Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаар тургундарына кайрылып:
“Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынды.- деди.
Андан сырткары айрым чектөөлөр жөнүндө айтып, мусулмандарды сабырдуу болууга үндөдү:
Ыйык айда быйыл дагы да көбүрөөк сабырдуу болууга чакырабыз. Конок чакырып, үйгө эл чогултуу жана массалык намаз окуу өткөрүү болбойт”