Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө “ФЕТОго” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) тиешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.
“ФЕТО (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) иш алып барган өлкөлөрдө, Түркия менен ал өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган “Манас” университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат”, — деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусу жөнүндө “эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады” деп гана маалымдаган.
31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” деген семинар өткөн. Активист Гүлжигит Исаков бул иш-чара боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) университетке чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда сүйлөгөн түрк элчиси АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан. Кыргызстандын ТИМи бул семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирген.
Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган.
Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет