Мирлан Исагалиев Талас облустук ооруканасына тез жардам автоунаасын белек кылды.

Мирлан Исагалиев. Бул ысымды сыймыктануу менен кайра-кайра атагым келип жатат. Чыныгы журогуно ыйман уялаган адам, жакшылыгын жар салбайт тура. Жакшылыгынын, артында кандайдыр бир кызыкчылыктар да жок. Депутат болойун деген оюу жок, президенттике талапкер да эмес. Бул адам жонокой эле ишкер кайрымдуулук жаатында элинин «женилин жерден, оорун колдон алып жургон», «бычака сап» агабыз экен.
Буга чейин озунун кичи мекени Ыссык-Кол облусунун медициналык мекемелерине оз каражатынан ар тараптуу жардам берип келгенин коомчулук жакшы билет.
Бугун болсо, «жандоочу кийик аттырат» демекчи, жакын досу, Окмоттун Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу Окулу Дайыр Кенекеевдин отунучу менен, Талас облустук бириккен ооруканасына, оз эсебинен Германиядан атайын каражаттар менен жабдылган тез жардам автомашинасын белек кылды.

Дайыр Кенекеев мырза оз созундо баса белгилеп откондой, Талас элине кылган бул белегиниз эл ичинде « Мирландын машинасы» деп аталып калаары шексиз. Ошондой эле ушул убакка чейин эч кимге айтпастан 28 миллион сомдук кайрымдуулук иштеринизди, бугун досунуз ачыкка чыгарды. Мындай иштер айтылыш керек. Озубуздун эле Таластан чыккан миллиардер байкелерибиз, бизге ушул кунго чейин « эшек араба» деле сатып берген эмес. Ишиниздер ийгиликтуу болусун! Жараткан Сиздерди ар дайым колдоп журсун! Алкыштан башка айтаарыбыз жок!

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.