✍🏻Баардыгы эле ар бир күнүнүн мазмундуу жана берекелүү өтүүсүн кааласа керек. Төмөндө ага арналган 10 кеңешти сунуштайбыз. Бул кеңештерди аткаруу убакыт, каражатты талап кылбайт, бирок жыйынтыгы опол тоодой болот.
Шам намазынын кириши бул – жаңы күндүн башталышы.Демек, күндүн батышы менен сиз дагы бир жаңы күнүңүзгө жоопкерчиликтүүсүз. Жаңы күнүңүздүн ийгиликтүү жана берекелүү болушу үчүн эмне кылуу керек?
📍1- Шам намазынан соң баарыбыз кечки тамакты ичип уйкуга камынабыз.
Биринчиден, уйкуга куптан намазы, даарат жана жакшы маанай менен баш коюу зарыл. Уктаардын алдын өзүңүздү негативдүү ойлордон тазалап, бул дуаны окуп жатсаңыз болот:
“О, Аллах мен өзүмдү Сага тапшырдым (Сага толук моюн сундум), жүзүмдү сага бурдум (бүткүл турпатым менен тооба кылдым), иштеримди Сага тапшырдым (иштеримдин чечилишин Сага тапшырдым) жана сенин алдыңда корккондугумдан жана өз ыктырым менен Сага тобокел кылдым.
Сенден качуунун жана кутулуунун Өзүңдөн (тиленүүдөн) башка жолу жок! Сенин түшүргөн Китебиңе (Ыйык Куранга), Сенин жиберген Пайгамбарыңа (Мухаммад алайхи саламга) ыйман келтирдим! “
«Аллахума, инниасламту анфси, илай-ка, ка важжтаху важхи илай-ка, ва фаватту амри илай-ка ва алжа’ту захри илай-ка рагбатан ва рахбатан илай-ка. Лаа малжа’а ва лаа манжа мин-ка илла илай-к! Аманту би Китаби-ка аллази анзалта ва-набиййи-ка аллази арсалта”.
☝🏻Мындан тышкары, кечинде эле таң атары менен жасала турчу иштер, жолугушуулардын тизмесин түзүп, пландап алганыңыз оң.
🛐2- Кутман таң!
Таң эрте ойгонуу бул — берекелүү күндүн башаты. Ойгонгон кезде: “Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!”.
(Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) «деп айтыңыз. Албетте, ар бир мусулмандын таңы багымдат намазы менен башталат. Өтө маанилүү нерсе ойгоноруңуз менен жаман ойлор, көйгөйлөрдү мээңизге толтурбаңыз. Анын ордуна эртең менен дени сак, тынчтыкта ойгонгонуңузга шүгүр келтириңиз. Ошондой эле, Аллахтын сизге тартуулаган жакшылыктарына (ден соолук, ата-эне, жумуш, окуу, үй жана башка) шүгүр келтиргенди адатка айландырыңыз.
🥛3- Эртең менен суюктукту (таза суу) көбүрөөк ичип, кургатылган жемиштерди жегенге аракеттениңиз. Анткени алдыда сизди маанилүү жумуш күнү күтүп турат. Эртең менен оозго наар албоо ашказандын иштешинин бузулушуна чон себепкер экенин унутпаңыз.
🚶4- Үйдөн окууга, жумушка же башка иштер менен чыгып жатканда маанилүү нерсени эстен чыгарбаңыз. “Мен өзүмдү толугу менен Жаратканыма тапшырдым. Аллах Тааламдын мээримине үмүт этип, андан бүгүнкү күн үчүн бардык жакшылыктарды сураймын” деген дубаларды айтууну унутпаңыз.
«Би-сми Лляхи, таваккяльту ‘аля Лляхи, ва ля хауля ва ля куввата илля би-Лляхи!» Муну өзүңүздүн үйдөн чыгардын астындагы сыр сөзүңүз кылып алыңыз.
🥰5- Түшкү тамактанууга комплекстүү мамиле жасап, аны жакын адамдар же досторуңуз менен жесеңиз жакшы болот. Мээңизди эс алдырып, жакшы темаларда баарлашыңыз.
🛌🏻6- Эгер мүмкүнчүлүк болсо, түштө жарым саат уктап алганыңыз сиздин энергияңызды толуктап, күчүңүзгө күч кошот. Түшкү уйку -пайгамбарыбыздын сүннөтү. Айрым маалыматтар боюнча, кайлюля (түшкү жарым сааттык уйку) түнкү 2 сааттык уйкуга барабар.
☝🏻7- Кечинде жумуштан же окуудан үйгө кайтып келе жатканда эмоционалдык абалыңызга маани бериңиз. Терс эмоция жана энергияны үйгө кошо ала кирбеңиз. Жумуштагы көйгөйлөр жумушта гана калышы керек.
👨👩👦👦8- Үй-бүлө менен бир дасторкондо отуруп, сүйлөшүү, тамак ичүүгө эмне жетсин. Бул — жумуш күнүнүн аягындагы мыкты эс алуу. Андыктан, кечки тамакты үй-бүлөңүз менен ичүүгө аракеттениңиз. Ата-эне, балдар, жубайыңыздын жылмаюусу, жылуу сөзү жана камкордугу — эч нерсеге теңдешсиз.
🤗9- Бир күн бою кандай гана ишти жасабаңыз аларды Аллахтын аты менен “Бисмилляхи Рахмани Рахим” деп баштоону унутпаңыз. Мындан сырткары, намаздарды өз убагында, кечиктирбей окууну адат кылыңыз.
☝🏻10- Берекелүү, мазмундуу, сизге жана айланаңызга пайдасы тийген күндүн болушу сиздин колуңузда экенин унутпаңыз. Аллах Таала пендесине анын ниетине жараша берет. Андыктан, ниетти түздөө бул – эң маанилүү.
🤲Баарыңыздарга жакшы күн каалайбыз. Аллах сиздерге жеңилдик берсин!
🗞Булак: «Умма «журналынан алынды.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG
Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?