РубрикасызТаасирдүү окуялар

Москванын турмөсүндө 5 жыл отурган аял

maxresdefaultКелиндин айтып бергендерин угуп келатып бүтүндөй бир тасма көргөндөй болдум. Баёолугунанбы же жетишпеген турмуштун айынанбы, өзүнөн улуу аялдарга алданып бөтөн жердин түрмөсүндө отуруп келген келиндин тагдыры чын эле боор ооругудай эле…
Көр тириликтин айынан мугалимдиктен соода тармагына өткөнүмө сегиз жылдын жүзү болду. Бишкектен поезд менен Россияга товар ташып жол түйшүгүн жакшы эле тарттым. Казактын бажычыларынын, орустун кызыл шапкечендеринин уудай сөздөрүнө чыдап, зилдей жүктөрдү өзүм көтөрүп, Россиянын ызгаарына тоңуп, деги койчу, бул соода дегениң оңой оокат эмес экен. Анткен менен жашоомо нааразы эмесмин. Ушинтип жүрүп үйбүлөбүз белчебизден баткан карызыбыздан кутулдум, үч баламдын ар бирине бирден машина мингизип, айылдагы тамыбызды элде жок кылып заңгыратып тургуздум. Жесир болсом да жашообуз айылдагы элдин алды десем жаңылышпайм. Сегиз жылдын ичинде жолдун сырын эң жакшы өздөштүрүп, ошол эле убакта бул жолдордо таңкалыштуу да, коркунучтуу да, кыскасы, көп нерселерге күбө болдум.
Мындан эки ай мурун кезектеги сапарым менен Новосибирск шаарынан Бишкекти көздөй келаткам. Мени менен бир вагондо чачы куудай ак, бетин толтура майда бырыш баскан бир келин бар эле. Келинди сыртынан караган адамга анын жашын божомолдоо кыйын эле. Экөөбүз маңдай-тескей отуруп келатсак да станциядан чыкканы мага ооз ачып эч нерсе сүйлөгөн жок. Тек гана кусалык, сагыныч, муң, арман толгон көздөрүн терезеден албай келе берди. Мен да сүйлөгөнгө батынган жокмун. Жол жүргөнүбүзгө экинчи сутка болгондо гана түшкү чайды чогуу ичип калдык. 4-5 кесим кара нан, азыраак сыр жана чакмак кантын сумкасынан алып чыгып, столдун үстүнө коюп, унчукпастан чайдан куюп иче баштады. Ошондо гана ичим бышып:
– Сиңдим, Кыргызстандан болосуңбу? Жаман көрбөсөң, сүйлөп отур, жол алыс,- дедим. Келин тунжурап саамга отурду да, сумсайган калыбынан жазбай:
– Ооба, эже, Кыргызстанданмын. Жаш дейин десем жүзүн толтура бырыш баскан, кыргыз дейин десем кыргызга окшобойт деп мага таңкалып келе жатсаңыз керек?- деп койду андан бетер табышмактатып.
– Байкашымча, ооруп же кыйналып келе жаткандайсың…
– Эмнесин айтасыз, эң бир оор жылдарды башымдан өткөрүп келатам. Кээде өзүмдү коркунучтуу түш көргөндөй сезип кетем. “Ойгонуп кетсем түшүм болуп, жашоом мурункудай болуп калса” деп ойлойм. Бирок, андай эмес, аттиң… Баары башкача болмок, бирок…
– Сиңдим, эгер көкүрөгүңдөгү жараңды тырмап алсам, кечирип кой. Жан­дүйнөң кыйналып жатса, айтпай деле кой. Мен сенин кейиштүү тагдырга туш болгонуңду вагонго адеп киргениңде эле муңайым жүзүңдөн окугам,- дедим келинди чын дилимден аяп.
