышкан, алардын эң жакынын алып көрсөк, кошуна бул – адамдардын үрп-адаттарында канчалык аралыкты кошуна деп айтылса, мына ошол аралыкта жашаган адамдардын баарысы сага кошуна болуп саналат. Мындайча айтканда кошуна деп – ар бир элдин өзүнүн адатына карап кошуна болуп саналат.
Кошунанын дагы бир нече түрү бар:
1. Тууганчылыгы бар мусулман кошуна.
2. Тууганчылыгы жок мусулман кошуна.
3. Тууганчылыгы бар каапыр кошуна.
4. Тууганчылыгы жок каапыр кошуна.
Ал эми бул кошуналар көпчүлүк учурда бирдей укуктарга ээ болушат, кээ бирлери гана тууганчылык же бир туугандык даражалар менен бири-биринен айырмаланат.
КОШУНАНЫН ТҮРЛӨРҮ
Кээ бир адамдар кошуна бул бири-бирине жакын жашаган адамдар гана деп ойлошот. Ооба! Мында эч шек-күмөн жок, бул көрүнүш кошунанын эң негизги түрү болуп саналат. Бирок кошуна деген сөз өзүнө бир нече түшүнүктү камтыйт. Айта кетсек, сени менен чогу иштеген кесиптешин да кандайдыр бир даражада сага кошуна болот же базардагы сенин айланаңдагы адамдар болсун же мектептеги парталашың болсун, жадагалса авто унаага адамдар менен чогу отурушуң да убактылуу кошуна болуп саналат.
КОШУНАНЫН АКЫЛАРЫ
Ислам дининде кошунанын акылары өтө көп. Алардын ичинен эң негизгилерин айта турган болсок, төмөнкүлөр:
1. Салам берсе алик алуу жана өтүнүчүнө жооп берүү.
Бул көрүнүш жалпы мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилеси, бирок бул сүннөттүн кошуналар арасында болушу бири-бирине болгон жылуу мамилени күчөтүп жана алардын арасындагы касташып, душмандашуунун жолун жабат.
2. Кошунага зыян бербөө.
Дегеле адам баласынын бири-бирине зыян бериши чоң күнөөлөрдөн болуп саналат, ал эми кошунасына зыян берген адам эч шек-күмөнсүз чоң күнөөлөргө батат. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунасына зыян берген адамдар туурасында өтө катуу эскертүү берип, мындай деп айтты:
“Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт!” Ошондо сахабалар сурашты: “Оо Аллахтын Элчиси! Ал кандай адам?”. Пайгамбарыбыз, саллаллахи уа саллам, айтты: “Кошунасына тычтык бербеген адам”.
Бир күнү бир сахаба Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга келип:
“Оо, Аллахтын элчиси! Бир аял бар, ал күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окуйт, бирок аны менен катар кошунасына тили менен зыянын тийгизет”– деди. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам айтты: “Андан жакшылык жок, ал тозоку болот”– деди.
Күндөрдүн биринде бир сахаба Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга, келип кошунасы ага тынчтык бербей жатканын кабар берди. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам ага: “Сабыр кыл”– деп айтты. Бирок бул көрүнүш үчүнчү жолу кайталанганда Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам: “Буюмдарыңды көчөгө чыгарып сал”– деп буйруду. Сахаба Пайгамбарыбыздын айтканын тез аткарды жана адамдар буюмдарды айланып өтүшүп ал туурасында сурашып жатышты, качан кошунасы тынчтык бербей жатканын билишкенде ар бир адам кошунасын каргап жатышты. Баягы зыян берген кошуна Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга, келип: “Мени адамдар каргап жатышат”– деп арызданды. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Чындыгында Аллах сени адамдардан алдын каргаган”.
3. Кошунанын башына түшкөн кыйынчылыгын бөлүшө билүү.
Чындыгында кошунанын башына түшкөн кыйынчылыгын бөлүшүү эң жакшы сыпаттардан болуп саналат. Көпчүлүк адамдар баштарына кыйынчылык түшсө, бири-бирине жардам беришет. Бирок ошол кыйынчылыкты сабырдуулук менен бөлүшкөн адамдар гана Аллахтын астында даражалары бийик болот.
Аллах таала Курани Каримде мындай деп айтты:
“Душманың жасаган жамандыкка жакшылык менен жооп кыл”.
Жана дагы Аллах айтты:
“Кимде-ким зулумга сабыр кылса жана заалымды кечирсе – бул өтө улуу иштерден».
Хасан Басрий айтты:
“Жакшы кошуна деген – анын башына түшкөн кайгыны бөлүшүүдө эмес, жакшы кошуна деген – анын берген зыянына сабыр кылуу”.
4. Кошунага зыярат кылуу жана муктажтыгына жардам берүү.
Бул нерсеге Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламдын, бул айткан хадиси далил болот, ал айтты:
“Эгерде кимде-ким кошунасы ачка жатканын билип туруп, өзү тоюп жатып алса, анда ал мага толук ыйман келтирбейт”.
Чындыгында сахабалар кошуналарын тез-тезден зыярат кылып турушаар эле, ал эми муктаждыктары болуп калса, канын-жанын да, малын да, убактыларын да аябастан тез арада аткарышар эле. Эгерде белек-бекче келип кала турган болсо, биринчи эле кошунасына жөнөтчү, ал эми ал кошунасы кийинки кошунасына жөнөтүп, анысы кийинкисине жөнөтүп олтуруп, акыры баягы белек биринчи берген адамдын өзүнө келип калган учурлар болот эле.
Абдуллах ибну Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) кой сойуп жатып баласына айтты: “Койдун терисин сыйрып, жиликтеп бүткөндөн кийин биринчи эле жөөт кошунабыздан баштагын”– деп айтты.
Айша энебиз Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламдан, мындай деп сурады: “Чындыгында мага жакын эки кошуна бар. Белегимди кимисине биринчи берсем”– деп. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Эки кошунаңдын кимисинин эшиги сага жакын болсо, ошонусуна бер”– деди.
5. Кошунанын жамандыгын жашырып, абийирин сактоо.
Баарыбыз адам баласы болгон соң периштелер жана пайгамбарлардан башкасы, албетте ката кетиребиз. Кандай адам болбосун, жашоосунда ката кетирет. Мисалга алсак, жубайы менен же бала-чакасы менен тил табышпай калган учурлар да болот. Кошуналар негизинен көпчүлүк учурда мындай жаңжалга күбө болуп калышат. Ал эми кошунанын Исламдагы милдети – анын үйүнөн көргөн жамандыгын жашырып, жакшылыгын айтуу. Кыргызда “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп бекеринен айтылган эмес.
Башка эле мусулмандын абийрин жашырсаң, Аллах сенин да абийириңди эки дүйнөдө жашырат, ал эми кошунанын жамандыгын жашыруу милдеттүү ваажип амалдардын катарына кирет.
Аллах Таала Курани Каримде айтты:
“Ким салих амал кылса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян. Сенин Раббиң пенделерге зулумкер эмес”.
Жалпы мусулмандар кошуналык милдеттерин аткарып эки дүйнөдө бактылуу болууларын Аллахтан сурайбыз.
Зейд Зулкарнайн уулу
ИсламОнлайнKG