Бүгүн, 24-сентябрда Жалал-Абад областук адмнистрациясынын жыйындар залында областун мусулмандар казыятынын колдоосу менен Иордания мамлекетинин Амман шаарында жайгашкан Бүткүл Дүйнөлүк ислам илимдер университетинин «Ханафий, фыкх» факултетинин бүтүрүүчүлөрүнүн окуу семинары өткөрүлдү.
Семинарга аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү М. Сардыбаева, М. Сулайман кызы жана Б. Бусурманкуловалар шаардагы кыз-келиндерге «Диндеги аялдын бактылуулугу», «Күйөөгө баш ийүү» жана «Бала тарбиялоо» темалары боюнча лекция окуп беришти.
Бүтүрүүчүлөр ислам дининин жайылуусуна кошкон салымдары үчүн Жалал-Абад областук мусулмандарынын казысы Нематила ажы Жээнбеков казыяттын атынан ыраазычылык барактарын тапшырды.