Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Аль-Фаарук» мечитинин жанына имам хатиб Нурлан ажы Сапиевдин демилгеси менен Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду.
Анын ачылышына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, элди Куран окууну үйрөнүүгө жана жаштардын адеп-ахлагына көңүл бурууга чакырды.
«Бала тарбиясына кайдыгер болбогула. Жаштардын адеп-ахлагын эң мыкты деңгээлге чыгаруу үчүн Куран окууну жана ага амал кылууну үйрөтүү зарыл. Анткени эң мыкты кулк-мүнөз ээси болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Куранды өз жашоосунда көрсөтүп кеткен», -деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.