alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор(жумадан-жумага). 31-Бөлүк

-Куран окуганда бир канча кишинин атын атаса болобу? Нази
-Маркумдун атын атаса да, атабаса да болот. Бардык момундарга атап окуп койсо анын ичине өзүнүн атасы да кирет. Баарына бирдей жетет. 
-Көчөдө аялдар мага “Кудай Жахаба, элчиси Ыйса” деди. Ким ал? Баптист эмеспи? Менин кудайым Аллах экенин билем, мындай атты укпаптырмын. Жумагүл
-Туура кыласыз, баарыбызга бир Жараткан бар, ал- Аллах. Алар адашкан, Кудайга шек келтирген адамдар. 
 -6 күн арак ичип жума намазга барса кандай болот? 055060…
-Туура эмес, 6 күн арак ичип алып жума намазга баруу мазактагандык болуп калышы да мүмкүн. Намаз жаман иштерден кайтаруусу керек. Ошондуктан, 5 убак намаз окуп баштаңыз, бул арак ичүүдөн кутулууга жардам берет. 
-Жашым 33тө. Ажырашканыма 8 жыл болду. Врачтар турмушка чык дегенинен өзүмдөн 18 жаш улуу адам менен сүйлөштүм. Ата-энем макул эмес. Себеби жашы улуу, энесинин улуту башка, бирок, мусулман. Шариятта улутуна, уруусуна, жашына карагыла деп жазганбы? 077783…
-Шарият улутуна, жашына карабайт. Бир динде болушу керек. Эки тараптын тең макулдугу болушу шарт. 
-Ата-энем, үй-бүлөм менен Бишкекте жашайбыз. Атам айылда жашайм дейт, аларды жалгыз жөнөтсөм кыйналат. Аялым барбайм дейт. Кыйналдым. Кеңеш бериңизчи. Нурдин 
-Ата-эненин айтканын жасап, ыраазы кылуу керек. Ата дубасын алсаңыз, эки дүйнөдө бактылуу болосуз. 
-Кимде ким таштап кеткен наристени багып чоңойтсо ал үчүн бейиштин эшиги ачык деген туурабы? 077780…
-Аны үчүн Аллах чоң сооп берет, күнөөлөрү кечирилет. Албетте, даражасы жетсе бейиш бардык эле момундарга ачык. 
-Тамактангандан кийин 5 жаштагы балама куран окутам. Сөздөрүн так, туура айтат. Же жаш баланыкы кабыл болбойбу? Өзүм же 14 жаштагы балам окушу керекпи? Рангүл
-Жаш баланыкы да кабыл болот. 
-Түшкө бир эле нерсе 3-4 жолу кирсе Алла тарабынан жиберилген деген туурабы? Мага 3-4 жолу биздин жолго түш деп периште кирген, аппак жибектен көйнөк кийген, бою асман тирейт. Ошондон кийин намаз окуп калдым. 077185…
-Алла тарабынан берилген, анан шайтан тарабынан берилген түштөр болот. Бардык эле түштөргө ишенгенге болбойт. Түшүңүз себеп болуп оң жолго түшкөнүңүз жакшы болуптур. 
-Кош бойлуумун. Күйөөм жумушунан бирөөнү таап алган. Анын да күйөөсү бар, кош бойлуу. Жиним келип боюмдан алдырсамбы дейм. Аны менен да урушкам, күйөөсүнө чейин жеткен. 0777410…
-Бойдон алдыруу күнөө, алдырбаңыз. Эгер, никесиз бирөө менен мамиледе болсо, чоң күнөө кылып жатыптыр. Мунун жазасы катуу. Алланын каарынан корксун, бул дүйнөдө да жетип калышы мүмкүн. Тезинен тообо кылып, ал жолдон кайтсын.  
-Ишке байланыштуу куптандан кийин бешим намазынын парзын окуйм. Туурабы? +770185…
-Туура эмес. Намаз өз убагында окулушу шарт. Жумуштан түштөнүүгө чыкканда намазды да окуп алыңыз. 
