Ош облусунун Ноокат районундагы имамдарга КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында аткарылган иштер боюнча бир айлык отчёттук жыйын өттү. Райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев түшүндүрүү иштерин бир ай бою күчөтүлгөн режимде жүргүзгөн имам жана имам-хатибдерге ыраазычылык билдирди.
«Динибиздеги жактырылбаган ысырапкорчулук жана ыксыз чыгымдардын кесепети белгилүү. Өзгөчө социалдык-экономикалык жана нравалык жактан залалы тиет. Ансыз да туура көрүлбөгөн маселенин сөөк чыккан үйдө болуп жатышы кейиштүү көрүнүш болчу. Буюрса, ушул нерсе токтойт», – деп билдирди Музаффар ажы Турдубаев.
Жыйындын соңунда кар кете баштаган тоолуу айылдардагы мечиттердин айланаларында ишембиликтерди уюштуруу тапшырмасы берилди.
Your article helped me a lot, is there any more related content? Thanks!
Thank you for your sharing. I am worried that I lack creative ideas. It is your article that makes me full of hope. Thank you. But, I have a question, can you help me?