Макалалар

27-СООБУ НАМАЗДЫН БАР ЭКЕНИН БИЛЕСИЗБИ?!

Адатта адамзаты жеңилдиктер менен сыйлык алууга шашкан жандарбыз. Соода да ошондой качан аксия болот экен деп күтүп,каалаган нерселерибизди арзан баада сатып алгыбыз келет. А бул дүйнө иштери үчүн гана күнүмдүк жашоого керек болгон кумарлануу болуп эсептелет. А Аллах Таалам түбөлүк сыйлык,жакшылыктарын кандай амал кылсак берээрин эскертип,убада берип турса да кайдыгер болуп келебиз. Анткени биз көрпендебиз курсак тойуп,кийим бүтүн болгондон кийин жакшылык ээсин унутуп коёбуз. Чындыгында Аллах Таалам кээ бир амалдардын сообун эселеп берээрин айтып,биздерди ошол аркылуу даражабызды көтөрөт. Ошондой сыйы мол амалдардын бири -бул жамаат менен бирге окулган намаз. Буга далил..«Жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан 27 даража жогору.» (Бухарии, Азан, 30)
Демек сиздин жеке окуган жыйырма жети жолу окуган намазыңыздын сообу жамаат менен окулган бир намазга барабар. Эгер күндөлүктө беш убакыт намаздардын бардыгын мечитте,жамаат менен бир сапта туруп өтсөңүз, 135 эсе,ал бир жуманын ичинде 945 эсе көп сооп жыйнайсыз! Акыреттик жол дарбазаңызга бар болгону бир айдын ичинде 4050 эсе ,бир жылда 49275 эсеге көп сооп жүктөлүп, аркы дүйнөдө бул сизге таразада оорлук баса турган азык болот. Акылы бар адам мындай сооптон кол жууп калышы туура эместир?!
. Жамааттын зарылдыгын билдирген төмөнкy окуя көңүлдү өзүнө бурбай койбойт: Сахабалардын бири, эки көзү тең азиз болгон Ибни Умму Мактум, жамаат намазынан Азирети Пайгамбарыбыздан (саллаллоху алейхи васаллам) уруксат алыш үчүн:
– Оо, Алланын элчиси! Менин абалымы билесиң, үйүм менен мечиттин ортосунда дарактар, курмалар бар. Ар дайым эле жол көрсөткүч таба албайм! – деит. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
– Азанды угасыңбы? – деп сурайт. Ал:
– Ооба, – деп жооп бергенде:
– Андай болсо, жамаатка кел, жөрмөлөп болсо да… – деген. (И. Жанан, Кутубу Ситте, 8-256) ..
Дагы бир хадисинде:

«Караңгы түндө мечитке баргандар эч кандай көлөкө болбогон махшар күнү арштын көлөкөсүндө эс алышат.» – деп айтылат. (Ибни Маажа)..

«Куптанды жамаат менен окуган жарым түндү; багымдатты жамаат менен окуган түндүн бардыгын ибадат менен өткөргөндөй болот.» (Муслим, Масажид, 260) ..

«Ким бул беш убак намазды жамаат менен окууну улантса, Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай тез өткөндөрдүн башында болот. Мындан тышкары, Аллах аны табиъундардын алгачкы тобунун ичинде кылып тирилтет. Күнүгө ар түнү намазды жамаат менен окууну уланткандар Аллах жолунда курман болгон миң шеийттин сообундай сооп алат.» (Жамиул Фаваид, 2-246) ..

Жамаат менен окулган намаз момундардын ыйман күчүн арттырат. Жамаатты улантуу аркылуу ыймандуу коом сакталат. Хадисте мындай делет:

«Yйүнөн даарат алып мечитке намаз окуганы келген киши ихрам кийип, ажыга барган киши сыяктуу.» (Фазаилил Амал, 275)
Ошол кишинин мечитке баратканда таштаган ар бир кадамына бирден сооп жазылып, бирден күнөөсүкечирилет.

