ЖаңылыктарМакалаларРубрикасыз

Эмне үчүн үммөткө жарака кетти?

Диндар мусулмандар шаръий илмдерди жакшы өздөштүрөт, перзент тарбиясында да шаръий өкүмдөргө өзүнчө этибар каратышат. Бул жакшы албетте. Бирок дүйнөбий илимдерди Исламдан айры кароо динибизге жат көрүнүш, үммөтүбүзгө таандык болбогон абал! Ислам үммөтү шаръий илимдерсиз жашоо өткөрө албагандай эле, дүйнөбий илимдерисиз да жашай албайт.

Өткөн кылымдарда мусулмандар “пайдалуу илим” түшүнүгүн туура эмес чечмелей башташты. Алардын аң-сезимине жалаң  шаръий илмимдер гана пайдалуу деген пикир орношуп калды. Негизинде болсо дүйнөлүк илимдер деле Куран жана сүннөттө макталган мутлак илимге кирет. Бирок кээ бир инсандар диний илимдерде сооп бар, дүйнөлүк илимде болсо сооп жок, деген түшүнүктө болушту. Натыйжада кийинчерээк “диний илим”, “дүйнөлүк илим” деген эки башка термин пайда болду.

Көптөгөн аят жана хадистерде андан тыйылууга, дүйнөгө берилип кетпөөгө чакырыктар бар. Айрыкча:

إِنَّمَا مَثَلُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنْزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ مِمَّا يَأْكُلُ النَّاسُ وَالْأَنْعَامُ حَتَّىٰ إِذَا أَخَذَتِ الْأَرْضُ زُخْرُفَهَا وَازَّيَّنَتْ وَظَنَّ أَهْلُهَا أَنَّهُمْ قَادِرُونَ عَلَيْهَا أَتَاهَا أَمْرُنَا لَيْلًا أَوْ نَهَارًا فَجَعَلْنَاهَا حَصِيدًا كَأَنْ لَمْ تَغْنَ بِالْأَمْسِ ۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٢٤﴾

“Чынында, дүйнө тиричилиги Биз асмандан жаадырган жаан сыяктуу. Аны менен Жер үстүндө көптөгөн өсүмдүктөр аралашып өсөт да, аларды адамдар жана малдар жейт. Качан жер жүзү кулпуруп, кооз болуп турган кездерде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз деп ойлошот. Ошондо, түнкүсүбү же күндүзбү, аларга Биздин өкүм-буйругубуз жетет. Анан Биз аларды алар кечээ өсүп-гүлдөп турбаган өңдүү бастырылган эгин талаасындай кылып салабыз. Биз аяттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушинтип түшүндүрөбүз.” (Юнус сүрөсү, 24-аят).

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ ۚ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ ۚ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ ﴿٣٨﴾

“Эй, момундар! Силерге эмне болду? «Аллах жолунда козголгула!» – деп айтылса, салмагыңарды жерге салып алдыңар. Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз.!” (Тавба сүрөсү, 38-аят).

عَنِ الْمُسْتَوْرِدِ بْنِ شَدَّادٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: مَا الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا مِثْلَ مَا يَجْعَلُ أَحَدُكُمْ أُصْبُعَهُ فِي الْيَمِّ فَلْيَنْظُرْ بِمَ يَرْجِعُ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Ал-Муставрид ибн Шаддаддан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам айтат: “Акырет алдындагы дүйнөнүн мисалы деңизге манжасын малып алган киши сыяктуу, анын манжасы канчалык ным менен кайтмак эле?!” (Имам Муслим риваяты).

وعن سَهْلِ بنِ سَعْدٍ السَّاعديِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: لَوْ كَانَت الدُّنْيَا تَعْدِلُ عِنْدَ اللهِ جَنَاحَ بَعُوضَةٍ مَا سَقَى كَافِرًا مِنْها شَرْبَةَ مَاءٍ رواه الترمذي، وَقالَ: حديثٌ حسنٌ صحيحٌ

Сахл ибн Саъд Ас-Саъдийден (разияллоху анху) риваят: Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи ва саллам: “Дүйнөнүн Аллахтын алдында чиркейдин канатынчалык кадыры болгондо, каапырга бир ууртам да суу бермек эмес”, деп айтты”. (Имам Термизий риваяты).