– Жок, эже, айтып бир чети бугумду чыгарып алайын. Экинчиден, балким, менин тагдырым башкаларга сабак болоор. Сиз бирөөгө айтсаңыз, ал дагы башка бирөөгө айтса…
– Мен Ош тараптагы Өзбекстан менен чектеш айылдардын биринде бир үйдүн жалгыз кызы болуп чоңойдум. Бойго жетип мектепти бүтөөрүм менен кошуна айылга алакачып кетишти. Биз жакта салт катуу эмеспи, “баланчанын кызы бир жерге барып келген” деген сөздөн намыстанышкан туугандарым отургузуп коюшту. Өмүрүңдө көрбөгөн эле бирөө менен өмүр бою бактылуу жашап кеткен көрүнүштөр чанда кездешет экен. Мен болсо алгач “жашоом оңолуп кетээр” деп үмүттөнгөнүм менен бир уулдуу болгондон кийин отубуз күйүшпөй ажырашып, алты айлык балам менен ата-энемдин төрүнө кайтып келдим. Ата-энем канчалык көзүмдү карашканы менен ага-жеңелерим менен батышкан жокмун. Бир туугандарыма балам менен түртүнчүк боло бергенден тажап, Өзбекстандан майда-чүйдө күнүмдүк керектелүүчү товарларды арзан алып чыгып, соода кылууга өттүм. Ушул сооданын арты менен менден он жаштай улуу эки коммерсант аял менен таанышкан элем. Көп товар менен Россияга катташаарын алгач таанышканда эле айтышкан. Сооданын жолун таап буттарына туруп калышканы кийген кийимдеринен, кулак-моюндарындагы кат-кат алтындарынан эле билинип турчу. Ошол аялдар менен акыркы күндөрү эмнегедир жакшы сүйлөшүп кеттим. Бир күнү дагы сүйлөшүп отуруп бирөөсү: “Биз менен Россияга каттабайсыңбы? Чыт халат менен шейшептик кездемелер ал жакта жакшы өтөт. Ушинтип жүрүп бир жылда тапкан акчаңды Россияга бир барып келгенде таап коёсуң”,- деди. Аялдын айтканын эп көрүп, “күзүндө балам мектепке барат, ошого чейин кичине акча чогултуп алайын” деген ой келип, аялдар менен Россияга барып келүүнү чечтим. Үйдөгүлөргө айтсам, “өзүң бил” дешти.
Ошентип, жолго чыкчу күн да келди. Биринчи жолу алыс жолго чыгышым. Такси менен Оштон Бишкекке келгенден кийин тиги эки аял: “Акчаңды бизге бер, сен камданганча сенин товарыңды биз алып коёбуз”,- дешкенинен болгон акчамды бергем. Темир жолго келгенде гана: “Мына сенин товарларың”,- деп эки чоң ала сумканы көрсөтүштү. Анан бирөөсү: “Пакет көтөрүп жүдөбөй, ичиндеги майда-чүйдөлөрүңдү бул сумкага салып ал”,- деп жаңы кол сумка бергенинен оюмда эч нерсе жок эле ыраазы болуп алып алгам. Жолмо-жол автоматтары менен милициялар чыгып жанагы ала сумкаларыбызды бирден тытып чыгышат. Улам халаттарыбызды чачып, кайра сумкаларыбызга салып отуруп төрт суткага жакын жол жүрүп, акыры түн бир оокумда Новосибирск шаарына жетип бардык. Поездден түшөөрүбүз менен такси кармап түз эле бир жакка жөнөдүк. 1-1,5 саат жол жүргөнүбүздөн кийин бир үйгө жетип барып эшигин такылдатсак, жашы элүүлөрдөгү бир орус аял ачты. Жакшы учурашып, көпкө сүйлөшкөнүнө караганда көптөн берки тааныштардан окшойт. Бирок, эмнелерди сүйлөшүп жаткандарынан кабардар боло алган жокмун. Анткени, мен анда бир да орусча сөз түшүнчү эмесмин. Үйгө кирсек керебетте 80дердеги оорукчан кемпир жатыптыр. Сумкаларыбызды жайгаштырып, өзүбүз да жай алган соң Бишкектен чыгаарда мага кол сумка “белек кылган” аял берген сумкасын алып, анын ички кабатын акырын лезвие менен тилип чыгып, андан кичинекей пакеттерге оролгон бир нерселерди алып чыкты. Анан керебетте жаткан кемпирди так көтөрүп, ал пакеттерди керебетке кат-кат салынган матрацтардын алдына катып, кемпирди кайра жаткырып коюшту. Мен эч нерсе түшүнбөй эле оозумду аңырдай ачып отуруп калдым. Менин мындай абалыма көңүл да буруп коюшпай столдун үстүн жайната салып, “жолубуз ачык болуп, аман-эсен келип алганыбыз үчүн” деп үчөө арак ичишти. Андан кийин гана бир шойкомду сезип, үрөйүм учуп турган мага болгон окуяны түшүндүрүп киришти. Көрсө, жанагы сумкадан алып чыккан нерсе баңгизат экен. Мен бул нерсенин атын гана угуп, жаман нерсе экенинен кабарым бар болчу, бирок, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Эми болсо төрт суткадан бери өзүм кармап, ушунча жолдон эч нерсе болбой келип калганымды ойлоп муундарым калтырап кетти. Анда аялдар: “Бул биздин минтип экинчи жолу келишибиз, мурун кездемелерди эле алып келчүбүз. Коркпо, негизгиси, аман-эсен келип алдык. Кудайдын бул жолу да бизге боору ооруду. Эми алып келбейбиз”,- дешти. Менин калтыраганым баарыбир басылган жок.
