Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: 1911-жылдагы Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун жардамы
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Макалалар > 1911-жылдагы Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун жардамы
Макалалар

1911-жылдагы Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун жардамы

admin
Жаңыланды: 2023/02/08 at 3:04 ТЧ
admin  - Charlestreri
#image_title
Бөлүшүү

Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун берген жардамы. Сөз 1911-жылдагы чоң зилзала тууралуу болуп жатат.

🏷️ 4-январь, 1911-жылы Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл аймагында катуу жер титирөө болуп, күчү 8-10 балга жеткендиги айтылат.

Ошол убактагы геолог Карл Богдановичтин маалыматына ылайык, зилзаладан 740тан ашык киши жабыркап, 1094 үй жана 4545 боз үй талкаланган. Андан сырткары 13 миңден ашык бодо мал жана майда жандыктар өлгөн.

 

Жер титирөөдө Каракол, Токмок, Алматы, Тараз, Ташкент шаарлары да жабыркаган. Жалпы Түркстан боюнча 2 миңден ашуун киши каза тапкан экен. Бул кырсыка Осмон түрктөрү ал убакытта 100 миң сомдон ашуун жардам берген.

 

📌 Бул жер титирөөгө Осмон мамлекетинде эки түрдүү жардам кампаниясы жүргөн. Биринчиси Стамбулда татарлар тарабынан ачылган Сырат-ы Мустаким журналы экинчиси Осмон мамлекети муфтияты.

Журнал алгачкы жолу 12-январдагы санында жер титирөө тууралуу жазып, элдин жардамга муктаж экендигин, бирок, тилекке каршы туугандарга эч кандай жардам бере албай колду жайып туруп бергендигин баяндап, кейип жазган. Журналдын кийинки сандарында да дагы элдин абалын, кыйраган үйлөр, суукта калган элди «Түркстанда азап» деген ат менен макала жазып турган.

📌 Көп өтпөй бул кабарды окуп калышса керек балким, биринчи жолу жардам Стамбулдун Бешикташ деген районундагы бир орто мектептин окуучулары жана мугалимдеринен келген. Алар колдорунан келишинче акча топтоп, кат жазып журналдын офисине жиберген. Катта “кыргыздарга, Ысык-Көлдө апаатка кабылгандарга боорубуз ооруйт, аларга жардам” деген мазмунда кат жолдоп, аты жөнүн жазышкан эмес.

📌Февраль этегинде болсо Стамбулдагы Кырым Студенттер Коому конференция өткөрүп, жардам топтошкон. Андагы жардам топтоо ыкмаларынын бири бир кишинин шахзаада белек кылган сааты жана бир баланын калпагы акцияга коюлуп сатылган жана түшкөн пайда Түркстанга топтолуп жаткан акчага кошулган. Бул жардам журналдын жазганы боюнча 1911-жылдын июнь айына чейин жүргөн. Айрыкча Фатих лицейи жана Ченгелкөй аскердик мектебинин окуучулары жана мугалимдери да акча топтоп жөнөтүшкөн.

📸 “Искра» гезитинин 1911-жыл 16-январдагы чыгарылышы.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: зилзала, тарых
admin 08.02.2023
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
admin
By admin Charlestreri
Катталуу:
https://t.me/pump_upp
Мурдагы макала Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
Кийинки макала Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?