alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТурмуш таалимдери

АПАМ ЧАЛДЫ БҮГҮН…

АПАМ ЧАЛДЫ БҮГҮН...

– Көптөн бери чалбай калдыӊ,- деди апам телефондун артынан деми менен камкордугу, тынчсыздануусу, таарынуусу аралашып.
– Кечке чала берсем баркым кетет экен, кичине баа- баркымды көтөрөйүн дегем,- дедим кара күчкө тамаша чыгарып.
– Алдыӊа кетип калайын, баркыӊ биз үчүн жакшы эле, жоголбочу,- деди апам… Кыз бала дегениӊ атаӊ тааныбаган бөлөк үйдүн түйшүгү менен алек болуп жүрүп, эӊ жакын адамдарга конок болуп калат тура.
Өмүрүӊ, көӊүлүӊ, жылдарыӊ, айларыӊ биригип курман болуп жаткан бул жашоонун бетиндеги барксыз кадамдарыбызды карап олтуруп, али апамдын жүрөгүндө бекем сакталган баркымды эстеп, кичине бошошуп кеттим. Эне менен кыздын ортосундагы бул байланышты эч нерсе толуктай албайт. Кыз менен эне түшүнгөн чындык дээрлик аталар үчүн белгисиз.
Эне кызын турмушка узаткан биринчи күнү ушул ызааны сезет. Кызынын багын тилейт, бирок кеткенине ичи ачышат. Ичинен ыйлайт, сыртынан билдирбейт, күбүрөнөт, тиленет. Кыз баланын тагдырындагы миӊ бөлүнүп, миӊ өзгөрүп, миӊ кагылып, миӊ согулуп, миӊ жыгылып, миӊ турган татаал жолду бир гана эне билет. Кызын ошол татаалдыкка ыраа көрбөйт, бирок «Кыздын барар жери күйө»! Кыргыз ушинтип түшүнөт.
Ушунчалык жакын болуп турганына карабай өз кызынын жашоосуна короонун сыртынан гана көзөмөл кылууга акысы бар адам- ЭНЕ. Энелердин жүрөгүндөгү чындыкты, тынчсызданууну, дирилдеген мээримдин күчүн биз али биле элекпиз.
Башкаларга чоӊ бир адам болуп көрүнгөнүм менен мен апама дагы эле баягы кичинекей, алсыз бирөөмүн да! Кыздар апасын, өзү апа болгондо дагы түшүнөт…
Апаӊызга чалып коюӊуз!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button