Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…
Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…
Анын жообу мындай болду:
Ата — бул, сен кичинекейиңде…
Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…
Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…
Анын костюмун кийип, өзүңдүү олуттуу, сүрдүү сезесиң…
Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…
Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…
Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…
Ата – бул, сен чоңойгондо…
Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…
Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…
Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…
Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…
Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…
Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң, анткени сенин боюң эми андан узун…
Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө, ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…
Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…
Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…
Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…
Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…
Ата деген мына ушундай…
Ата деген ким?
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз