Күндөрдүн бир күнү карышкыр эшек менен чөптүн өңү тууралуу талашыптыр. Эшек: «Чөптүн өңү сары десе, карышкыр «чөптүн өңү жашыл» дейт экен. Экөө көпкө чейин талашып, бир чечимге бара алышпаптыр да, анан эле токойдун падышасы арстанга калыстык сурап бармай болушуптур. Сот башталып, доогерлердин ар бири өз сөзүн далилдеп айтыптыр. Соттун чечими чыгар кезде бардыгы адилдик күтүп бир саамга тынчып калышат. Бирок арстан баарынын тилегин таш каптырып, карышкырды бир ай камоого, эшекти күнөөсүз деп табууга өкүм чыгарат.
Карышкыр да арстандын өкүмүнө ыраазы болбой
— Улугум, чөптүн өңү жашыл эмес беле?- деп сурайт.
Арстан:
-Ооба, жашыл- деп жооп берет.
Карышкыр:
-Менин айтканым туура болсо, анда эмнеге мени камоого буйрук бердиңиз?!
Арстан:
-Ооба, сен жаңылышпадың, бирок мындай маселе боюнча эшек менен тартышып каталык кылдың. Ошондуктан да, сага сабак болсун, түшүнүгү жоктор менен экинчи талашпасын деп сени камоого буйрук кылдым деген,- экен.
Окуядан алына турган сабак, эч качан түбү жакшылыкка алып келбей турган бош нерсеге убактыбызды кетирбегенибиз абзел. Себеби мындай талаш-тартыш баарыбир жакшы натыйжага жеткирбейт. Бирөөгө колуң менен зыян тийгизсең изи калган сыяктуу, тилиңин (сөзүңүн) да изи башкалардын жүрөгүндө калып калуу мүмкүн экенин унутпа.
Эч кимди жабыркатпа. Себеби, гүлдөрдү өстүрүүчү жамгыр, найза эмес…
🍃 Пайгамбарыбыз (саллаллооху аллейхи вассалам) Абу Умама (р.а) риваят кылган хадисте «Кимде-ким өзүнүкү туура боло туруп талаш-тартыштан баш тартса, мен ага Жаннаттын четинен бийик сарай берилүүсүнө кепилмин»,- деген.
Даярдаган: Алина Муслима.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG