alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Коронавирустан каза болгон учурда сөөктү жерге берүү эрежелери кандай?

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынан каза болгондорду коопсуз жерге берүүнүн эрежесин иштеп чыкты.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду жерге берүүдө калктын мусулман бөлүгүнүн каада-салттарын эске алуу менен бирге акыркы сапарга узатууну уюштуруу боюнча сунуштарын министрлик менен макулдашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий маалыматына таянсак, коронавирус жугуштуу оорусунан каза болгон адамдын жансыз денеси айланадагыларга коркунуч алып келбейт, бирок белгиленген талаптарды сакташ керектиги айтылат.

Кокус жугуштуу оорудан адам каза тапса, санитардык дарыгердин жазып бергенин кынтыксыз аткаруу керек. Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, карантиндин талабына ылайык беткап жана кол кап кийүүсү шарт.

Ал эми Муфтият тажияны уюштурууда тар чөйрөдө гана туугандардын катышуусун сунуштайт.

Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдө абал оорлошуп бара жатканын жана көп өлкөлөрдө коронавирустан улам адамдар өлүп жатканын белгиледи. Коронавирус инфекциясы чума, сибирь жарасы, күйдүргү сымал өтө коркунучтуу инфекцияга кирбей турганын эскертет.

Бул да кызыктуу

2 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button