20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аймакты сел каптап, жергиликтүү тургундардын турак жыйын жараксыз абалга алып келген. Бүгүн, 23-иблда Сузак районунун баш имам хатиби Исмаилов Жунус жеринде кабар алып, жабыр тарткан эл менен жолугушту.
Аталган айылда 500дөй уйдү суу каптап, короолорун жараксыз абалга алып келген.
Ошондой эле селден 5 жашар кызынан айрылган үй-бүлөгө барып көңүл айтып, Куран окуп ата-энесине сабырдуу болууга чакырды.
Ушул тапта Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулган штабка курмандык эттерден тапшырып, элге, мамлекетке тынчтык-аманчылык тилеп, дуба кылды.