Шакики Балхи айткандай:
«Ибадатты татыктуу түрдө аткара алуу – бул, чеберчилик. Ал ачкачылык аркылуу жагымдуу лаззат тартуулайт.» ..
Бул ачкачылык – заманбап медицинада да «диета» деген аталышта чың ден соолуктуу болуунун биринчи шарты. Бул ачкачылыкка чыдаш кыйыныраак. Риваяттарга караганда, напси жаратылган кезде тyрдyy кыйноолорго карабастан, Аллах Таалага: «Сен сенсиң, мен менмин» — деп акылсыздык кыла кыйынсынган, бирок Аллах ага ачкачылык бергенде гана, өзүнүн алсыздыгын кабыл кылган экен.
Бул себептен улам эркти тарбиялоодо ачкачылыкты баштан кечирүүдөн башка таасирдүү нерсе жок.
Эрк болсо – табигый жана напсилик каалоолорго каршы туруштук берүүнүн негизги шарттарынын бири.
Азирети Мавляна (куддиса сиррух) бул тууралуу мындай дейт:
«Адамдын чыныгы азыгы – Алланын нуру. Денени ашыкча азыктандырыш туура эмес. Адамдын негизги азыгы – Алланы сүйүү. Адамдар негизги рухий азыгын унутуп, дене азыгына берилип кеткени үчүн бактысыдыкка дуушар болуп, ач көз болуп калат.
Ачкөздyгy себептүү жүзү кубарып, муунбашы калчылдап, жүрөгү тyрс-тyрс согот. Жер бетинин азыгы кайда да, түбөлүктүүлүктүн азыгы кайда?
Аллах шейиттер үчүн «Азыктанышты» — дейт. Ошол руханий азык үчүн ооздун да, дененин да кереги жок.»
Азирети Лукман уулуна минтип насаат кылчу:
«Курсагың тойсо, ой-пикириң уктап калат. Акылмандык токтоп, дене мүчөлөрү ибадатка ыкшоо тартып калат.»…
Бир олуя минтип айтчу экен: «Түрлүү-түрлүү тамактар менен курсагын толтурган захидден Аллага калкаланам!»…
Айша (Аллах андан ыраазы болсун): «Мелекут (рухтардын жана периштелердин ааламын) эшигин ачканга аракет кылгыла!» — дечy.
Андан:
— Эмне менен? – деп сурашат. Момундардын энеси минтип жооп берет:
— Ачкалык жана чаңкоо менен.
Аллах досу Махмуд Сами Рамазаноглу «Мукаррам инсан» аттуу китебинде аз тамактануу жана ачкачылыктын абдан маанилyy экенин төмөнкyчө баяндаит: Табыптардан:
— Дарынын эң жакшысы кайсы? Даанышмандардан:
— Ибадатка көбүрөөк шыктандырган нерсе эмне?
Захиддерден:
— Аллага берилгендикти көбүрөөк толуктаган нерсе эмне?
Аалымдардан:
— Илимди окушта эң таасирдүү нерсе эмне? Амирлерден:
Эң даамдуу тамак эмне? – деп сурашса, баары тең:
— Аз тамактануу! — деп жооп беришкен экен. Анткени аз жеште, айрыкча ачкалык менен орозодо он жакшы нерсе бар:
1⃣ Ачкалыкта жүрөк таза, эстутум күчтүү болот; ал эми токтукта болсо акмактык, унутчаактык көбүрөөк болот.
2⃣Ачкалыкта жүрөк сергек болот; дуба жана ибадаттардан береке-лаззат алса болот. Токтукта болсо жүрөк катуу болот да ибадаттан лаззат пайда болбой калат.
3⃣ Ачкалыкта көңүл жумшак, кичи пейил; токтукта болсо текеберлик, менменсинүү жана мактаныч көбүрөөк болот.
4⃣Ачкалыкта кедефлер жана карды ачтар эске келет. Токтукта алар эске келбейт, унутулат.
5⃣Ачкалыкта напсилик арзуулар ооздукталат. Токтукта болсо нафси аммара (жамандыкты катуу буюрган напси) күчтөнүп-күүлөнөт.
6⃣ Ачкалыкта дене сергек болот. Токтукта болсо ыкшоо тартып, кайдыгерлик басат.
