Апаке, бизди таштап, көзүбүздү жашка толтуруп кайда кеттиңиз?! Сиз көмүлгөнүңүздө бизге төгүлүп туруучу мээрим кошо көмүлдү.
Сизден айрылганыбыздан кийин жакшы сөз, жагымдуу эркелетуу, таза кийим, таттуу даамдан да айрылдык. Көйнөгүмдүн кичине жери кирдеп калса, дароо башкасын кийгизет элеңиз, ал эми азыр болсо көйнөгүмдүн кирдигинен курдаштарымдын шылдынына айлангам. Айла жок, өзүм кир жууганды үйрөндүм. Сизден кийин үйүбүзгө башка бир аял келди. Кичинекей уулу бар экен. Келген күнүнүн эртеси сиз сүйүп остуруучу карападагы гүлдөрдү алып чыгып, акыр чикир ташталуучу жерге ыргытты.
– Эже, бул гүлдөргө апам ар куну суу куят эле. Апакем бул гүлдөрдү аябай жакшы көрүүчү. Акыр чикирге ыргытпаңыз, – дедим.
-Апакен жакшы көрсө, мен жаман көрөм, түшүндүнбү? Бул үйдүн ээси апан эмес, менмин – деди.
Атама карадым. Атам жүзүн алып качты. Эртеси карасам, сиздин жакшы көргөн көйнөгүнүздү алып тепшиге салды. Апам кирди бул тепшиде жуучу эмес эле, – деп айтуудан корктум. Эмне кылат экен деп күттүм. Тепшиге суу толтуруп карындашыма берди.
– Фатима! Бул чүпүрөктү алып, ашкананын полун жууп чык, – деп буюрду.
– Бул чүпүрөк эмес, апакемдин көйнөгү. Фатима пол жуушту билбейт, ал али кичине, полду мен жууймун, – дедим.
– Болду жубармек, көп сүйлөбө! Сага болсо башка иш бар. Апандын көйнөгу пол жуугандан башка эч нерсеге жарабайт – деди. Сууга батырып-батырып Фатиманын алдына таштады.
– Тезирээк бол, антпесен кечеги таяктан дагы жейсин – деди. Кийин билсем кечээ Фатиманы аябай уруптур. Фатима аябай коркок болуп калган. Өлгөнүнүздөн бери эч бир күлө элек. Өлгөнүңүздөн бери анын чачын кимдир бирөө жакшыраак жууганын билбейм. Фатима ашкананын полун жуушту баштады. Мен короо шыпырууга кириштим. Тирүү кезиңизде сизге жардам бербегенимди ойлоп, жүрөгүм эзилип кетти. Эшик ачылып, атам кирип келди. Колунда сумка бар эле. Алиги аял ырсайып келип, колундагы сумкасын алды. Сиз отуруучу бөлмөгө кирип кетишти. Сизден кийин ал уйгө биз кирбедик. Фатиманын кроватында алиги катындын баласы жатат. Фатима болсо мени менен. Бир аз убакыттан кийин уй ичинен күлкүнүн үндөрү угулду. Узак күлкүдөн кийин баягы катындын уулу сыртка чыкты. Бир колунда балмуздак, экинчи колунда печенье. Фатимага карадым. Эңкейип пол жууп жатыптыр. Сиз ар дайым: “Мына муну жеп алсан, балбан болосун”, деп оокат жедирүэлеңиз. Азыр Фатима экөөбүз бөлөк отурабыз. Атам жаңы катын жана уулу өзүнчө отурушат. Апаке, качан кайтасыз?! Апажан, качан бизди алып кетесиз?!
Эх, жашоо мынча ачуусуң, жаш наристелердин көз жашы, алардын кордолгону, аларда эмне күнөө деп ичтен кейип кала бересиң. . .
“Атасыз жетим -жетим эмес, Энесиз жетим чыныгы жетим “деп бекеринен айтылбаптыр.
Сөзүмдүн аягында өгөй энелерге кайрылат элем.
Силер да энесиңер го башканын баласын болуп калганында эмне айып, силердин деле жүрөгүңөр бар го, эмне үчүн жүрөгүңөр ташка айланып, мээримиңер муздай тоңуп калган, алар байкуштар апасынан айрылганы аз келгенсип, силердин азабыңар, аларга кайра бооруңар оорубайбы көп болбосо да бир аз көңүл буруп мээримиңди төгүп койсоң жакшы болмок.
А аталарчы эмге үчүн балдарыңды коргобойсуң, сенде эмне бир аз болсо да аталык мээримиң жокпу, аялыңдан бадарыңды экинчи орунга койосуң, кантип чыдап турасың алар сенин балдарың го. . . .
Эмне демекчимин эгер билсеңиз жетимдин көз жашы акса Аллахтын аршы титирейт. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) айтка: ” Кимде ким жетимдин башын сыласа бейишке кирет, ал эми кимде ким жетимдин кеп лдигин мойнуна алса ал мени менен бейиште сөмөйлөрүн көрсөтүп ушундай аралыкта жакын болот “деген.
Эй, Өгөй энелер! Жетимдерди кыйнап кордосоңор, бир күн келет Аллах алдында жооп бересиңер! Аларды кыйнап тозоко отун болгуча, аларды сыйлап бейишке аттан! Бул жагын тандоо өзүңдөн, акыреттин бар экенин унутпа!. . . .
//
The post Апакем сени сагындым!. . . appeared first on FORMULA.KG.
October 15, 2015 at 06:31AM