alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
МакалаларРубрикасыз

2039-жылы 2 жолу ажылык амалын аткарып, 3 жолу айт майрамын белгилейбиз

Саудия университетинин астрономия мугалими доктор Абдулла Маснад 2039-жылы мусулмандар Арафатта 2 жолу болорун жана 3 жолу Айт майрамын майрамдарын интернет барактарында айтып чыккан. Окумуштуунун айтымында 2039-жылы январь айынын башталышында бир ажы амалы аткарылса, ушул эле жылдын декабрь айынын аяк ченинде экинчи жолу ажы амалы аткарылат, тагыраак айтканда, 6-январь Арафатта туруу күнү болсо, ушул жылдын 26-декабрында дагы Арафатта турушат. Ал эми эки айттын ортосунда б.а. 19-октябрында Орозо айт майрамы белгиленет. Натыйжада, бир жылда үч жолу Айт майрамы белгиленип, эки жолу Ажы амалы аткарылат. Мындай эсебин доктор төмөнкүчө түшүндүрөт: Хижри жыл санагы (Ай менен эсептелет) Милади жыл санагынан (Күн менен эсептелет) кыска болот. Ай эсеби менен эсептелген хижри жылы, Күн эсеби менен эсептелген Милады жыл санагынан кээде 10, кээде 11, кээде 12 күн кыска болот. (Ошондуктан, Милади жылы боюнча Хижри жылы бир жылда он күн алдыга жылып турат. Рамазан айынын жыл сайын он күндөн алдыга жылып турганы ушундан улам болот). Тактап айтканда ар бир үч жылда, бир ай алдыга жылат. Мына ушундай Милади жылынын Хижри жылынан узун болгону себептүү, бир Милади жылына эки Ажы амалы туш келип калуусу мүмкүн б.а. Хижри жылы жаңырат да, Милади жылы жаңырганча экинчи ажылык убак кирип калат.
Мына ушул сыяктуу эле пикирин Алжирлик астроном жана физик Лут Банатиру да билдирген. Бул пикирлердин туура чыгуу-чыкпасы азырынча маалым эмес. Анткени, Хижри жылы айдын жаңырышы менен гана белгилүү болот. Ал эми айдын канча күндө жаңырышы белгисиз. Эмнеси болсо да, ошол күндөргө жетүүнү Алла насип кылса, мүмкүн бир жылда 3 жолу Айт майрамын майрамдап, 2 жолу ажыга жөнөп каларбыз. Алла баарыбызга ажы амалын аткарууну насип кылсын
The post 2039-жылы 2 жолу ажылык амалын аткарып, 3 жолу айт майрамын белгилейбиз appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 19, 2015 at 04:36PM

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button