Салтыбызга ылайык, эки жаш баш кошкондо калайык-калкты чакырып ак батасын алуу үчүн той өткөрүлөт. Бул көрүнүш динибизге каршы келбейт. Тескерисинче бул эки жаштын бири-бирине адал болгондугун билдирип, алардын кол кармашып көчөдө бара жатканын көргөндөр жаман ойлобошу үчүн никени элге жарыя кылуу болуп саналат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
«Никени жарыя кылгыла, аны (элге ачык болгон) мечиттерде өткөргүлө…» – деп айткан.
Башка бир хадисте белгилүү сахаба Абдурахман бин Ауфтын (р.а.) үйлөнгөнүн укканда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага:
«Бир кой союп болсо да той ашын бер (элди чакырып жарыя кыл)», – деп айткан.
Ар бир нерсенин адеби болот демекчи, той өткөрүүдө ысырапкорчулук кылбастан, чоң суммада карыз алып кыйналбастан, мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүү абзел. Анткени ысырап кылуучуларды Аллах Таала жактырбайт. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:
«Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт» (Арааф сүрөсү 31-аят).
«Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору…» (Исра сүрөсү 27-аят).
Азыркы учурда өткөрүлүп жаткан кээ бир тойлордо салтыбызга, динибизге дал келбеген көрүнүштөр коштолуп жатат. Ал жерде ысырапкорчулук, карыз алуу, бири-бирин шылдыңдоо, ичкилик жана болбогон уятсыз кылык-жоруктар орун алып, жакшылыгына караганда жамандыгы басымдуулук кылып жаткандай. Эң өкүнүчтүүсү, элден ак бата алайын деп чакырсаңыз, алар арам болгон жинди сууну ичип, бутта тура албай кала турган абалга келип да калышат.
Айтор, тойдон кийин да тон керек деп бекеринен айтылбаса керек. Кашыктап чогулткан байлыгын челектеп чачып, жаштардын келечегине балта чаап жаткан жокпузбу. Анткени эртең эле тойдогу карыздарды төлөө үчүн эки жаш чет өлкөгө жумуш издеп жөнөшөт. Ал жакта кой деген кожо жок өздөрүнчө болбогон нерсеге ызы-чуу чыгарып, ортолорунда көптөгөн түшүнбөстүктөр жаралат.