Талас облусунда «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсу «Имам Азам» жана «Чет тилдер» кыздар медресесинде уюштурулуп, жалпысынан 75 жаран катышты. Облус казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу конкурстун эрежелерин түшүндүрүп берип, жоопторду белгилөөдө шашылбоого чакырды.
Ал эми Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, китепти конкурс учурунда гана эмес, дайыма окуп туруу инсанга азык алып келе тургандыгын баса белгиледи.
«Мырзалар үчүн «Имам Азам» медресесинде уюштурулуп, 3 китептен 25 жаран катышты. Ал эми айымдар үчүн «Чет тилдер» кыздар медресесинде өттү. 50 айым катышты. Катышуучуларга бардык шарттарды түзүп бердик»,-деди облус казысы.