alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

МЕН БУЛ КӨЗ КАРАШТАРДЫ ЭЧ КАЧАН УНУТАЛБАЙМ..

МЕН БУЛ КӨЗ КАРАШТАРДЫ ЭЧ КАЧАН УНУТАЛБАЙМ..

«Мен ушул күнгө чейин адамдардын ичин оодарып операция жасап хирургия бөлүмүндө иштеп келсем да мынчалык кыйын, кайгылуу учурду бир да учураткан эмес экенмин. Бул оорунун чыкканын, Кытай элинде болуп жатканына анча деле маани бербей грип сыяктуу эле кабыл алганбыз. «Башыңа келсе жаранын ачуу экенин билесиң » дегендей бул оорунун олтутту, коркунучтуу экенин качан башыбызга келгенде билдик. Башында бир күндө беш, он адам келип жатса тез аранын ичинде эле жүздөн ашып жетишпей кеттик. Канчалык өзүбүздү коргоп, бет каптар менен иш алып барсакта жугузуп алып жаттык. Мага да жугуп дене табым көтөрүлүп, алсызданып бардык денем ооруксунуп өзүмдү жаман, сезе баштадым. Ооруканада жай жок качан дем жетишпей калган гана ооруларды жаткызып жатышты. Өзүм үйдө эле укол сайып, дарыларды ичип дене табымды түшүрүп жаттым. Бирок үйдөгүлөргө да жугузуп күйөөм да, балам да ооруп калды. Күйөөмө канча дарыласак да дене табын түшүрө албадык. Жаш балдар имунитети күчтүү болгондуктан балам тез жакшы болуп калды. Күндөн — күнгө ооруканага ооруну жугузгандар батпай, өлөгөндөр көбөйдү. Ошондо гана бул оорунун чыныгы өлүмдүн бычагы экенине көзүбүз жетти. Биздин милдет кандай кырдал болбосун барына даяр болуп, өзүбүз оорусак да жатып албай башкаларга жардам берүү. Арабызда врачтарда ооруп өткөнү өтүп, имунитети күчтүүлөр айыгып кайра ишин улантып жатты. Мени ушу күнгө чейин көзүмдөн жаш чыгып ыйлаган эмес элем. Жашы улгайган, орто жаш курактагылардын имунитетити алсыз болгондуктан дене таптын жогору болуусун көтөрө албай, көз алдымда жан берип жаткан алсыз көз караштары жан дүйнөмдү жаралап жүрөгүмдү эзип жатты. Эң өкүнүчтүүсү качаан гана жакындарыбызды жоготуп, сезип, түшүнгөнүбүздө баары кеч эле. Биздин эң эле катачылыгыбыз, адашканыбыз бул ооруну тоотпостон, өкмөт тарабынан айтылган, эскертүүлөргө баш ийбей, кайдыгерлик кылганыбыздын кесепетинен кайгылуу күндүн курмандыгына туш болдук …

Ооба бул деген оорудан Кытайдан кийин эле Италия өлкөсүндө 13000 жаранын жоготкон, бир күндө эле 700 дөй инсандарынан айрылган Италия ооруканасынын медайымынын азыркы күндө болуп жаткан окуясы эле..

Ошон үчүн кел бир тууганым! Биз да ушундай абалга кабылып калбоо үчүн, өзүм билемдик кылбайлы. Эч нерсе болбойт Кудай өзү сактайт деген караңгылык, түркөйлүктөн алыс бололуу. Сактанганды Кудай сактаптыр дейт. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз ( саллаллооху алейхи васаллам) дын өз доорунда айтып өткөн осуятына көңүл буралы. » Эгер жугуштуу оору аймагында болсоңор ал жерден чыкпагыла, башка жакта болсоңор кирбегиле » , » Өзүңөрдү Кудайга тапшырганда биринчи бош болгон төөңөрдү байлап, андан кийин тообекел кылгыла » деген. Ошон үчүн жогоруку жактын койгон талабына, эрежелерине, эскертүүлөрүнө баш ийип, кайдыгерлик кылбайлы. Биздин келечегибиз, ден — соолугубуз, үй — бүлөбүздүн саламаттыгы, амандыгы ар бирибиздин колубузда. Биз оорудан эмес , өзүбүз кайдыгерлик, шалаакылыктан башкаларга вирус болуп калуудан корколу…

🧕Насиба Абдуллаева.
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202

📲+996 700 334 493

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button