Бүгүн, 20-июлда Талас шаарынын борбордук «Ал Ал Байт» мечитинде санитардык талапты сактоо менен Курман айт намазы окулду.
Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы элди ынтымак биримдикке, тазалыкка жана азыркы кырдаалга карата санитардык талаптарын сактап элди эмдөөгө чакырды.
Андан соң 7:25 Талас шаарын мэри Аскар Шабданов элди курман айт майрамы менен куттуктоо сөзүн айтып, саат 7:30да айт намазы окулду.