Беш жылдан ашык өмүрүн эртеңки күндүн эгедерлери болгон балдар-кыздарга арнаган Максат акыры баарын түшүнгөн соң, мектепти далымдын чукуру көрсүн маанисинде “чыйт” түкүрүп, баарына кол шилтеп, чыгып кеткен бойдон айланасын карагай, ак кайындуу чытырман токой чырмаган орустун ушул кичинекей калаасына келген.
Дээринде мээнетчил, эмгекчил нерсе мектепте да аябай жанын-жанга уруп, изденип, тиштенип, тырышып дегендей куп иштеди. Кагазпоздук заманыбы же технология кылымыбы иши кылса өздөрү жакшы түшүнүп-түшүнбөй “инновация” деген кепке жармашып алган жогор жактагылардын талабын аткарам деп талбай эмгектенди.
Түн бир оокумга чейин баягы-баягы ар сабакта жаза берип, мээсине гана эмес канына, жанына да сиңип кеткен план-конспект чиймелейт. Максатты баарынан да ушул иш аябай зээриктирет, жүдөтөт. Үтүр, чекитине чейин текшерип, завуч тарабынан килейген кол коюлган бул план-конспект менен сабактын жүрүшү дал келсе кана? Ушул кайталанма жазуулар менен барактардын кимге кереги бар? Бекер эле убактыңды уурдагандан башка пайдасын деле көрө элек. Андан көрө мугалим ошого кеткен убакытты, китеп окууга, өзүнүн үстүнөн иштөөгө сарптаса соонун болмок деп коет өзүнчө кээде ал.Анан план-конспектен кийи, карточка жазат. Тест түзөт. Ошентип олтуруп, түн бир оокум болот. Ар бир сабагына атын баккан саяпкердей, же жер айдаган дыйкандай даярданып кирбесе жайы жай таппайт. Кокустан башкаларчалап даярдыксыз сабакка кирип калса ошол күнү керели-кечке өзүн алдамчы, жалганчы катары сезип, жан дүйнөсүн кыжаалатчылык каптайт.
Жаңычылыдыкка жанын берген, өзүнүн үстүнөн жаны калбай иштеген, мектеп, окуучулар дегенде жеген ашын таштаган бул агайды мектептен кетиши эч кимди деле кайгыга салбады, капалантпады.
Агайдын күндүр-түндүр көзүнүн майын агызып, күйүп-жанып кылган ошончо мээнетин баалоочулар баалабады. Колдоочулар деле кем болду. Каршысынча жаш агайдын жаңыча изденип иштеп, окуучулар менен ата-энелердин оозуна алынганы кимдир бирөөлөргө жакпай, кадимкидей тоскоолдуктарга тушукту. Кепке калды. Какшыктарды укту, мектепте орун-очок алмак турсун орундары эчак эле “паң” жыттанып калган пенсионер кээ бир эжей-агайлардан: “көп болсон мендей болооорсуң, урунуп-беринип, патриот боло бербей, жөн иште” маанисиндеги жемелерин да эшитти.
Мындай темпте кетсе мени пенсияга чыгарбай ордумдан козгойт деп он жылдан бери жамбашы жанагы креслодон “көтөрүлбөгөн” директор да жактырбай койду аны…
Өздөрү жаш болгонуна карабай, эптеп-септеп сабакка кирген, күн өткөрүп айлык алган мугалимдер деле максаттын ашыкча урунуп-беринип иштегенине мурдуларын чүйрүштү. Кээ бир кесиптештери гана ага кеп-кеңеш айтып, колдошпосо, көпчүлүгү жогоруда баяндагандай мамиледе болушту.