7⃣. Ачкалыкта ибадат кылууну улантуу жеңил. Токтукта жалкоолук, ныксыроо болот.
8⃣Ачкалыкта ден-соолук чың болот, ооруу жоюлат. Токтукта болсо дене чарчап, ооруйт.
9⃣ Ачкалыкта дене куштай жеңил болот. Токтукта болсо оордук, бошоңкулук болот.
?Ачкалыкта кайыр-садага берyy каалоосу пайда болот. Бул болсо пендени кыямат күнүнүн коркунучтуу ысыгында серүүн көлөкөгө ээ кылат.Токтукта болсо сараңдык, ысырапкордук пайда болуп, пендени жексен кылат. Башкача айтканда, токтук напсилик арзууларды ойготуп козгосо, ачкалык жандyйнөнүн жөндөмдөрүн күчтөндүрөт.
Жыйнтыктап айтканда, орозонун жогоруда айтылган бардык пайдаларын камтыган таризде төмөнкүдөй хадис аитылган:
«Орозо кармагыла, ден-соолукта болгула.» (Табарании)
Ачкалык аркылуу жеткен материалдык-рухий соолук менен жакшылыктарга ишаарат кылган эң күчтүү далил – Аллах Тааланын улуу пайгамбарларына колдонгон кынтыксыздыкка жеткизүүчү методдордун ичинде орозого бөтөнчө көңүл бурушу. Арийне, пайгамбарлар пайгамбарлыктын берекесин орозо кармоо менен башташкан, кемелдиктин туу чокусуна жеткен соң белгилүү мөөнөткө адамзат ааламынан алыстап, бөтөнчө шык-жөндөмдөргө ээ болушкан. Ушинтип жан-дүйнөлөрү, сезимдери вахийге толуп ашкан.
Бул жолдо: Сина тоосунун эң барктуу пайгамбары Азирети Муса алейхиссалам Тоорат келип түшкүчө кырк күн, кырк түн ачка жана суусуз калган. Сайр тоосунун ыйык пайгамбары Азирети Иса алейхиссалам да Инжилден алгачкы сөздү укканга чейин кырк күн, кырк түн эч нерсе жеп-ичкен эмес.
Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) дагы Куран түшөрдөн мурда толук бир ай Меккеге жакын Хира үңкүрүндө жалгыз калып, түрдүү ибадаттарды кылган. Акыры Жабраиил периштенин үнү аркылуу Алланын берекелүү нуру жан-дүйнөсүнө толо баштаган. Бул чындыктар орозонун чыныгы максаты жана пайдасы руханий экенин көрсөтөт. Андыктан орозо ибадат катары бир гана ошол максатта кармалышы керек. Анын материалдык пайдалары максат кылынса, орозо ибадат болуудан чыгып калат. Тактап айтсак, орозо кармаганда диета кармоону, арыктоону максат кылбашыбыз керек. Мындай түрдөгү орозолордо Алланын ыраазылыгы болушу мyмкyн эмес.
Дене кыймылдарынын пайдасын көздөп, же кайдыгер, ыкшоо тарткан жүрөк менен окулган намаздар да ушундай. Ибадаттар бир гана Алланын ыраазылыгына ээ болууну максат кылуу менен аткарылат. Бул максаттын ишке ашышы үчүн жүрөктүн жогорку деңгээлге чыгышы, чийкиликтен кутулуп, бышып жетилиши зарыл. Ыйык Рамазанда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) берген сунуштарынын ичинен кээ бир негиздерге көңйл буруш керек:
А. Шахадат келмеси;
Б. Тообо жана зикир;
В. Беиишке ээ болуш үчүн көбүрөөк салих амал кылуу;
Г. Тозоктун отунан кутулуш үчүн арамдан, макирөөдөн сактануу;
Д. Мүмкүнчүлүккө жараша көбүрөөк садага-кайрымдуулук кылуу, жүрөгү муңдуу кишилердин батасын алуу;
Ж. Орозо туткандарга иптардык тамак берүү ж.б…..
Жараткан Аллах бул дүйнөлүк жашоону биз үчүн Ыйык Рамазан кылып, кыямат таңын бизге чыныгы майрам таңы кылсын!