“Дүйнөбий илимдер” деген термин көптөгөн диндарларда Исламдан узакташтыруучу илим деген пикирди ойготот. Физика, химия, биология сыяктуу предметтерге кудум эле динден чалгытуу үчүн окутулуп жаткандай мамиледе болушат.

Мындай мамиле, ой-пикирлер негизсиз, бекерчи кыялдар. Эгер момун адам ниетин түз кылса, физика, химия, биология сыяктуу илимдер аркылуу деле бейишке кирүүсү мүмкүн. Дүйнөбий илимдер деле мусулмандарды азиз кылуучу диний илимдей эле.  

Пайгамбарлар, сахабалардын да түрдүү кесиптери болгон:  Адам алайхиссалам — дыйкан, Давуд алайхиссалам — темирчи, Нух жана Закария алайхимассалам — зергер, Идирис алайхиссалам — тигүүчү, Муса алайхиссалам – чабан болгон. Алар акырет ишин да, дүйнө ишин да бирдей алып барышкан.

Азирети Умар (разияллоху анху) кооз-көркөмдүү кишилерди көрсө, алардын кесиби жөнүндө сурайт эле, эгер бир кесиби болбосо урматы да болгон эмес (“Файзул кадир”).

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ، عَنِ النَّبِيِّ ﷺ، قَالَ «إِنْ قَامَتِ السَّاعَةُ وَفِي يَدِ أَحَدِكُمْ فَسِيلَةٌ، فَإِنِ اسْتَطَاعَ أَلَّا تَقُومَ حَتَّى يَغْرِسَهَا فَلْيَغْرِسْهَا». وَالْحَدِيثُ صَحِيحٌ، أَخْرَجَهُ أَحْمَدُ،

Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам айтат: “Колуңарда көчөт болсо анан кыямат кайым болуп калса, мүмкүн болушунча ошол көчөттү эгип калгыла” (Муснади Ахмад, “Адаб ал-Муфрад”).

Бул дүйнөдө пайдалана албаса да көчөт эгүүгө кызыктыруучу буйрук кылды, бул дүйнө көрүнүшүндөгү диний иш.

Дүйнөбий илимдердеги кайдыгерлигибиздин себеби туура эмес түшүнүктүн себебинен экен, келиңиз, динибиз жана акыйдабыздын талабына карап туура, анык, бекем негиздерге таянып көрөлү. Оболу, мындан ары “дүйнөбий илимдер” термининин ордуна “жашоо илимдери” деген терминди иштетели. Бул илимдер биздин жашообуздун жыргалчылыгы үчүн Аллах Таала бизге үйрөнүүнү буюрган илимдер. Жашоо дүйнө сыңары жерилген эмес, Аллах Таала шариятка амал кылуу жана таза-аруу жашоо экөөнүн ортосун байланыштырып айтат:

 مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ ﴿٩٧﴾

“Эрекекпи, же аялбы ыйман келтирип, изги иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз.” (Нахл сүрөсү, 97-аят).

Жашоо илими жашоо сөзү сыяктуу улуу маанини билдирет, дүйнөлүк илим дүйнө сөзү сыяктуу төмөн маанини билдирет:

أَوَمَنْ كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ …﴿١٢٢﴾

“Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилттик жана адамдар арасында жүрө турган бир нур бердик…” (Анъам сүрөсү, 122-аят).

Бул суроого жооп берүү жараянында жашоо илимдери жердин гүлдөп өнүгүүсү, инсанияттын пайдасы, динди улуу кылуу, бул үммөттү азиз кылуу үчүн багытталса, кандай улуу илим болуусуна чечкиндүү далилдерди келтирип көрөлү.  

Биринчи далил:

Инсан Аллахтын жердеги “орунбасар”ы экендигин унутуп койдубу?!

“Унутпады”, деген жооп берилет. Андай болсо, инсан жердеги жашоо илимин билбей туруп, кантип “орунбасар”лык кылат?!