Бир гана ал географиядан сабак берген жогорку класстын окуучулары жаман болушту агай иштен бошогондо. Кантсе да сабак учурунда окуучуларга түшүнүүнү талап кылбай, аларды түшүүнү менен сабак өткөн, сырдаш, сухбатташ, кеңеш берген, кээде аларды коргоп, кээде колдоп турган, жанылыкка багыт берип, жашоодо ийгиликке шыктандырып турган агайдын капысынан кетип калышына жогорку класстын окуучулары чындап кайгырышты. Аларга Максаттын орду кадимкидей билинди. А тургай Максаттын ордуна сабакка кирген эжекейди “Жакшы сабак өтө албай жатат. Түшүндүрө албай жатат” деп да арызданышты мектеп администрациясына…
Максат жаңыдан келгенде жанагындай тоскоолдуктага карабай, баарына батыр болуп, бүт дитин, энергиясын балдарга арнап жүргөн күндөрдүн биринде мектепте анын иштен кетишине себеп болгон окуя жүз берди.
Ошол күнү 9-класстарга сабак берип жаткан. Класста окуучуларды мындай кой, мугалимдерди деле тоготпогон Мурадил деген бала бар. Айрыкча эжекелер анын сабак учурундагы кылык—жоруктарынан жаман безилдешет.Эмне кылышсын анан байкуштар, атасы райондук милиция бөлүмүндө белгилүү кызматты ээлеп олтурса. Анча-мынча баласынын ээн баштыктары туурасында айтканадарга уялбай –нетпей: “Менин балама асылгандан көрө чукур-чукур дем алып, өзүңөрдү ойлогула. Аягы жаман болуп калбасын. Бир проверка менен тагдырынарды оңго же солго чечип коюууга чама чаркым жетет!” маанисиндеги маанай түшүргөн сөздөрдү уккандан кийин, эч ким деле Мурадилге теңелбей калган. Бул нерсени сезген Мурадил мектепте каалагандай басып туруп калган. Көңүлү келсе сабакка кирет, келбесе кирбейт. Агай-эжейлер үчүн анын мектепке келгенден көрө келбей калганы көбүрөөк пайда алып келет.
Директор болсо бул баланын мындай кыжырды кайнаткан кылык жооруктарын көрсө көрмөксөн, укса укмаксан болууга шашат.
Максат класска кирип, окуучулар менен жылуу саламдашып, сабакты баштаары менен Мурадилдин баягы адаты кармады. Телефонун чукуйт. Аландап алды артыны карайт. Мугалимдин эскерткенине карабай жанындагыларга сүйлөп, сабакка тоскоол болот. Ага-буга тийишет. Максаттын “тынч отур, сабакка тоскоол болуп жатасын” деп бир нече жолу жакшы айтканына, эскерткенине карабай, “колундан эмне келет?” дегенсип, тоготпогондой түр көрсөтөт. Классташтарынын болду эми, агайды сыйла дегендерине да маани бербейт.
Мурадилдин мындай тоң мойундугу акыры, жакасынан жетеленип, класстан куулуп чыгышына себеп болду.
Эртеси күнү эрте менен саат жебеси сегиз болуп боло элек, баласын ээрчип келген ата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чуу чыгарып, мектепти башына көтөрдү. Бул айрымдарга майдай эле жакты. Жыйынтыгында жаш муундарга татыктуу таалим тарбия, терең билим берем деген Максат мындай улуу максатын убактылуу токтотуп тууруну туура тапты. Аргасыз өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын жазды. Анан тез арада башы оогон жакка кетип, айылдагы ар кандай аңыз кеп, ушактардан тезирээк кутулууга шашты.
Арадан он беш күн өтпөй, студенттик мезгилде жарты нанды бөлүшүп жеген группалашынын чакыруусу менен Оруссиянын бул шаарына келип ишке жайгашты. Иши жаман эмес. Ал шаар четиндеги токойго жармашкан бакыйган ушул базада жүк түшүрөт. Бул жерге күн-түн, жазын-кышын Кытайдан, Орто Азиядан, Казакстандан, Кавказдан помидор, алма, капуста, ананас, киви, сарысмак, апеьсин, мандарин, койчу мөмө-жемиштин түркүн-түсү баарысы камаз-камаз болуп келип түшүрүлүп, кайра жүктөлүп чыгып кетет.