-Намаз окуйм, бирок оронбойм. Ороном деген ниетимди сиңдим угуп алып так секирди. “Бул ата-бабабызда жок. Түрктөрдүн копировкасы” дейт. Акыркы 5-6 жылда оронгондор көбөйдү. Сиз эмне дейт элеңиз? 077185…
-Оронуп жүрүү муфтияттын, жеке адамдын же бир улуттун пикири эмес, Кудайдын буйругу. Түрк дагы, кыргыз дагы Аллахтын астында бирдей мусулман. Бул копировка эмес, Аллахтын өкүмү. Аны аткарбагандар жазасын алат. Кыяматта сизге сиңдиңиз жооп бербейт. Ар ким өз жообун тартат. Ата-бабабызда жок десеңиз жаңылышасыз, Курманжан датканын баш кийими шарияттын талабына туура келет. Колуңуздан келсе ошондой оронуп алыңыз. Азыркы күндө заманга ылайык оронуп алсаңыз туура кылган болосуз. 
-Козу карын адалбы? 077394…
-Ден соолукка зыян эмес болсо адал. 
-Жолдошум менен урушкан сайын апама айтып жүрүп жолдошумдун сыйын кетирип алдым. Бирок, аны жакшы көрөм. Эмне кылышым керек? 077960…
-Жолдошуңуздан кечирим сураңыз. Мындан ары сөз ташыбаңыз. Сабырдуу, кечиримдүү болуңуз. 
-Адам катуу ооруп же операция болсо садага өткөрүшөт. Бул эмне? 077780…
-Садага балээлерди кайтаруучу дешет. Ошон үчүн садага берсе Кудай жамандыктарды кетиргенге себеп кылат. 
-Медитация шариятка каршыбы билбейм. Мурда сүкүт чалышчу экен го. Ошонун бир түрү экен. Бир чекитти карап, көздү жумуп концентрация кылсаң асмандан нур келип, көкүрөктөн кирип, жаман энергия башыбыздын төбөсүнө чыгат экен. Ден соолукка пайдалуу, стресстен арылтат экен. Намаз окуйм, медитация болобу? 077185…
-Анын ордуна муракаба кылсаңыз максатка ылайыктуу. Ошол эле стрессти жоё турган зикир бар исламда. Көздү жумуп, кыбылага карап отуруп, оюңузду жыйнап, көңүлүңүз менен жүрөгүңүздү бириктирип, тилиңиз менен айткан зикирдин маанисине ой чаптырып тереңдеп отуруп Алла менен байланыш түзөсүз. 
-Нике окуганда күйөөсү мас болсо нике өтөбү? 077944…
-Сүйлөгөн сөзүнө, ой жүгүртүүсүнө караш керек, өтпөй калышы ыктымал. 
-Кыз турмушка чыккандан кийин ата-энесинин үйүндө ата-энесине катмы-куран окутуп койсо болобу? Кыздар бирөөнүн бүлөсү, өтпөйт дешет го. 077337…
-Куран окутуу руханий нерсе болгондуктан кайсы жерде болбосун, ким тараптан болбосун калыс ниет менен кылынса жарай берет. 
-Бизге көбүнчө бардык мусулмандарга деген каттар келет. Сактаганга да, жыртып салганга да болбойт экен. 077968…
-Шариятта андай нерсе жок. Көңүл бурбаңыз. 
-Мусулман аял жолдошуна бийлесе болобу? 077977…
-Албетте, болот. 
-Жолдошумдун атын атабай «жаным», «сүйүктүүм» деп коём. Күнөө эмеспи? 077977…
-Күнөө эмес. Тескерисинче, эң жакшы. 
-Аял киши жүзүн жаап жүрүү үчүн арабча так окууну билүү керекпи? Кайни, кайнаганын алдында ачык жүрсө болобу?
