alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Жаңылыктар
Эң мыкты

Казино мыйзам долбоорун колдогон комитеттин мүчөлөрү кимдер? (тизме)

Өлкөдө бир катар нааразылыктардан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.
Коомчулукта бул комитетке кимдер мүчө болгонун жана кантип кабыл алынганына кызыккандар көбөйдү.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрага жана орун басарлары:

Толонов Данияр Эрмекович Комитеттин төрагасы
1 .Абдибаева Айсаракан Нышановна Комитеттин төрагасынын орун басары
2. Бекешев Дастан Далабайевич Комитеттин төрагасынын орун басары
3.Бакиров Өмүрбек Мирзараимович Комитеттин төрагасынын орун басары

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү:

1. Токтошев Эмиль Токтакунович
Комитеттин мүчөсү
2. Абиров Жаныбек Болотбекович
Комитеттин мүчөсү
3. Алимжанов Фарходбек Айбекович
Комитеттин мүчөсү
4. Мажитова Шарапаткан
Комитеттин мүчөсү
5. Нарматова Надира Азимовна
Комитеттин мүчөсү
6. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич
Комитеттин мүчөсү
7. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович
Комитеттин мүчөсү
8. Талиева Камила Абдыразаковна
Комитеттин мүчөсү
9. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич
Комитеттин мүчөсү
10. Масабиров Талайбек Айтмаматович
Комитеттин мүчөсү
11. Алтынбеков Айбек
Комитеттин мүчөсү
12. Маматалиев Марлен Абдырахманович
Комитеттин мүчөсү
13. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Комитеттин мүчөсү
Аталган депутаттардан бир гана Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына “мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт”, — деп жазган.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде документти колдошорун билдиришкен.

Бул да кызыктуу

8 пикир

  1. Садыр баш болуп депукелер тош болуп баары биригип кот болуптур да

  2. Аллахтын жазасы оор .
    Ким Аллахтын мыйзамына каршы чыкса албетте алар зыянга учуроочулар

  3. Кыргызстаныбызга балаа апаат келбесе болду. Эсинерге келгиле эси жок жепжутаттар!!!

  4. Бул инсандар эки жуздуу болушат элге чыканда оба кылабыз бугун колго алабыз дейта эртеси куну аны кылганы желаням жок деп чыгат эми моонтип казино ачам деп элдин жаш муундарына терс таасирин тийгизуучу кумар арам нерселерге жол ачып берип жатат… ыйманду приздент келди десе ал деле коту мн бети бир екен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button