Бул жерде кыбырагандардын да айлыктары жаман эмес. Тырышып-тырмышып, жанын-жанга уруп, жакшы иштегендер орустун акчасына 60-70 миң сом алышат. Иш дегенде желекеси тырышып, жалкоолонгондор да жок эмес. Андайлар кайсыл жерде болбосун эптеп-септен күн өткөрүү менен убара. Мындайлар араңдан зорго 30 миндин тегерегинде рубль санашат. Базада жүк түшүргөн жумушчулар үчүн дээрлик бардык шарттар жаратылган. Мусулмандар үчүн атайын ашкана бар. Мончо да курулган. Жатаканасы да бар. Жатаканын жактырбай шаардан каттап иштегендер үчүн атйын микроавтобус бөлүнгөн. Кыскасы бардыгы жакшына. Бир гана ишти майын чыгара иштесең утук сеники.
Максат кошулган биригададагы бардык жигиттер кыргызстандыктар. Тамашакөй ачык мүнөз, бири-бирине жардам колун созгон жакшы балдар.
Бул жердин тишинди шакылдатып, жакшыраак маани бербесен, колу-бутуңду, кулак-мурдуңду үшүк ала турган суугуна келгенде Максатты аба ылгап, бир кыйлага чейин кыйналып жүрдү. Мына ошондо биригадасы ага дем-күч берип, кыйла ишке жарашты.
Дегени менен “кой аксагы менен мин,” “беш манжа тен эмес” дегендей арасында эки-үч бейбаш балдар да бар. Жок.жок, алар өздөрү жакшы. Кылган, жасаган иштери жаман. Максатка такыр жакпайт.
Бул жерде жаңы жыл арапасында иш аябай күчтүү болот. Бир эмес, эки-үч. смена менен иш жүрөт. Товар да көп келип, аны алып кеткендердин да аягы үзүлбөйт базада. Бака-шака дегендей бир ай бою база кадимки базарга айлана түшөт. Ошондой күндөрдүн биринде жанагы эки-үч бала жүк түшүрүшүп жатып, аш-паш дебей, бир коробка ананасты көздөн кайым кылышты. Кечээ болсо мандаринди бөлүп алышты. Мурдагы күнү помидорду коюндарына тыгышкан.Максаттын угушуна караганда бул алгачкы иштери эмес. “Уурулуктун жолу кууш” дегендей буга чейин деле мындай уурулуктун айынан бул кампадан бир эмес, бир нече мигранттар куулган. “Жаманга жанашсан каласың наалатка” дегендей алар менен бирге бир жакшына иштеп жаткандар да жок жерден курук дооматка калышып, жумуштарынан кол жуушкан окуялар болгон. Бирок баари бир үйрөнгөн адат калабы дегендей, мындай жумушчулардын тили менен айтканда “левый” иш азарынча бул кампада токтой элек. Ким билет балким жакын арада камера коюлат деген кептер бар, ошол турмушка ашса, балким ошондо токтоп калаар.
Товарларын алып чыгып бара жаткан айрым көпөстөр жанагындай осол иштерге көзү түшүп калганда бир-экии коропка үчүн чуу көтөргүлөрү келбегендери да балким бул ишитин уланышына жол берип жаткандыр.Дегениң менен алардын арасында да товары кем жүктөлүп калса жүкчүлөрдү тешип жибергидей көз караш менен тиктеп , база жетекчилигине арыздангандар да жок эмес. Мындайда базадагы биригадирлердин башчысы келип, ким кармалып калса иштен кетире тургандыгын айтып, каттуу эскертип кетет.
Айрымдары болсо “оңолбойсунар, онбойсунар” дегендей баш чайкашып чыгып кетишет.
