КЫЗ СЕН ҮЧҮН БЕЙИШИҢ!

Жердин тайгак болгонун муздан көрдүм,
Эттин ачуу болгонун туздан көрдүм.
Жаш кезимде “кыз төрөдүң” деп менменсинип,
Картайганда жакшылыкты кыздан көрдүм…

?Жашоо – бул сыноо! Ар бир адам үчүн ар кандай сыноо! Кээ бирөөгө зар, кээ бирөөгө кор. Азыркы учурда баланы да буюмдай колдонуп, кээ бири акча үчүн сатып, кээ бири талаага таштап, кээ бири жетимдер үйүнө таштап, бала кадырына жетпей жүрсө, а кээ бири балага зар…
Жахилят доорунда адамдар кыздуу болгонуна намыстанып, кыздарын тирүүлөй көөмп коюшчу. Аялдарын хайыз учурунда арам деп бөлүп коюшаар эле. Аялдарды эң төмөнкү даражага коюшчу. Качан гана Ислам дини келгенде аялзатынын кадыр-баркы көтөрүлгөн. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айткан: “Бейиш- эненин таман алдында” – деп. “Бейиш- эненин таман алдында”- деп аял затынын ушунчалык кадыр-барктуу экенин даана белгилеп айткан. (Ин шаа Аллах, аял затынын кадыр-баркы бобнча өзүнчө бир сабак кылабыз. Бул сабакта бизге таасирлүү болгон бир окуяны (мисалды) баян кылмакчыбыз)

Адамга көбүнчөсү маселени мисал менен түшүндүрсөң жеткиликтүү болот эмеспи?! Ошол себептүү биз сиздерге жана биздерге өтө бир чоң сабак болчу окуяны айтып берүүнү максат кылдык. Ин шаа Аллах, бул окуяны окугандан соң, эч бир эркек аялын: “Кыз төрөдүң!”- деп жемелебейт деп үмүт кылабыз…

? “Ар бир адам ката кетирүүчү. Алардын эң жакшысы тооба кылгандар”. Мен да бир кезде өтө чоң ката кетиргем. Ал эми азыр ага өкүнүп турган кезим, бирок, кеч болуп калган… Менин башымдан өткөн окуя кээ бирине сабак болоор деп үмүт кылам. Анда кеп башынан болсун…

?Мен үй-бүлөөм менен айылда турчумун. Кош бойлуу аялым жана үч кызым бар эле. Мен канчалык уулду болууну кааласам да Кудай бизге жалаң кыз берип жатты. Бир күнү аялыма: “Кыздар…кыздар! Эгер сен дагы кыз төрөй турган болсоң, мен анын көзүн тазалайм! Акыркы жолу сага эскертемин! Мага уул керек! Уул керек!” – деп бакырып, үйдөн чыгып кеттим. А аялым ыйлап кала берди. Анын ыйы мени кызыктырбайт эле. Адамдын эмес, Аллахтын буйругу менен дагы бир кыздуу болдук. Мен төрөт канага барганымда, кыз экенин билген соң, эшикти бир муштап, ачууланып кетип калдым. (Аялыма эң кыйын учур ушул абал болсо керек эле.) Кийин аялым да төрөт канадан чыгып келди. А мен уулду болбой калганыма абдан ачууланып жүрдүм. Бир күнү кызды алып, үйдөн чыктым. Максатым аны жок кылуу эле. Аялым болсо бутума чөгөлөп, жалбарып жатты. Мен болсо кызды ээн бир талаага алып келдим. Аны таштап келе бердим. Бирок, кайра ошол талаага бардым. Кыз аябай ылап жаткан эле. Эмнегедир аны таштоого жүрөгүм чыдабады.Ошентип, аны үйдө багып, чоңойтууну туура көрдүм.

⏳Күндөр өтүп жатты. Аялым дагы кош бойлуу болчу. Бул жолу көптөн-көп күткөн уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Ошол убакта кубанычымда чек жок эле. Бирок, кубанычым көп узабай чоң кызымдан айрылып калдык. Бир жылдан кийин аялым дагы уул бала төрөдү. Бирок, дагы кубанычыбыз көп узабай экинчи кызыбыздан айрылдык.Ошентип олтуруп үч уулду болдум. Бирок, Кудайым да үч уулумдун ордуна үч кызымды алып кетти. Бир гана кыздарымдан ошол төртүнчү кызым тирүү калды. Арадан көп убакыт өтпөй аялымдан да ажырадым. Мага эң оор жагдай ушул эле. Кыйынчылык оорлоп баратты. Турмуш ушуну менен токтоп калбады, албетте. Ар бир адам өз тиричилигин жасайт эмеспи?! Арадан жылдардын өтүшү менен уул-кыздарым бой жетип чоңоюшту. А мен карылыкка баш ийип отурган кезим. Карыганда оору көп болот эмеспи?! Азыркы тапта менин акыбалым оор… А уулдарымдын баары чоң кызматтарда! Алардын убакыттары жок болсо керек. Кээ бири мени көргөнү 1 айда бир, бирөөсү 1 жылда бир келишет. Бирок, менин ушундай оор акыбалымда ким каралашып жатат билесизби? Ошол мен жарык дүйнөгө келишин каалабаган кызым, төртүнчү кызым! Ар дайым менин жанымда! Бой жетип, турмуш куруу убактысы келген болсо да, мен үчүн, мени эмне болот деп турмушка чыкпай жүрөт! Кээ бир учурда, кызымдан бекинип, өткөн катам үчүн абдан өкүнүп ыйлайм._ _Көрсө, уул балага караганда, кыз бала күйүмдүү болот туура…

