Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө:
“Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндүтолуктагыла”- деп буйруган. (Муслим, 1081).
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдын 5-июнь шаршемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.