Бир ай иштегенден кийин Максат жанагы жигиттердин кыянатчылыгына чыдабады. Бир күнү кезектеги жуту тушуруп. Арада бир аз дем алыш боло калганда жанагы бир айдан бери жан дйнсн тынчтык бербей тыбырчылатып жаткан оор ойду ортого таштагысы келди. Эмнеси болсо ошол болсун, башкысы жигиттердин туура эмес кылгандыгын айтып мойнундагы оор жүктөн жеңилдегиси келди. Башынан бир жаман ишити сакыт кылгысы келип сөз баштады.
-Жигиттер, билем мен жаңы эле катарынарга кошулдум. Силердей жакшы жигиттер менен иштешип жатканыма ыраазымын. Мени тааныбай-нетпей Улук группалашымдын сөзүн жерге таштабай, бригадаңарга кошконуңар үчүн чооң ырахмат.
Бир айдан бери жарытылуу деле сөз ачпай, эми минтип кепти алыстан баштаган бул кишинин мындай кайрылуусуна бригадагылар бир эсе тан калып, бир эсе чындап эле маанилүү нерсе айтат дегендей ойлору менен аны кунт коюп угуша башташты.
Алардын мындай ынтаа менен угуп жатканын көргөн Максат, баягы мугалимдик ыкмаларына салып, кебин андан ары улантты.
-Ачыгын айтайын. Бул жердин жумушу өтө оор экен. Ошол эле учурда иштин мындай машакаттуу экенин баамдаган, база администрациясы жумушчулар үчүн бардык шарттарды жаратып бериптир.Караңыздар, биз үчүн атайын ашкана, мончо иштейт. Ооруп калсак, доктор да даяр экен.
Анан документ бүтүрөм деп салпандап, туш келген эшиктти каккылап, тааныш издеп жүрбөйсүң. Бардык ишти база өз мойнуна алыптыр. Калыстык үчүн дагы бир жолу айтсам, биз үчүн жакшы шарттарды жаратыптыр бул жердегилер. Мени бизге түзүлгөн ушундай шартка, ишенимге биз кандай жооп берип жатабыз деген маселе акыркы убактары аябай ойлонтуп жатат. А тургай анча-мынчаларыбыздын кээ бир кылыктарын көргөнүмдө кадимкидей өкүнүп кетемин.
Мына Эржигит, Колдош, Самаган-силер бул жерде эң кеминде 50-60 миң айлык аласыңар.Өз жергебизде мындай акчаны колго киргизүү үчүн мага окшогон мугалимдер кеминде төрт-беш ай иштеш керек.Ошол алган маянаңарды үй-бүлөңөргө жөнөтүп жатасынар. Алар кем-карчын бүтүрүп, тамак-ашын алып, кийим-кечесин бүтөп жаткандары турган иш. А тургай силер акча которгон күнү ар бириңердин үйүңөрдө чоң майрам болот.
База жетекчилиги силердин бешене тер төгүп, тыным билбей иштеген, эмгек акыңардын бир тыйынын да калтырбай төлөп берип жатат. Бир сомуна да кыянат кылбай жатат. Муну баарыбыз айтапса да жакшы билебиз. А бизчи?! Биз кантип жатабыз? Чын дилден, ак пейил менен иштеп жатабызбы? Күндө-күн алыс болоор-болбос 2-3 килограмм помидор болбосо мандарин же кивини койнубузга катып чыгып кетүүгө шашабыз. Биз мындай кылык-жоруктарыбыз менен тиричилик өткөрүп жаткан, ырыскыбызга, себепчи болуп, нан таап жаткан жерибизге, базабызга кыянаттык кылып жаткан жокпузбу? Эки-үч даана анансты чөнтөгүбүзгө катып, охраналарды көзүн боеп алдап жатканыбызга сүйүнөбүз. Балким бул кылыктарыбыз менен биз башкаларды эмес өзүбүздү алдап жаткан жокпузбу. Мындай уурулуктарыбыз аркылуу биз базанын эмес өзүбүздүн ырыскыбызды уурдап жаткан жокпузбу?