-Аял оронуп жүрүүсү үчүн арабча билүүсү шарт эмес. Жөн гана жоолук салынуу парз. Кайни, кайнаганын алдында ачык жүрсө болбойт. Себеби аларга да нике жүрөт. Ал эми кайнатасынын алдында ачык жүрсө болот. Себеби, анын кызындай кабыл алынат. 
-Келиндин жүгүнүүсү шариятка туура келеби? 
-Тизеге чейин жүгүнбөстөн башын ийкеп, урмат көрсөтүү ниетинде болсо болот. 
-3 күндөн бери ушундай болуп өлөсүң деген түштөр кирип жатат. Уктай албай жатам. Деги түшкө ишенсе болобу? 077888…
-Садака кылыңыз, намаз окуңуз. Кудайдан дуба кылып сураныңыз. Даарат алып, дуба окуп, кыбыланы карап, оң жамбашыңыз менен жатыңыз. 
-Хазретиге кол берсе күнөөлөр кечирилет деген туурабы? Мен өтө мерезмин. Бул адатымды жоюуга аракет кылсам да болбоду. Эмне кылсам? Асума 
-Кайсы Хазрети? Такташ керек. Негизи күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн тообо кылуу керек. Устазынын алдында “тообо кылдым, күнөө кылбаганга сиздин алдыңызда сөз берип жатам, мени тарбиялаганга жардам бериңиз” деген маңызда кол берүү болот. Бул жөн эле кол берип коюу эмес, күнөөлөрдү кылбайм деп устазынын алдында убада берүү. Өзүн өзү тарбиялоонун бир ыкмасы. 
Мерездиктен арылуу үчүн Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Дайыма садака бергенге аракет кылыңыз. 
-Аллах жөнүндө уксам өкүнөм. Өзүмдү басып алалбайм. Түшүмдө мечит, кара ташты көргөм. Күнөө эмеспи? Намаз китептерди окуймун. 055241…
-Өкүнүүнүн кереги жок, Аллахты чын дилден сүйүү керек. Диний маалыматтарды окуй бериңиз. Аллахтын парздарын аткарыңыз. 
-Күйөөмө таарынганда “ажырашам” деп көп айтамын. Нике бузулабы? +79826…
-Нике бузулбайт. Аял талак бере албайт. Бирок, ажырашам дей бербеңиз. Күйөөңүздү, балдарыңызды кадырлаңыз. 
-Арактан тапкан пайда арам дегенинен сатпай койдум. Бирок карта сатам, болобу? 077780….
-Болот. 
-Оомийин кылганда кол менен бетти сылаган эмнени билдирет жана аны аткарбагандарга динибиз кандай карайт? 
Жетекчилерибизге (министр, депутат, милиция, сот, аскер жана башка кызматкерлерине) даават иштерин жүргүзүп жатасыздарбы? Кеңешбек
-Колду бетке сүртүү дубанын адептери болуп эсептелет. Эгер бирөө андай кылбай койсо эрежени бузду, одоно мамиле кылды деп айтылбайт. Жөн гана мустахаб амал катары кабыл алынат. 
Даават айтуу баарыбыздын парзыбыз. Маалымат каражаттары аркылуу, жума намазда даават болуп жатат. Ушулардан ар бир адам пайдаланып жатат деген ойдобуз. 
-Келинчегим менен кошулаардын алдында интимдик кинотасмаларды көрсөм болобу? 
-Болбойт. 
-Шарият жолунда кайсы адабияттарды окусам болот? 070266…
-Сүннөт багытында, турмуш багытында, бактылуулук жөнүндө китептер чыккан. Алып окусаңыз болот. 
-Шариятта тушоо кесүү барбы? 055550…
-Жок. 
-Айыз убагында тамак жасаганга болбойбу? 077977…
-Болот. Айыз учурунда жыныстык катнашка барганга болбойт. Калган иштердин баарын жасай берсе болот. 
-3- 4- 5- күндөрү кошулууга болбойбу? 
-Андай сөз жок. 
