Бир ирет пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) кыяматтын белгилери жөнүндө айтып отуруп:
“Менин үммөтүмдүн башына бир күн келет, ошол учурда туура жолдо жүргөндөр адамдардын көзүнө жаман көрүнүп калат” – деп айтып өткөн эле.
Ошол күн биздин башыбызга келген бейм, намазын окуп, арам-күмөндөн алыстап, бир аз болсо да таза жашоону максат кылгандарга жалаа жаап, дагы эмне кылып жиберет экен дегенсип артынан аңдып, кайсы бир жаман иштин чети чыгып калса, аны ага жармаштырып, кыскасы кыры жок жумурткадан кыр издегендер көбөйдү. Булар айтканы суу кечпеген, кыларга жумушу жок бир бечаралар болсо, мейли “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп кол шилтеп койсок боло берет эле. Бирок, булар жөнөкөй адамдар эмес, эл адамы аталган, калайык-калкты куш кабар менен камсыз кылган журналисттер болуп жатканы тынчсыздандырбай койбойт.
Айтайын дегеним, жакынкы күндөрдөгү жаш балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктарга тиешеси болсо-болбосо динди аралаштырып, ушундан болсо да пайдаланып динди элге жаман көрсөтүүнү максат кылган “азаматтар” жөнүндө болмокчу. Бири, зомбулукка дуушар болгон баланы атасы таштап коюп дааватка чыгып кеткен десе, экинчиси 8 жашар кызды дин кызматчысы зордуктаган деп, кыскасы, чындыкты иликтебестен калайыкка жар салгандар көбөйүп барат. Ооба, тапкан жаңылыгы, жазган макаласы, козгогон маселеси актуалдуу болуусун бардык эле калем кармагандар каалайт дечи. Бирок, элдин көңүл чордонунан жай табуу үчүн калпты чындай айтып, ак- караны ажыратпастан туруп жарыя кылуу, бери дегенде өз кесибине кыянат кылуу болуп эсептелет. Журналисттин милдети – жалганды жайылтуу эмес, чындыкты даңазалоо. Ушак таратуу абысындарга жарашат. Бул журналисттин аброюна туура келчү иш эмес. Тилекке каршы, азыркы журналисттердин көбү кесибин ушак-айың таратууга багыттап алган. Учурдагы журналисттик кадыр- барктын төмөндөп жатуусу да мына ушундан. Калайыктын маалымат каражаттарына ишеним жок. Журналисттер чындыкты чырылдата айтуунун ордуна жалгандын казанында кайнап жатышат. Айрыкча, дин жаатына келгенде ашыкча апыртмалар күч алды. Бул исламофобиянын таасириби, же жөн эле адамдык аң-сезимдин төмөндүгүбү, же болбосо уламдан-улам өнүгүп бара жаткан исламга бут тосуубу, айтор, жаман иштин баарына динди аралаштыра калуу көнүмүш адатка айланып бара жатат. Жаратуучу Кудай Куранда айткандай: “Каапырлар каалабаса да, диндин нуру жаркырай берет” дечи, бирок ар кайсы ишке динди аралаштырып жаманатты кыла берүү жакшылыкка алып барбайт. Пенде ката кетирүүсү мүмкүн. Бирок, дин – кемчиликсиз. Кайсы бир намаз окуган пенде катуураак жел чыгарып койсо, аны элге жарыя кылып чыгуунун эмне зарылдыгы бар?! Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт, намаз окуса эле периште болуп кетпейт. Ал да ката кетирүүсү мүмкүн. Бирок, анын катасына намазын кошо жарыя кылуу зарыл эмес. Анан да, намаз окуган адамдын баарын дин кызматчысы, же молдоке деп айтуу кемпайлык. Сакалы бардын баары эле молдо эмес, чапаны бардын баары эле дааватчы эмес. Биздин маданияттуу “ушакчыларыбыз” алгач ушундай жөнөкөй нерселерди билип алууга тийиш.
Сөзүмдүн акырында, ары оор, ары жоопкерчиликтүү кесиптин ээси болгон кесиптештериме насаат катары пайгамбарыбыздын: “Ачуу болсо да чындыкты айткыла!” деген осуятын эскертип, жалгандын казаны кайнабастыгын жана ушактын учугу узарбастыгын айтып кетким келет. Бул дүйнөдө да, акыретте да жүзүбүз жарык болсун үчүн ушак-айыңды эмес, акыйкат, чындыкты таратууга аракет кылуубуз кажет.
Алайчы Сеитбеков
//
The post Журналисттин милдети – жалганды жайылтуу эмес, чындыкты даңазалоо, же ушак убалы тууралуу учкай кеп appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.
September 11, 2015 at 10:50PM