Бүгүн, 25-апрелде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин маалымат кызматы аркылуу Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга алып чыкты.
Анда “Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерге тыюу салынат”, — деп жазылат.
Ошондой эле бул мыйзамды бузгандар админисративдик жазага тартылары жазылат мыйзам долбоорунда.
Аны менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргызстанга диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.
Эми кантесинер бул дааваттын себебинен канча адам онолду канча кыз бузукулуктан токтоду. мындай салыштырып карабайсынарбы озунор кудайдан бир да коркпойсунар анан элди да бузукулука жетелейсинерби. Же мунун артында да башка максатынар барбы. Буткул республиканы кыдырып карапайым элден сураштырбайсынарбы же он жыйырма атеистерди бетинерге кармап алып эле жасап жатасынарбы кимге зыяны тийип атыптыр. Анан жылда дааватка чыгыш керек ыйманга мээнет кылып. Эмне кылат же подполяга кетирип анан радикализм анан терористке чыгарасынарбы дааватчыларда кандайдыр денгээлде ыйманга динге мээнет кылыш керек да. Ойлонгула!!!ойлонгула??? тыйып койуу абалдан чыгуу эмес. Мен дааватка чыгып жашоом онолгон жана мендейлер толтура… Терен ой жугурпой атыпсынар.
каныбек иманалиевге аллахым туура жол ыйма н хидаят берсин тушунбой атат бул депутат туугандары барбы намаз окуган эскертип койгула кыргызга душман болбосун 12 жыл мурун мен дааватка чыгып онолдум