-Намазды беш жыл кеч баштап калдым. Каза намаздарды кантип толтурам? Окуу тартиби кандай? 077224…
-Окуп баштаган күндү жазып коюп, ар бир окуганда эң алгачкы каза намазын окууга ниет кылат. Ар бир намазда эң алгачкы каза намазын окууга ниет кылына берет, кийинки намаз алгачкы намаз болуп кала берет. Чогуу окуп койсо деле болот, ар бир намаздан кийин бөлүп окуса деле болот. 
-Көпчүлүктү талак, ажырашуу маселеси кызыктыргандыктан ошого да да жооп бере турган дин кызматкери жалпы суроого жооп берсе, Чубак ажы Жалилов чогуу жооп бере албайт экен? 077118…
-Талак (ажырашуу) СМС аркылуу бир эле суроо менен чечилип кала турган маселе эмес. Муну туура түшүнгүлө. Маселенин чоо-жайын так билбей туруп адамдардын тагдырын чечип коё албайбыз. Талак сөзүн айтуунун түрлөрү көп. Бир адам менен экинчи адамдын талак айтуу жолу туура келбегендиктен ар бир адамга жекече жооп берилет. Окурмандар туура эмес жыйынтык чыгарып албоосу үчүн баары ачык айтыла бербейт. Талак өтө орчундуу болгондуктан, бир үй-бүлөнүн тагдыры чечилип жаткандыктан терең изилдеп, тактап, анан бир чечим чыгаруу керек. Ошондуктан бул гезит аркылуу бүтүп калбайт, муфтиятка же мечиттерге келип, талак маселесин жакшы билген дин кызматкерлеринен тактап алышыңар керек же кат аркылуу кайрылышыңар керек. Албетте, талак боюнча жалпы түшүнүктү ар бир адам билүүсү шарт. Талакты эркек адам берет. Аял талак бере албайт. Талак кызганганда, уруша кеткенде, мас болгондо, ачуусу келгенде айта берчү нерсе эмес! Жубайлар такыр бирге жашай албай калган мезгилде, жакындары менен кеңешип, анан ишке ашырылат. Аялдарга айтаарым, үч талагымды бер деп сурабагыла. Эркектерге да айтаарым, үч талак бербегиле. Бир талак жетиштүү. Үч талактан кийин кайра чогуу жашоого жол болбой калат, ачуусу тарагандан кийин кайра жарашууга мүмкүнчүлүк болушу керек да. 
-Мурда үйлөнүп ажырашып кеткенмин. Бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнбүз. Туугандары мурда аял алыптыр деп каршы чыгышты. Ушул туурабы? 077891…
-Алган болсо алган деп айтат да. Ага чычалаштын кереги жок. 
-Аялдар эмне үчүн жаназа окушпайт, мүрзөгө барышпайт? 070002…
-Шарият буйруган эмес. Анткени, аялдар табиятынан назик келишет. 
-Намаз окуп жатканда оозумду ачып эстей берем. Башка убакта жакшы элемин. Эмне себептен? 077905…
-Бул шайтандан деп коюшат. Эстегенде колуңуз менен оозуңузду жабыңыз. 
-Боюнда барда талак өтпөйт дешет. Туурабы? Кызыбыз үчкө чыгып калды, жашап жүрөбүз. Күнөө эмеспи? 077944…
-Талак айтылган болсо боюнда болсо деле өтөт. 
-Сүмөлөк кайнаткан сооп ишке жатабы? 077149…
-Ниетке жараша. Адамдарга берип, ыраазы кылып, сообу тийсин десе болот. Аллах ыраазычылыгы үчүн кылынган бардык жакшы иштердин сообу тиет. 
-Даараттагы истижмарды суу бар болсо деле жасаса болобу? Жел эле чыкса, заара кылбаса деле толук даарат алынабы? 077378…
-Истижмар, суу менен жууш бирге жасалышы керек. Ошондо даарат толук болот. Ал эми жел чыкканда истинжа кылбай эле, колдон баштап даарат алса болот. 
