Орозо кармоо тартиби: эмнеге уруксат берилип эмнеге тыюу салынат

Орозо кармаган жаран шилекей жутса болобу?
— Ооба, болот. Шилекей жутса орозо бузулбайт.

— Тиш тазалоого уруксат берилгенби? Тиш паста пайдаланылабы?
— Тиш паста эмес, мисвак (дарактан атайын тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Тиш пастасы менен жууганга болбойт. Пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат.

— Уктап калып убагында ооз жаппай калса эмне болот?
— Эч нерсе болбойт. Турганда эч нерсе жебестен, ниет кылып, ооз жапса жарай берет.

— Эрте ооз жаап, кечирээк ооз ачса болобу?

— Эрте ооз жапса боло берет. Мисалга саат 01:00дө жаап уктай берсе болот. Бирок убагында ачканга аракет кылыш керек. Эгер шарт болбосо, анда айла жок.

— Ооруп саарлыкта айыгып кеткен киши орозо кармашы керекпи?
— Ооба, өзүн жакшы сезсе кармашы керек. Эгер күмөнсүсө, толук сакайганга чейин кармабай турганы дурус. Орозо ден-соолукка зыян тийгизбеши керек.

— Саарлык тамакты ичүү зарылбы?
— Ооба. Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) сөзсүз түрдө саарлык тамак ичүү керектигин айткан. Андыктан саарлыкты калтырбаш керек.

— Орозо кармаган киши жол жүрө турган болсо оозун ачып алса болобу?
— Сапары узак болуп, орозонун айынан кыйнала турган болсо орозо кармабаганга уруксат берилет. Бирок сапардан келгенден кийин каза болгон орозолорун кармап коюшу керек.

— Орозо убагында сууга түшүүгө болобу?
— Болот. Бассейинге, душка чайынууга уруксат. Башты салып, кадимкидей эле чөмүлө берсе болот. Болгону кулак, мурунга суу кирип кетпеши керек. Мындан сырткары, эркектер сууга түшкөн жерде аялдар болбошу кажет.

— Ыктыярсыз же мажбур кусса орозо бузулабы?
— Жок, андай учурда орозо бузулбайт. Эгер адам кускандан кийин өзүн жакшы сезип, орозо кармоону улантып кетүүгө чамасы жетсе улантып орозо кармай берсе болот. Эгер атайылап кусса орозо бузулат.

— Ооз чайкаса болобу?
— Ооба, чайкаганга уруксат. Болгону жутуп жибербеш керек.

— Унутуп тамак жеп алса, тамеки тартып алса, суу ичип алса орозо бузулабы?
— Бузулбайт. Оозду чайкап алып, орозону уланта берсе болот.

— Рамазандан калган казасын кармаганча кийинки Рамазан айы келип калса эмне кылат?
— Келип калган орозону кармап бүткөн соң каза болгон орозо кармалат.

— Рамазандан башка айларда да орозо кармаса болобу?
— Болот. Сүннөт орозолорду кармап, сооп тапса болот.

— Бала эмгизип орозо тутса болобу?
— Эгер бала эмгизип жаткан эне өзүн жакшы сезсе, балага зыяны тийбесе орозо кармаса болот. Негизи боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар орозодон бошотулат.

— Орозо кармаганда өбүшүп учурашууга болобу?
— Албетте, болот. Балдарды бетинен өөп, башынан сылап эркелетсе болот. Чоңдор менен да өбүшүп учурашууга уруксат берилет. Болгону, чектен ашып кетпеш керек.

— Кош бойлуулар орозо кармаса болобу?
— Балага, ден-соолугуна залакасы тийбесе кармай берсин.

— Орозо учурунда тиш доктурга барса болобу?
— Орозонун адамга эч зыяны тийбеши керек. Эгер тиш ооруса албетте, дарыланышы керек. Болгону дарылоо учурунда суюктук кекиртектен ары кетпеши керек.

— Орозо учурунда денеден, ооздон кан, ириң акса орозо бузулабы?
— Бузулбайт. Эгер адам оорууга чалдыкса оозун ачууга уруксат. Кийин сакайган соң, карызын кармап коет.

— Орозо учурунда жубайлар жыныстык катнашка барса болобу?

— Ооз жабык учурунда болбойт. Эгерде кошулуп алса ооз ачылган болуп саналат. Бул үчүн орозо бүткөндөн кийин 60 күн тынбай кармоого туура келет. Жубайлар ооз ачылгандан тартып ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка барса уруксат.

— Тилдин, көздүн, ооздун орозосу жөнүндө айтып берсеңиз…
— Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, арам оокаттан, башкаларды капа кылуудан арылуу деген сөз. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароодон тыят.

— Орозо учурунда ийне сайдырса ооз ачылабы?

— Ооба. Ийне сайдырып, дары ичүүгө болбойт. Эгер абал оорлоп бара жатса ооз ачып эле ден-соолукту чыңдоо зарыл.

