АПАМДЫН ОН ЖАЛГАНЫ

Бирөөнүн жазган каты тууралуу экен. Ошол кат мени терең ойго салды. Ал тургай аны окуп отуруп тамагым буулуп, мукактанып, көзүмө жаш тегеренди. Апамды сагынганымды, анын мээримин эңсеп турганымды туюп, ага телефон чалдым… «Ал кандай кат болду экен?» деген ой жаралып жатса керек окурманда. Ал катты сиз да окуп көрүңүзчү. Көрсө, энелер дагы жалган айтышат экен, бирок…

Бардыгы мен кичинекей кезден башталды. Кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир нерсе болуп калса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Табагыма салып жатып мага жылмайып «ал, балам, мен ачка эмесмин» деп коёр эле. Бул апамдын биринчи жалганы.

Маал-маалы менен мага балык бышырып берчү. Бир жолу карасам, мен жеп бүткөн балыктын сөөктөрүн тазалап жаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «коюңузчу, апаке, мына муну чогуу жейли» десем, «жок, балам, өзүң эле же, мага балык жакпайт деле» деп койду. Бул апамдын экинчи жалганы.

Окуума акча керек болуп калды. Апам почтадагы жумушунан тышкары башка ишкананын кагаздарын да үйдөн толтурчу болду. Бир түнү ойгонуп кетип карасам, апам шамдын жарыгында жазып отурган экен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте жумушка барышыңыз керек» десем, апам сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «алтыным, жата гой. Чарчаган жокмун» деди. Бул апамдын үчүнчү жалганы.

Мамлекеттик экзамендер башталды. Колдоп келген апам мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзамен бүтөрү менен дароо апамдын жанына бардым. Ал мага суусундук ала келиптир. Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкап бөтөлкөнү сунсам, «жок, балам, апаң суусаган жок» деп жооп берди. Бул апамдын төртүнчү жалганы эле.

Кийинчерээк атамдын оорусу күчөп, акыры көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Күндөн күнгө жашообуз оорлой берди. Айылдагы кошуналар апама «турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң» деп айта башташты. Бирок, апам «мен сүйүүгө муктаж эмесмин» деп койчу. «Өгөй атаны каалабайт» деп мени ойлогон окшойт, азыр ойлосом. Бул апамдын бешинчи жалганы болчу.

Университетти бүткөндөн кийин шаарда эле калууну чечтим. Апам пенсияга чыкты. Бирок, ал дагы деле базарга чыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү. Мен жиберген акчалардын бир тыйынын да коротпостон чогултуп, «мага баары жетиштүү, өзүңдүн керегиңе жарата бер» деп кайра берер эле. Бул апамдын алтынчы жалганы.

Чет өлкөдө окуумду улантмакчы болдум. Ал жактан жакшы жумуш да чыгып калды. Апама «жүрүңүз, апаке, мени менен бирге жашайсыз» десем, мени кыйнап койбоюн деген ойдо «жок, менин башка жакка көнүп кетишим кыйын» деди. Бул апамдын жетинчи жалганы болду.

Бир нече жылдан кийин апам ашказан рагы менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра келдим. Бөлмөсүнө кирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанында отурганымда мени карап, кабатыр болбосун дедиби, айтор, жылмайганга аракет кылды. Бирок, оору апамды өтө эле алсыз кылып коюптур. Акыбалы оор болуп калган экен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнө келгенге аракет кылып, «алтыным, ыйлабачы, мен кыйналбай элемин…» деп коёт. Бул апамдын сегизинчи жалганы эле.

