Сасык тумоо (грипп), курч респиратордук ооруларды (ОРЗ), мурун, тамак, көкүрөк, дем алуучу органдардын шамалдашы (тонзилит, фарингит, ларингит, трахеит, бронхит) жана өпкөнүн сезгенишинин (пневмония)) дарылоо:
▪️Куран менен дем салынган сууга кайнак суу аралаштырып, ооз күйбөй турган даражага келтирип (жылуудан ысыгырак, кайнакка жакын) суу ичүү.
2 литрден 4 литрге чейин + лимон, бал аралаштырып ичилет.
▪️Кийик от, ит мурун, сыяктуу чөп чайлар, кант (шекер) кошулбаган шербеттер (компоттор).
▪️15-20 тамчы 3%
3%-түү суу тетиктин кычкылы (перекись водорода) + 50 мл. сууга аралаштырып, аны менен мурун тетиктерин каңшарга чейин жана оозду алкымга чейин чайкап (гаргара) кылуу.
1 күндө 5-6 жолу.
❗Суу тетиктин аралашмасы жабылган идиште сакталышы зарыл, ачык калса учуп кетет!
10-15 мүнөттөн кийин:
▪️Кыст-альхиндини 1 чай кашыктан 0,2 литр (1 стакан) кайнак сууга аралаштырып оозду алкымга чейин чайкоо (гаргара).
▪️1 аш кашык туз + 100 мл.суу (0,5 стакан) = аралашма — намакап) тахарат алган мурунга тартып жана оозду «гаргара» чайкоо
10-15 мүнөттөн кийин
▪️Мурун тетиктеринин ичине кара седана (черный тмин) жана зайтун (оливковый) майларын
/1:1 көлөмүндө/ мурунга (каңылжарга жеткенге чейин) тамчылатуу, кийин
▪️ алкымга имбирь күкүмүн (порошок) үйлөп туруу.
1 күндө 5-6 жолу.
▪️Кыст-альхинди деген күкүмүн (же жыгачын) түтөтүп, түтүнүн ооз-мурунга тартуу.
▪️Кыст-альхинди күкүмүн же капсуласы түрүндө суу менен ичүү.
1 күндө: 1 чай кашыктан же 2 капс./5 маал
▪️Кара седана күкүмүн:
1 күндө: 1 чай кашыктан же 2 капс./5 маал.
▪️Төшөктө жаткан (постельный режим) оорулуу аппетит болбогон учурда тамактануудан сактануу жана жалаң суюктук (суу жана шире, шербет (кантсыз болуу зарыл) ичүү менен чектелүү.
▪️ Өпкө гимнастикасы (дыхательная гимнастика)
Ич менен дем алуу гимнастикасы (брюшное дыхание).
1 күндө 15-30 мүнөттөн/5-6 жолу.
Мында адам стулда же жерде молдош токунуп, көкүрөгүн жана далыларын кыймылдатпай отурат,
п1. — оболу ичиндеги абаны
акырындык
менен, тишинин арасынан чыгарып, ичин бошотот. Бул абалда адамдын курсагы ичине тартылып кетет (көкүрөгү, далылары кыймылдатпашы зарыл!).
п2. — Анан тишинин арасы менен сырттагы абаны – ичи томпоюп чыкканга чейин шимирет (акырында дарбыз жутуп алганга окшоп калат).
Түшүндүрмө:
Ич менен дем алуу адаттагы дем алуунун тескериси десек да болот. Анткени, адаттагы дем алууда дем тартуу менен адамдын көкүрөгү ичи шишип чыгат. «Брюшное дыхание»де мунун тескериси болот.
▪️
— кызылмээ (солодка) тамырынан (корень солодки) же
-«алтей» же
— «мать-и-мачеха» + «бака жалбырак» (подорожник) чөбүнөн (даарыканаларда сатылат)
кайнатма даярдап
күн сайын 0,5 стакан 3-4 маал ичүү.
— исламий дүкөндөндөрдө сатыла турган «Рахык» аралашмасын:
1 күндө: 1 чай кашыктан /3 маал.
— кара түрптүн (черная редька) артын кесип, ичин оюп, аны бал менен толтуруп, андан кийин учун кесип стакан үстүнө коюлат, тамып чыккан ширесин 1 күндө: 1 аш кашыктан /3 маал.
— 1 чай кашык хельба уругун + 1 стакан суу + 0.5 стакан сүт = 5 мүнөт кайнатма ичилет (хельбанын уругун жеш керек).
▪️Дененин температурасын (ысытмасын) + 38,5°С ден жогорулап кетишине жол бербөө. Бул үчүн дайым муздак сууга матырылган сүлгү менен сүртүп туруш же муздак душ кабыл алуу же 1-2 мүнөт муздак ваннага түшүү керек болот. Кийинки эки ыкмада денени кургак сүлгү менен сүртүү жарабайт. Дене кургандан кийин, жылуу оронуп жатуу.
▪️Анардын күкүмү (порошок из гранатовых корок)
1 күндө: 1 чай кашык/3 маал же анардын ширесин
1 күндө: 150 мл./2 жолу
◼️Жүзүм мөмө же меис 10-15 даана 1 күндө
◼️Ветом (ветер.аптека сатылат), 1 чай кашык шимип жутуу, ачкарын, 30 мүнөт суу ичпеш керек. 1 күндө 3 маал 10 күн
▪️Хиджама
▪️Сүлүк
коюу жолу менен кан алдыруу.
! Хиджама дагы, сүлүк дагы канды суйултат.
❗️Балдарды дарылоодо дары-чөптөрдүн 2-3 эсе аз колдонулат
Ислам жана алдын алуу медицинасынын жана табигый дарылоо боюнча адис-врач (доктор-натуропат):
Гульнара Зуфар.