Таң атканда базарга барып халаттарыбыз менен кездемелерибизди сураган эле баасына кармата берип, кайра орустун үйүнө келдик. Күүгүм кирип калганда эшик такылдап, тажиктерге окшогон лөкүйгөн эки жигит кирип келди. Орусчалап бир нерселерди сүйлө­шүшкөн соң кемпирди көтөрүп пакеттердеги жанагы балээни алышып, орус аялга көп акча беришти. Алар кеткен соң акчанын азыраак бөлүгүн өзүнө калтырып, калганын аялдарга берди. Аялдар болсо акчаны тең үчкө бөлүшүп, бир бөлүгүн менин колума карматышты. Чынын айтсам, мен али мындай акчаны кармап көрө элек болчумун. Көзүмө оголе көп акча болуп көрүндү. Мындай акча колума тийген соң денемдеги майда калтырагым токтоп, коркуу сезимим өзүнөн-өзү тарап кеткендей болду. Ошентип, эртеси жолго чыктык. Чөнтөгүм толо акча, кечээки окуяны унутуп, өзүмчө эле кудуңдап алгам. Дагы төрт суткадай жол жүргөндөн кийин Бишкекке жетип келдик. “Дордой” базарына барып балама, ата-энеме, бир туугандарыма толтура кийим-кечелерди алдым, айылга алпарып сатканга майда-чүйдө товар алдым, ошентсе да акчамдын азыраак бир бөлүгү гана короду. Менин мындай чоң табылга менен барганыма үйдөгүлөр кудуңдап эле сүйүнүп калышты.
Акчамдын жарымын катып койдум да, жарымын иштетип, товарларымды бир топ көбөйтүп алдым. Баягы окуядан кийин бир айдай убакыт өткөн эле. Бир күнү эле базарда соода кылып отурсам кайдан-жайдан баягы аялдын бири пайда болду. Сүйлөшүп отуруп дагы Россияга бара жатышкандарын, бирок, берки “товары” жок эле, жалаң кездеме менен халат алып кетип жатышкандарын айтты. “Барасыңбы, жүр. Дагы бир байып аласың. Бирок, албетте, баягыдай акча болбойт. Ошентсе да товарды көп алсаң, жакшы эле түшөт”,- деди. Мен аялдын сөзүнө ишенип, “андай болсо барам” деп дароо эле макул болдум. Үйгө каткан баягы акчадан алып, “мага да товар алып коюңуз” деп аялга бердим. Баягыдай эле көрүнүш. Оштон Бишкекке, Бишкектен Новосибирскке жөнөдүк. Анан дагы эле баягы орустардын үйүнө бардык. Жайланышкан соң мага тиешелүү товар салынган ала сумканын бирин ачышып, эң түбүнө салынган халаттардын биринин этегине тыкандык менен кошо тигилген баягыдай пакеттерди алып чыгышканда дагы бир жолу мени пайдалангандарына түшүн­дүм. Бул жолу бир топ үйрөнө түшкөн­мүн­бү, биринчи жолкудагыдай абалга туш болгон жокмун. Бирок, баарыбир жүрөгүм алдыдагы жагымсыз бир нерседен кабар бергендей бир башкача согуп жатты.