Эми эсептеп көрөлү. Биздин айлык алайлы 50 миң рубль болсун. Эгерде биз күндө-күн алыс кымтып чыккан нерсе базар баасында 200 рубль же андан ашыкча болсун. Ошондо бир айда баш-аягы беш-алты мин сомдук товар уурдайт экенбиз. Кимиси көп да кимиси аз? Эми ошол беш-алты миң сомдук уурадалган товар менен кийим байып кетти да, ким кембагал болуп кетти? “Уурунун жолу кууш”. “Көзө күндө эмес күнүндө сынат” -дейт байыркы ата-бабаларыбыз. Анын сынарындай бир күн болбосо бир күн кармалып калсак “мүйүздүү боломун деп кулагынан айрылыптыр”- дегендей, иштен айдалып, айлыктан да, жумуштан да, жатаканадан да курук калбайбызбы? Өзүбүз кетсек го мейли, “ бир карын майды бир кумалак чиретет” болуп, башкалардын да ырыскысына балта чаппасак эле деп ойлономун. Биз сунган суук колдорубуз менен башкалардын эмес, өзүбүздүн адалдан келип жаткан ырыскыбызды арамдап жаткан жокпузбу? Ушул нерсе тууралуу терең-терен пикир жүргүзүп ойлонсок кантет.
Балким менин бул айтып жаткан нерселерим кимдир бирөөбүзгө жакпай жаткандыр. Же айрымдар ичинен мени жек көрүп жаткандыр. Баарын түшүнөм.Силерден суранаарым бир нерсени эч убакта унутпообуз керек. Бекеринен элибиз “Ала кушту атынан ата” дебейт. Ар бир нерсенин өз аты , наамы, ымсы, өз белгиси, эни бар. Биздин да бул жакта жүргөндө эки белгибиз, эки эн тамгабыз бар. Алардын биринчиси биздин ата-бабалар мусулманчылыкты кармап келишкен. Бул жердегилдердин дээрлик бардыгы бизди мусулман деп билишет. Ал эми муслман адам эч жерде.эч убакта, эч кимдин нерсесине бейсурак кол узатып, уурулук жасабайт. Аманатка кыянаттык кылбайт. Бул нерселердин баары динибизде арам, дагы бир жолу айтамын арам деп эсептелет.Чөн күнөөлөрдүн катарына кирет мындайлар.Жазасы оор болот.
Экинчиден биз –кыргызбыз. Элибиз эзелтен жеген тамагына, келген ырыскысына маани берген. Алар үчүн ар кандай нерседен да улуттун улуулугу өйдө турган. Меймандос, аманткой болушкан. Муну да жаадыбыздан чыгарбашыбыз керек.
Эгерде ушундай баалуулуктарыбыздын баркына жетпей, ууру, кыянатчылык, куйту болсок, өзүбүзгө гана эмес жалпы журтубузга көө сыйпайбыз. Кыргыздар ууру, кыянатчыл, алдамчы, көз боемочу”-деген жаман сөздөргө ээрчишине себепчи болобуз. Элибизге кеп тиет.
Максаттын жан күйгүзүп, чын жүрөктөн , чын ыкластан айтып жаткан сөздөрүн уккан жигиттер дин баарысы баштарын шылкыйтып, терең ойго батышты. “Сөз ээсин табат”- дегендей, анча-мынча “левый” иш кылып, анысын, баатырларча иш кылгандай мактанган, базадан бир нерсе илештирип кетпесе курсагы тойгбогон кээ бирөөлөрү беттери кызарып, кылган иштерине бушайман болуп, Максаттын жүзүнө тике карай албай осол болгон абалда олтуруп калышты.
Ооба, аткени алардын алдында, маңдайында кайсыл жерде, кайсыл убакта, кимди болбосун жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган, пайгамбарладан мураскер калган, кесиптердин төрөсү болгон, мугалимдикти мойнуна артып, адамзатка тарбия,таалим, билим берүү деген улуу миссияларды жүрөгүнө жүктөп алган чыныгы мугалим,чыныгы устат турган болчу…
Автору: Нуркамил Абдуллаев