alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТаасирдүү окуялар

☝ МЫНА, ОШОЛ — АЛЛА!

☝ МЫНА, ОШОЛ - АЛЛА!

✍ Бир адам имам Жафар ас-Садыктан Алла жөнүндө жайлуу сураганда ал:
-Сен деңизде сүзүп көрдүң беле?-дейт.

-Ооба, деп жооп берет баягы адам.

-Ошондо катуу шамалда калып көрдүң беле?

-Ооба.

-Ошол убакытта сен денизчилер же болбосо башка бирөөлөр куткарып алар деген ойдон үмүтүңдү үздүңбү? Ошол кезде алардан тышкары башка бирөөнүн сени келип куткаруусу оюңа келдиби?-дейт.

-Ооба,-дейт.
Ошондо имам Жафар:. Мына, ошол-Алла,-деген экен.

Чындыгында да,
«Жай күндө ана дейбиз, мына дейбиз, кысылып, жан кыйналса, Кудай дейбиз», — демекчи, баарыбыздын да башыбызга кыйын иш түшкөндө адамдардан бөлөк Кудуреттүү бир Күчкө ишенерибиз анык…

Эгерде башыңа бир мусибайт түшсө, кайгыга батып, башыңа балээ келсе биринчи жалбыраганың “Оо,Ааллах! ” деген сөз болот…

Эгерде кайрылган эшиктерңидин бардыгы жабык болсо, сурагандарын алдында пардалар тосук болсо,
анда жалынып сураганганың “Оо,Аллах! ” деген сөз болот…

Эгерде баштаган ишиңде ийгиликке жетүүгө айла -амал калбаса,
жолдоруңдун баары тарыса,үмүттөр түгөнсө,
байланыштар үзүлсө жолун табуу үчүн суранганың “Оо,Аллах! “деген сөз болот..

Эгерде жер жүзү сен үчүн тар болуп сыгылып, жаның жаныңа батпай кыйналсаң дароо “Оо Аллах! деген сөз болот…

Эң кызыгы, бул чындык Куранда мындай сүрөттөлгөн экен:
Ал ушундай Алла, «Силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллахка жалбара башташат: «Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз»( — дешет). («Йунус» сүрөөсү, 22-аят).

🧕Даярдаган: Алина Муслима

Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 555 401 133

📲+996 778 503 695

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button