alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарТарбия

Муфтий Суицид Тууралуу Ата-Энелерге Кайрылуу Жасады

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жаштардын арасындагы суицид боюнча ата-энелерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев 3-февраль  улуу жума күнү Бишкек шаарындагы борбордук мечитте акыркы убактардагы жаштардын арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү (суицид) күчөп бара жаткандыгын айтып, бул жаатта ата-энелер балдарга ыйман, адепти үйрөтүү менен туура тарбия, туура багыт берип, балага көңүл буруш керек экендигин баса белгиледи.

“Алла Таала Куранда: “Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдүн жаныңарды жана үй-бүлөңөрдүн жанын тозоктун отунан сактагыла”-деп айткан. Андыктан балдарга дин таалимин, ыймандуулукту үйрөтүшүбүз маанилүү. Жан, өмүр Алланын улуу нематы болуп саналат. Андыктан өзүбүздүн жаныбызды кадырлашыбыз керек”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Ошондой эле Азирети Муфтий бул көйгөйдү олуттуу кароого чакырып, жаш муундарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, аларга жакындан көңүл буруш керек экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда суицидге барган жаш өспүрүмдөрдүн саны жыл башынан бери 15ке жетти. Анын үчөө кыздар. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда эки эсе көп.

Кубаныч  Жусупбеков

Булак: «Заман»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button