Эртеси түн оокумда баягы балдар дагы келишти. Бирок, бул жолу баягыдай тез эле кетип калбай, көпкө чейин талашып-тартышышты. Бирөөсү эмнегедир ачууланып, аялдарга чала-була кыйкырып да алды. Акыры бир пикирге келишпегенден соң балдар кетип калышты. “Эмне болду?” деп сурасам: “Акчалары аз экен, болгон товарды ушул акчага бергиле деди эле, биз бербей койдук. Анда азыр жетпегенин алып келебиз деп кетишти”,- деди. Менин жүрөгүм бир нерсени сезгендей: “Жүргүлө, кетип калалы, карматып коюшпасын!”,- деп жалдырап жибердим. Анда мени жоошутушуп: “Карматышпайт. Булар биздин ишеничибизге кирген. Азыр акча алып келишет”,- деп такыр эле камаарабай коюшту. Өзүм качып кетейин десем түн ортосунда кайда бараарымды билбейм же бир ооз орусча сөз билсемчи. Акыры кетүүгө жалдырап жатып аялдарды көндүргөндөй болдум. Бирөөсү: “Чын эле кетели, кокус карматып коюшпасын”,- десе, экинчиси: “Дагы жарым саат күтөлү, келбесе, анан кетели”,- деп калды. Биз да анын сунушуна көнүп отуруп калдык. Бирок, арадан жарым саат эмес, 10-15 мүнөт өтпөй эле эшик такылдап, тигил экөө­нүн ордуна милиция кийимдерин кийген жайнаган адамдар кирип келишти. Бизди дубалды каратып тургузуп коюшуп, өздөрү үйдүн чаң-тополоңун чыгара тинтип киришти. Ары чачышты, бери чачышты, эч нерсе таппаганда акыры кемпирди көтө­рүп, матрацтарды оодарышып, андагы “товарларды” таап чыгышты. Анан орусчалап сүйлө­шүшүп, кагаздарга бир нерселерди жазышты да, кемпирден башкабызды машинага салып алып кетишти. Мы­на ошентип, баары бүттү…
Көпкө созулбай сотубуз болду. Сотто бизди издеп барган эч ким болгон жок. Болгону орус аял биз жөнүндө билгендерин: “Экөө Кыргызстандан келген сайын биздин үйдө акча төлөп жашашат, бирөөсү эч нерсени түшүнбөйт, жаңы келди. Мен алардын баңгизат сатаарын билген эмесмин. Апам оорукчан, сүйлөй да, баса да албайт. Ошондуктан, анын астына баңгизат бекитип жүрөөрүн билбегем…” деп жазып бериптир. Сот болгондо да күбө катары келип ушуларды айтып, өзү акталып чыгып кетти. Бизди болсо түрмөгө кесип жиберди. Мени 15 жылга, тигил экөөнү 25 жылдан.
kadin_cezaevi_ic
Мына ушинтип бир чети тигилерге алданып, экинчиден, өзүмдүн да кыска ойлонгондугумдан түрмөнүн тузун татып чыктым. Алгачкы жылдары ит көрбөгөн кордукту көрдүм. Түрмөнүн аялдары жылаңачтантып бийлетишип, тил билбегенимден алардын айткандарына түшүнбөй калсам дагы кордошуп… Ий, бети курусун, алардын мага көрсөтпөгөнү калган жок. Бир жылдан кийин мени мындай азаптан башка түрмөдөн которулуп келген өзбек аял кутултту. Азиат деп жан тарттыбы же чын эле менин абалыма боору оорудубу, жакшы эле колдоо көрсөттү. Бирок, мен түрмөдө ушунча жатып нашаа, тамеки дегенди оозума алган жокмун. Орусча үйрөндүм, атүгүл, акыркы жылдары кайтаруучулар менен жакшы болуп, сырттан тамеки, тиш паста сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү нерселерди ыңгайын келтирип алдырып, бир аз акча да топтоп алгам. Отурганыма беш жыл болгондо мунапыска туш болуп, жүрүш-турушу жакшы делинип биротоло бошонуп чыктым. Беш жыл бою ата-энемден, уулумдан бир кабар ала алган жокмун. Жаңыдан отурганымда болгонун болгондой кылып төкпөй-чачпай жазып жөнөткөм. Бирок, жооп келген жок. Балким, ал катым жеткен деле эместир. Уулум ошол жылы 1-класска бармак, эгер барса, азыр 5-класста окуп калгандыр. Кандай болуп чоңойду экен? Мен жөнүндө укту болду бекен? Мен барсам тааныбай калса керек? А ата-энемчи? Алар мени ойлоп картайып, чачтары куудай агаргандыр? Деги аман-эсен болушту бекен?..
Ага боорум ооруп, айтып бергендери көз алдымдан кетпей жүрүп отуруп Бишкекке кантип келип калганымды да билбей калдым. Анан темир жолдон экөөбүз жылуу коштошуп, эки тарапка кеттик. Ошол бойдон көргөн жокмун. “Байкуш келин эмне болду экен? Ата-энеси кандай кабыл алышты? Уулучу?” деп бассам-турсам ойлой берем. Чын эле эмне болду экен?…
The post Москванын турмөсүндө 5 жыл отурган аял appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 26, 2015 at 11:38PM

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close