Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жана түштүк аймактагы облус казылары менен Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элден кабар алышты.
Жергиликтүү тургундардын ал абалын жеринде таанышуу үчүн Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев алгач Баткен шаарындагы чек ара чырынан коопсуз жайга көчүрүрүлгөн эл менен жолугушту.
Алар Баткен шаарындагы В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров атындагы мектептерде жана №53 кесиптик лицейине жайгаштырылган. Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу, казылар менен биргеликте мекендештерибизди ынтымакка, сабырдуулукка жана дуа кылып, Алла Тааладан жакшылык тилек кылууга чакырды.
Муну менен катар чек ара чырынан жабыркаган тургундарга КМДБнын атынан 350 миң сом акчалай жана азык-түлүк түрүндөгү жардам көрсөтүшүп, маркумдарга багыштап Куран окушту.