-Казакстанда иштейм. Келинчегим Бишкекте. Казакстанда намазды касыр окуймбу же толукпу? Бир жумада бир барам Бишкекке. +770154…
-Туруктуу жайыңыз Бишкекте болсо Алматыга 15 күндөн аз убакытка ниет кылып барган болсоңуз, ал жакка барганда жана жолдо касыр намаз окуйсуз. 15 күндөн ашык турганга ниеттенип чыккан болсоңуз жолдо касыр окуйсуз, Алматыга жеткенден баштап толук окуйсуз. 
-Намазда зам сүрө катары “ясин, бакара, мулк” сыяктуу узак сүрөлөрдөн аят окуса болобу? 077378…
-Болот. Жалгыз окуганда каалаганча узун сүрөлөрдү окуй бериңиз. Жамаат менен окуганда кыскараак окуганыңыз жакшы. 
-Ишрак, Зуха намаздарынын убактысын айтып берсеңиз. 077182…
-Ишрак – күн толук чыккандан кийин окуп башталат, күн эки найза көтөрүлгөнгө чейин ишрак намазынын убактысы. Күн толук көтөрүлүп жайылып алгандан кийин тикеге келгенге чейин зуха убактысы болот. 
-Иттер периштелерди көрсө качырат имиш, анда ит бакпаш керекпи? 077182…
-Ит бар жерге периште кирбейт деген хадис бар. Шаар жеринде ит багуунун зарылчылыгы жок. Айыл жеринде малдарды уурудан, жырткычтардан коргоо үчүн ит бакса болот. 
-Жолдошум намаз окуп, дааватка чыгат. 15 жылдан бери чогуу жашайбыз. Дагы башка аял менен жашап 14 жаштагы кызы бар экенин билдим. Таарынычымды айтсам жаман сөздөр менен сөгөт. Же тиги аял да тынчтык бербейт. Мага каршы күйөөмдү тукурат. Дааваттан келген сайын бизге терс мамиле жасайт. Дааватта аялга кандай кароону, адептүүлүктү үйрөтүшсө, эки аял алганга эмес да. Деги эле Кыргызстанда бир бүлөнү да камсыздай алышпайт. Артыңдан чуркап жүрүп алышып кызыгы таркаганда сүннөт деп башка аялга чуркашат. Бул туурабы же мусулман эркек өз кыздарын экинчи аял болууга үгүттөгөнүбү? 070004…
-Көп аялдуулукту туура түшүнүп алуу керек. Сүннөткө шылтоо кылып эле кумардын кулу болуп ислам динин булгабагыла. Экинчи аял алуунун да шарттары болот. Жаш аялга чуркабастан жесир, баласын бага албай калган, турмуштан кыйналып калган аялдарга жардам берүү максатында аларды аялдыкка алууга ислам уруксат берген. Бул кумардын кулу болууга эмес, социалдык көйгөйдү чечүүгө багытталган. Исламды жаман көрсөтө турган нерселерди кылбагыла. Бир сүннөттү аткарам деп динге терс таасирин тийгизип жаткан болсо, андан баш тартуу керек. Алдын ала ойлонгула. 