Ооба, бир тууганым! Кыз деген ушундай ары мээримдүү,ары күйүмдүү ары кызматтуу ары ызаттуу,ары намыстуу эң негизгиси болочокто “эне “деген улуу инсан болот! Кыз деген үй -бүлөөнү шаңга бөлөгөн нур, апасынын жардамчысы атасынын колдоочусу,бир туугандарынын жолдоочусу болгон мээримдүү жан болот! Мына ушул себеп Пайгамбарыбыз (с.а.в) кыз үй -бүлөөдө орду жогору экенин баалап өз хадисинде мындай кабарлайт: “Ким үч кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса, ал Бейишке кирет” – деп айтат. Аны угуп турган адамдардын бири: “Эгер эки эле кызды тарбиялап өстүрсөчү? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Эки кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса да Бейишке кирет” – деп жооп берет. Ошондо жалгыз кызы бар бир адам: “Оо, Аллахтын элчиси, эгер бир кызы болсочу?” – деп сурайт. Жылмайып күлгөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Эгер бир эле кызды тарбиялап, анан турмушка узатса да, Бейишке кирет” – деп жооп берет. (Абу Дауд) .

Демек, кыз деп кейиген,жериген,арман кылган аталар. Сиз үчүн жогорудагы окуя,Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүйүнүч кабары сабак болот деген үмүттөбүз ….

Нуриза Кармышакова атайын “Formula.Kg” сайты үчүн..

?‍?‍?‍? Бактылуулук формуласы.

Live Covid-19
USA 1,965,912
Жуктургандар: 1,965,912
Каза тапты: 111,394
Айыккандар: 738,729
Активдүү: 1,115,789
Brazil 646,006
Жуктургандар: 646,006
Каза тапты: 35,047
Айыккандар: 302,084
Активдүү: 308,875
Russia 458,689
Жуктургандар: 458,689
Каза тапты: 5,725
Айыккандар: 221,388
Активдүү: 231,576
Spain 288,058
Жуктургандар: 288,058
Каза тапты: 27,134
Айыккандар: -
Активдүү: 260,924
UK 283,311
Жуктургандар: 283,311
Каза тапты: 40,261
Айыккандар: -
Активдүү: 243,050
India 237,395
Жуктургандар: 237,395
Каза тапты: 6,650
Айыккандар: 114,073
Активдүү: 116,672
Italy 234,531
Жуктургандар: 234,531
Каза тапты: 33,774
Айыккандар: 163,781
Активдүү: 36,976
Peru 187,400
Жуктургандар: 187,400
Каза тапты: 5,162
Айыккандар: 79,214
Активдүү: 103,024
Germany 185,414
Жуктургандар: 185,414
Каза тапты: 8,763
Айыккандар: 168,900
Активдүү: 7,751
Turkey 168,340
Жуктургандар: 168,340
Каза тапты: 4,648
Айыккандар: 133,400
Активдүү: 30,292
Iran 167,156
Жуктургандар: 167,156
Каза тапты: 8,134
Айыккандар: 129,741
Активдүү: 29,281
France 153,055
Жуктургандар: 153,055
Каза тапты: 29,111
Айыккандар: 70,504
Активдүү: 53,440
Chile 122,499
Жуктургандар: 122,499
Каза тапты: 1,448
Айыккандар: 95,631
Активдүү: 25,420
Mexico 110,026
Жуктургандар: 110,026
Каза тапты: 13,170
Айыккандар: 78,590
Активдүү: 18,266
Saudi Arabia 95,748
Жуктургандар: 95,748
Каза тапты: 642
Айыккандар: 70,616
Активдүү: 24,490
Canada 94,335
Жуктургандар: 94,335
Каза тапты: 7,703
Айыккандар: 52,568
Активдүү: 34,064
Pakistan 93,983
Жуктургандар: 93,983
Каза тапты: 1,935
Айыккандар: 32,581
Активдүү: 59,467
China 83,030
Жуктургандар: 83,030
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,329
Активдүү: 67
Qatar 65,495
Жуктургандар: 65,495
Каза тапты: 49
Айыккандар: 40,935
Активдүү: 24,511
Bangladesh 63,026
Жуктургандар: 63,026
Каза тапты: 846
Айыккандар: 13,325
Активдүү: 48,855
Belgium 58,907
Жуктургандар: 58,907
Каза тапты: 9,566
Айыккандар: 16,112
Активдүү: 33,229
Netherlands 47,152
Жуктургандар: 47,152
Каза тапты: 6,005
Айыккандар: -
Активдүү: 41,147
Belarus 46,868
Жуктургандар: 46,868
Каза тапты: 259
Айыккандар: 22,066
Активдүү: 24,543
South Africa 43,434
Жуктургандар: 43,434
Каза тапты: 908
Айыккандар: 23,088
Активдүү: 19,438
Sweden 42,939
Жуктургандар: 42,939
Каза тапты: 4,639
Айыккандар: -
Активдүү: 38,300
Ecuador 41,575
Жуктургандар: 41,575
Каза тапты: 3,534
Айыккандар: 20,568
Активдүү: 17,473
UAE 37,642
Жуктургандар: 37,642
Каза тапты: 274
Айыккандар: 20,337
Активдүү: 17,031
Singapore 37,527
Жуктургандар: 37,527
Каза тапты: 24
Айыккандар: 24,209
Активдүү: 13,294
Colombia 36,635
Жуктургандар: 36,635
Каза тапты: 1,145
Айыккандар: 13,638
Активдүү: 21,852
Portugal 33,969
Жуктургандар: 33,969
Каза тапты: 1,465
Айыккандар: 20,526
Активдүү: 11,978

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.