Бүгүн, 17-сентябрда саат 11:30да кыргыз чек арачылары Достук айылын миномет менен аткылап жаткан тажик аскерлеринин аракетин токтотту.
Чек ара кызматы билдиргендей, тажик тарап саат 12:30дан 12:35ке чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы позицияларына ок чыгарган. Учурда ал жактагы ок атышуу токтоду.
«Ошондой эле тажик тарап буга чейинки макулдашууну бузуп, саат 12:37де Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Кара-Мык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачыларды миномет жана артиллерия менен аткылады. Кыргыз чек арачылары аларга жооп кайтарды, бирок абалды курчутпоо максатында кыргыз аскерлери биринчи болуп ок атууну токтотту», — деп билдирди Чек ара кызматы.
Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү күтүлүп жатат.