 

?‍?‍?‍? БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Live Covid-19
USA 4,821,575
Жуктургандар: 4,821,575
Каза тапты: 158,457
Айыккандар: 2,381,407
Активдүү: 2,281,711
Brazil 2,733,677
Жуктургандар: 2,733,677
Каза тапты: 94,130
Айыккандар: 1,884,051
Активдүү: 755,496
India 1,830,949
Жуктургандар: 1,830,949
Каза тапты: 38,485
Айыккандар: 1,200,303
Активдүү: 592,161
Russia 856,264
Жуктургандар: 856,264
Каза тапты: 14,207
Айыккандар: 653,593
Активдүү: 188,464
South Africa 511,485
Жуктургандар: 511,485
Каза тапты: 8,366
Айыккандар: 347,227
Активдүү: 155,892
Mexico 439,046
Жуктургандар: 439,046
Каза тапты: 47,746
Айыккандар: 289,394
Активдүү: 101,906
Peru 428,850
Жуктургандар: 428,850
Каза тапты: 19,614
Айыккандар: 294,187
Активдүү: 115,049
Chile 359,731
Жуктургандар: 359,731
Каза тапты: 9,608
Айыккандар: 332,411
Активдүү: 17,712
Spain 335,602
Жуктургандар: 335,602
Каза тапты: 28,445
Айыккандар: -
Активдүү: 307,157
Colombia 317,651
Жуктургандар: 317,651
Каза тапты: 10,650
Айыккандар: 167,239
Активдүү: 139,762
Iran 312,035
Жуктургандар: 312,035
Каза тапты: 17,405
Айыккандар: 270,228
Активдүү: 24,402
UK 304,695
Жуктургандар: 304,695
Каза тапты: 46,201
Айыккандар: -
Активдүү: 258,494
Saudi Arabia 280,093
Жуктургандар: 280,093
Каза тапты: 2,949
Айыккандар: 242,055
Активдүү: 35,089
Pakistan 280,029
Жуктургандар: 280,029
Каза тапты: 5,984
Айыккандар: 248,873
Активдүү: 25,172
Italy 248,070
Жуктургандар: 248,070
Каза тапты: 35,154
Айыккандар: 200,460
Активдүү: 12,456
Bangladesh 242,102
Жуктургандар: 242,102
Каза тапты: 3,184
Айыккандар: 137,905
Активдүү: 101,013
Turkey 232,856
Жуктургандар: 232,856
Каза тапты: 5,728
Айыккандар: 216,494
Активдүү: 10,634
Germany 211,782
Жуктургандар: 211,782
Каза тапты: 9,226
Айыккандар: 193,600
Активдүү: 8,956
Argentina 201,919
Жуктургандар: 201,919
Каза тапты: 3,667
Айыккандар: 91,302
Активдүү: 106,950
France 187,919
Жуктургандар: 187,919
Каза тапты: 30,265
Айыккандар: 81,500
Активдүү: 76,154
Iraq 131,886
Жуктургандар: 131,886
Каза тапты: 4,934
Айыккандар: 94,111
Активдүү: 32,841
Canada 116,884
Жуктургандар: 116,884
Каза тапты: 8,945
Айыккандар: 101,574
Активдүү: 6,365
Indonesia 113,134
Жуктургандар: 113,134
Каза тапты: 5,302
Айыккандар: 70,237
Активдүү: 37,595
Qatar 111,322
Жуктургандар: 111,322
Каза тапты: 177
Айыккандар: 108,002
Активдүү: 3,143
Philippines 106,330
Жуктургандар: 106,330
Каза тапты: 2,104
Айыккандар: 65,821
Активдүү: 38,405
Egypt 94,483
Жуктургандар: 94,483
Каза тапты: 4,865
Айыккандар: 42,455
Активдүү: 47,163
Kazakhstan 92,662
Жуктургандар: 92,662
Каза тапты: 793
Айыккандар: 62,511
Активдүү: 29,358
Ecuador 86,524
Жуктургандар: 86,524
Каза тапты: 5,750
Айыккандар: 59,344
Активдүү: 21,430
China 84,428
Жуктургандар: 84,428
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 79,013
Активдүү: 781
Sweden 81,012
Жуктургандар: 81,012
Каза тапты: 5,744
Айыккандар: -
Активдүү: 75,268
  1. Феруза айтты

    Орозону 3-июндан баштадым боло береби.

  2. Жумабек айтты

    Орозо буткон соон кармабаган кундорду каза кылып кармап беруу керек екен.

  3. Феруза айтты

    Чооон рахмат

  4. эрлан айтты

    Орозодо аялын менен кошулгандан кийин гусул алыш керекпи

  5. эрлан айтты

    Намаз окуубайбыз бирок экообуз тен орозобуз

  6. Айнура айтты

    Куйомдун екинчи аялымын бирок мени менен жашабайт 12жыл болду не кылышым керек озум намаз окуйм беш убак

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.