Эшикти кимдир бирөө черткилеп жатты…
— Ким бул?
— Даярдан кетебиз.
— Сен кимсиң? Каяка кетебиз деп жатасың?
— Кезегиң келди. Чыныгы үйүңө сени алып кетем.
— Чыныгы үй дейсиңби? Анда сен…!
— Ооба, кетебиз тезирээк бол!
– Беш мүнөт күтө тур..жарым-жартылай калып кеткен иштерим бар.
— Бүтпөгөн иштериң болсо, башкалар аягына чыгарат. Тездет!
— Балдарымчы?! Алар кичинекей да. Макул, анда коштошуп алайынчы..
— Сенсиз да алар чоңоюшат.. Тезирээк! Сени күтүп жатышат…
— Күтүп жатышат? Кимдер?
— Барганда көрөсүң..!
— Түшүнүп турам. Бирок, жүрөгүн оорутуп, кечирим сурай элек, жакшылык жасай
элек адамдар бар. Суранам, мен аларга карыздар абалда кетким келбейт.
— Муну убагында ойлонушуң керек болчу!
— Убагында? А мен… убактым көп деп ойлочумун.
— Баарыңар окшошсуңар.. Убакыт — сен жашап жаткан убак..
Мындан да узак эмес…
— Аттиң! Аттиң!….
— Каалайсыңбы жокпу, мен сени алып кетем. Бүгүндө жашап жатып, дайыма эртеңкиңдин бар экенин ойлоп жашадың.
Тууганым! Бул сиз бизге сабак боло турган мисал…
Бул сага да бир эскертүү. Азыр барсың. Бирок, эртең жоксуң…
Ал келгенде, сен үмүт менен сүйүнүү менен тосуп алганга даяр бол!
Ажал
Тык, тык, тык…
Даярдаган: Адилет Сыдыков
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз