Казакстандын бардык мектептеринде бетти чүмкөгөн кийим кийүүгө тыюу салына турган болду. Бул туурасында мыйзам долбоору иштелип чыгып бүтүп калды жана ушул жылдын аягына чейин ал долбоор парламенттин кароосуна коюлат.
КТК телеканалынын кабарлоосуна караганда мыйзамдагы талаптарды аткарбагандарды административдик жоопркерчиликке тартуу чаралары каралган.
“Айып пулдун көлөмү 230 миң теңгеге чейин чамалап барат. Дин иштери жана жарандык коомчулук боюнча министрлик европа өлкөлөрү бетти чүмбөттөгөн кийимдерге мыйзамдык тыюу салуу адам укуктарын бузууга жатпайт деп тааныган соң ушундай кадамга баргандыгын билдирген”,-деп айтылат телеканалдын кабарында.
Министрликтин билдирүүсүндө кийимге карата мындай чектөөлөр бир нече жылдан тарта Бельгияда, Францияда, Голландияда күчүнө кирип иштеп келе жатат.
“Бул чектөөлөр адам укугунун бузулушуна алып келет деп эсептешип сотко кайрылышкан учурлар көп болгон. А турсун адам укуктары боюнча Европалык сотко чейин кайрылышыптыр, ал сот болсо ошол тыюу салган мамлекеттердин антүүгө укугу бар экендигин тастыктаган чечим чыгарып беришкен. Мына ошондуктан Казакстанда да бетти чүмкөгөн кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алууга кезек келди деп эсептедик”,- министрликтеги Комитет төрагасынын милдетин аткаруучу Еркин Онгарбаев.