-Мен Орифлеймде косметика сатып иштейм. Анда артынан канча көп адам жазылып, алар канчалык көп иштесе жазган адам ошондон айлык алып турат. Бул арам эмеспи? (ред. Тармактык маркетингдин терс жактарын айтып, каршы чыккандар да болуп жатат) 055598…
-Тармактык маркетингди исламга шайкеш кылуу үчүн ар бир компаниянын ишин жекече караш керек. Мисалы, Орифлеймде ар бир адам өзүнүн акчасына буюм сатып алат. Реклама кылуу максатында кызыктырып алып келет да, бир жагынан жумуш, алып үстүнө акча кошуп сатканга болот, экинчи жагынан өзү пайдаланат. Башка бир учурларда тармактык маркетингдин иши дурус болбой калат. Мисалы, жок нерсени сатат, кайсы бир банкта турган бриллиантты сеники болду деп акча алып, пирамида түзүп, 5-6 шакекчени толтурсаң мынча сомго ээ болосуң деп кызыктырып жатканы дурус эмес. Шарият муну жактырбайт. Шарият боюнча ар бир иш бааланышы керек. Кээ бир компанияларда арзан буюмду жогору баага сатып, адамдарды кызыктырып пирамида кургандыгы шариятка туура келбейт. Базар баасынан жогору саткандыгы үчүн, экинчиден ошол буюмду компанияга киргенде гана ала аласың деген шарттар коюлгандыгы үчүн жана кызыктыруучу акчасы адамдын санын толтурсаң берилет, толбосо берилбейт деп адамдын кызматын баалабагандыктан шарият жактырбайт, уруксат бербейт. Анан да биринчи баскычта киргендер утушка ээ болуп, кийинки киргендер эч нерсесиз калат. Ал эми шариятта ар бир адам берген акчасына жараша буюмду сатып алышы керек. Ошондо соода толук болуп эсептелет жана ар бир адамдын кылган иши бааланышы керек. 
-Иса пайгамбар асманга чыгып кеткен. Кайра келем, күткүлө дегени чынбы? 077951…
-Чын. Акыр заман болгондо түшөт. 
-Колун кайчылаштырса шайтан периштени жеңет деген чынбы? 077845…
-Шариятта мындай сөз жок. 
-Багымдатты окуп туруп, чачын жазып, шым кийип жүрсө болобу? Гуля
-Намаз окуу өзүнчө парз. Жоолук салынып, жабык кийинүү өзүнчө парз. Намаз окугандыгыныңыз үчүн Аллахтын алдында карызыңыздан кутуласыз, оронбогондугуңуз үчүн күнөөкөр болосуз. 
-Истихаара намазын көп окуйм. Бирок, жаман же жакшы болоорун анык билбейм. 
-Дагы окуй бериңиз. Балким билбей жаткандырсыз. 
-Мен кызмын, бирок, бир эжени катуу сүйүп калдым. Кыз болуп туруп жигиттерге караганда аял кишини көбүрөөк жактырса ошол кыз өмүрү төрөбөй калабы? Ушундай сүйүү болушу мүмкүнбү? 077390…
-Биринчиден, Аллахты сүйүү керек, анын элчисин, динин, анан ата-энени, өмүрлүк жарды сүйүш керек. Ал эжени адам катары жакшы көрүңүз. Жаман оюңуз болбосун. Кыз менен жигиттин сүйүүсү никеден кийин башталат. Ага чейин кыз-жигит болуп жүрүү шариятта күнөө. Бир жыныстуу мамиле дагы чоң күнөөлөрдөн. 
-Намаз окуп, шарият жолунда жүрөм. Бирок, ата-энемди эч ыраазы кыла албайм. Айтканын кылып, жакшы мамиле кылсам да катуу сөздөр менен урушат. Кандай кылуу керек? 077324…
— Сабыр кылыңыз. Ата-эненин кызматын талыкпай кыла бериңиз. Алардын жүрөгүнөн орун алыңыз. Дуба кылыңыз, жакшы иштерди жасап, сообун ата-энеңизге багыштаңыз. Өзүңүздө да кемчиликтер бардыр, изилдеп чыгыңыз. Ата-энем мени жакшы болсун деп айтып жатат деген ой сизде ойгонгондо аны кемчилик катары сезбей каласыз. 
-Кыз бала көп илим алуу керекпи? Кээ бирөөлөр “намаз, куран окуганды билсе болду, үйдө отуруу керек” дешет. 077324…
-Жок, туура эмес түшүнүк. Кыз бала да терең илим алсын. Колунан келсе исламга кызмат кылсын. Илим алганга эркектер да, аялдар да бирдей акылуу. 
Даярдаган Назира Тилекова, «Тамчы»

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Насвай чексе болобу?шарият бойунча адалбы же

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button