«Ким алгачкы такбирден кечикпей, кырк күн жамаат менен намаз окуса, ага эки бараат (мунапыс) берилет: бири – тозоктон кутулуу барааты, экинчиси – эки жүздүүлүктөн оолак калуу барааты.» (Муслим, Термезии) ..

Кыямат күнү Аллах Таала:
– Менин кошуналарым каякта? – дейт. Периштелер:
– Сенин кошуналарың кимдер, йа, Рабби? – деп сурашат. Алла Таала:
– Дайыма мечиттерге (жамаат намазына) келгендер – деп жооп берет.
Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):
«Мечит – ар бир такыбанын үйү. Үйү мечит болгон кишиге Алла жан-дүйнө жайлуулугун, мээримин берип, сырат көпүрөсүнөн өтүп, бейишке киришке, ошондой эле Алланын ыраазылыгына жетүүгө кепилдик берген.» (Табарании)..
Куптан менен багымдатты жамаат менен окуу бөтөнчө касиетке ээ:
«Куптан намазын (жамаат менен) окуган киши жарым түнгө чейин, ал эми багымдат намазын жамаат менен окуган киши түнү бою ибадат кылган болуп саналат.» (Муслим)..
«Адамдар азан окугандын жана алдыңкы сапка туруп намаз окугандын артыкчылыгын билишкенде, буга жетиш үчүн чyчyкулак кармаштан башка чара табылбаса,
сөзсүз түрдө, чyчyкулак кармашмак. Намазга эрте баруунун артыкчылыгын билишкенде, ага жетиш үчүн жарышмак. Куптан менен багымдаттын сообун билишкенде, сойлоп болсо да келишмек.» (Бухарии, Муслим)
Демек, мусулман-момун пенде намаздын сырына жетиш үчүн, көңүлү намазда, кулагы азанда болушу зарыл. Намазга чакыруу азан менен башталгандыктан, жамаатка кошулуу азанга кошулуу мененбашталат. Сахабалар азан айтылганда, бардык иштерин таштап, дароо намаздын атмосферасына кирип кетишчү. Балка урган колдору токтоп, сүйлөгөн тилдери тутулуп, дароо мечитти көздөй чуркашчу. Аллах менен бирге болуу ышкысына толгон жүрөктөрү төмөнкү хадисти ишке ашырышчу:
«Азанды укканыңарда силер да азанчынын айтканын кайталагыла! Андан кийин мага салават жана салам жолдогула! Себеби ким мага бир салават жолдосо, Аллах ага он салават (ыракым) жолдойт. Анын артынан мен үчүн ортомчу сурагыла. Ал (ортомчу) бейиште ушундай бийик даражада тургандыктан, Алланын кулдарынын бирине гана берилет. Мен ошол кул болууну тилеймин. Ким мен үчүн ортомчу тилесе, ага шапаатым адал болот.» (Муслим, Салаат, 11)

Жамаат менен окулган намаз тууралуу акыркы сөзүбүздү ар бир момундун жүрөгү мечитте илинип туруш керек деп аяктасак, жаңылышпайбыз. Жамаат менен окуу жумага барып Жумабай,же айтка барып Айтбай болуу эместир балки колдон келишинче мүмкүнчүлүк болсо ар бир намазды мечитке барып окуудур. Анткени кыямат күнү эч бир көлөкө болбогон ошол коркунучтуу жайда Аллах Таала берген көлөкө менен сыйлана турган жети топтогу кишилердин бир тобун «жүрөгү мечитке байланган» мусулмандар түзөт…
Аллах Таалам ар бир мусулман пендесинин,ата,ага,ини,байкелерибиздин жүрөгүн ойготуп,кайсыл жерде болбосун иши болобу,жумушу болобу мүмкүнчүлүк жолун ачып жамаат менен окууну насип этип, Өзүнүн раазылыгына бөлөгөн болсун! Омииин!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close