Сегизинчи жалганын айткан соң бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Фейсбуктан алынды

Live Covid-19
USA 1,965,912
Жуктургандар: 1,965,912
Каза тапты: 111,394
Айыккандар: 738,729
Активдүү: 1,115,789
Brazil 646,006
Жуктургандар: 646,006
Каза тапты: 35,047
Айыккандар: 302,084
Активдүү: 308,875
Russia 449,834
Жуктургандар: 449,834
Каза тапты: 5,528
Айыккандар: 212,680
Активдүү: 231,626
Spain 288,058
Жуктургандар: 288,058
Каза тапты: 27,134
Айыккандар: -
Активдүү: 260,924
UK 283,311
Жуктургандар: 283,311
Каза тапты: 40,261
Айыккандар: -
Активдүү: 243,050
India 236,954
Жуктургандар: 236,954
Каза тапты: 6,649
Айыккандар: 114,073
Активдүү: 116,232
Italy 234,531
Жуктургандар: 234,531
Каза тапты: 33,774
Айыккандар: 163,781
Активдүү: 36,976
Peru 187,400
Жуктургандар: 187,400
Каза тапты: 5,162
Айыккандар: 79,214
Активдүү: 103,024
Germany 185,414
Жуктургандар: 185,414
Каза тапты: 8,763
Айыккандар: 168,500
Активдүү: 8,151
Turkey 168,340
Жуктургандар: 168,340
Каза тапты: 4,648
Айыккандар: 133,400
Активдүү: 30,292
Iran 167,156
Жуктургандар: 167,156
Каза тапты: 8,134
Айыккандар: 129,741
Активдүү: 29,281
France 153,055
Жуктургандар: 153,055
Каза тапты: 29,111
Айыккандар: 70,504
Активдүү: 53,440
Chile 122,499
Жуктургандар: 122,499
Каза тапты: 1,448
Айыккандар: 95,631
Активдүү: 25,420
Mexico 110,026
Жуктургандар: 110,026
Каза тапты: 13,170
Айыккандар: 78,590
Активдүү: 18,266
Saudi Arabia 95,748
Жуктургандар: 95,748
Каза тапты: 642
Айыккандар: 70,616
Активдүү: 24,490
Canada 94,335
Жуктургандар: 94,335
Каза тапты: 7,703
Айыккандар: 52,568
Активдүү: 34,064
Pakistan 93,983
Жуктургандар: 93,983
Каза тапты: 1,935
Айыккандар: 32,581
Активдүү: 59,467
China 83,030
Жуктургандар: 83,030
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,329
Активдүү: 67
Qatar 65,495
Жуктургандар: 65,495
Каза тапты: 49
Айыккандар: 40,935
Активдүү: 24,511
Bangladesh 60,391
Жуктургандар: 60,391
Каза тапты: 811
Айыккандар: 12,804
Активдүү: 46,776
Belgium 58,907
Жуктургандар: 58,907
Каза тапты: 9,566
Айыккандар: 16,112
Активдүү: 33,229
Netherlands 47,152
Жуктургандар: 47,152
Каза тапты: 6,005
Айыккандар: -
Активдүү: 41,147
Belarus 46,868
Жуктургандар: 46,868
Каза тапты: 259
Айыккандар: 22,066
Активдүү: 24,543
South Africa 43,434
Жуктургандар: 43,434
Каза тапты: 908
Айыккандар: 23,088
Активдүү: 19,438
Sweden 42,939
Жуктургандар: 42,939
Каза тапты: 4,639
Айыккандар: -
Активдүү: 38,300
Ecuador 41,575
Жуктургандар: 41,575
Каза тапты: 3,534
Айыккандар: 20,568
Активдүү: 17,473
UAE 37,642
Жуктургандар: 37,642
Каза тапты: 274
Айыккандар: 20,337
Активдүү: 17,031
Singapore 37,183
Жуктургандар: 37,183
Каза тапты: 24
Айыккандар: 24,209
Активдүү: 12,950
Colombia 36,635
Жуктургандар: 36,635
Каза тапты: 1,145
Айыккандар: 13,638
Активдүү: 21,852
Portugal 33,969
Жуктургандар: 33,969
Каза тапты: 1,465
Айыккандар: 20,526
Активдүү: 11,978

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.