Жерде “Аллахтын орун басары” болгон кишиге, Роббисин таануу, Ага ибадат кылуусу жер табиятын үйрөнүүсү, андагы нээматтардан пенделер пайдалануусун билүүсү важиб болот. Аллах Таала айтат:

وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا ۚ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ هُوَ أَنْشَأَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَاسْتَعْمَرَكُمْ فِيهَا فَاسْتَغْفِرُوهُ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ ۚ إِنَّ رَبِّي قَرِيبٌ مُجِيبٌ ﴿٦١﴾

“Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. (Ал:) «Эй, элим! Аллахка гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Ал силерди жерден жаратып жана силерди анда аны (жерди) гүлдөтүп, өнүктүрүү үчүн өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу», – деди” (Худ сүрөсү, 61-аят).

Демек, “орунбасар”лыктын негизги шарттарынын бири – жерди гүлдөтүп өнүктүрүү, андагы нээматтар менен муктаждыктарды кандыруу экен.

Аллах Адам атаны жаратты, аны илим менен улуулады, кадырын бийик кылып периштелерди ага сажда кылдырды.

وَعَلَّمَ آدَمَ الْأَسْمَاءَ كُلَّهَا …﴿٣١﴾

“(Аллах) Адам (Ата)га бардык нерселердин аталуусун үйрөттү” (Бакара сүрөсү, 31-аят).

 Ибн Аббас (разияллоху анхума) ушул аяттын тафсиринде айтат: “Бардык нерселердин наамдарын, тоо, бак-дарак, деңиз, курма, жаныбарлардын наамын үйрөткөн” (“Тафсир Ибн Касир ”).

Аллах Таала  Адам атага (алайхиссалам) жерде жашоо үчүн зарыл болгон табият илимдерин үйрөткөн. Периштелер табият илимдерин билишкен эмес, анткени алар жерде Аллахтын орунбасары болушкан эмес. Аларда бул илимге муктаждык жок болчу. Эгер Аллах Таала Адамга намаз, орозо, зикирди эле үйрөткөндө Адам ата периштелерден артык боло албайт эле, жерде орунбасар болууга да татыктуу саналбайт эле.

يُسَبِّحُونَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ ﴿٢٠﴾

“Алар (периштелер) күн-түн чарчабастан (Аллахка) тасбех айтышат” (Анбия сүрөсү, 20-аят).

Андыктан Адам алайхиссалам шаръий илимдер менен бирге, жашоо илимдерин да билгендиктен периштелерден мартабасы бийик болгон.

Инсан жашоо илимине этибарсыздык кылса, “орунбасарлык” ишинде кемчиликке жол койгон болот. Мындай кемчилик динди баамдаган “момун”га жарашпайт.

Экинчи далил:

Аллах Таала Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) өлүмү алдынан шаръий илимдерди мукаммал-толук кылгандыгын Өз Китебинде айтат:

…  الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا ۚ …﴿٣﴾

“…Мына бүгүн силерге диниңерди жана (Өзүмдүн) ырайымымды толук кылып бердим. Ошондой эле Ислам динин силерге ыраа көрдүм” (Маида сүрөсү, 3-аят).

Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи васаллам) соңку вахий токтоду. Дин илими өзгөргүс болуп калды. Бул шаръий илимдин өкүмү. Ал эми жашоо илимдери толук эмес, кыяматка чейин жаңы-жаңы ачылыштар чыга берет. Кээ бир илимий акыйкаттар кылымдар бою жашайт. Жаңысы жүзөгө чыгаар замат оболгусу тан алынбайт. Аллах Таала Куранда айтат:

سَنُرِيهِمْ آيَاتِنَا فِي الْآفَاقِ وَفِي أَنْفُسِهِمْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُ الْحَقُّ ۗ أَوَلَمْ يَكْفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ ﴿٥٣﴾

“Курандын толук чындык экендиги айкындалганга чейин ааламдагы жана өздөрүндөгү белгилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында, Эгеңдин бардык иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи?!” (Фуссилат сүрөсү, 53-аят).

Аятта “көрсөтөбүз” деген этиш келээр чак маанисинде келген, демек, жашоо илимдери барган сайын жаңыланып бара берет. Биз мусулмандар бул илимдерди мыкты өздөштүрүүбүз керек.

Үчүнчү далил:

Кээ бир фикхий маселелер бар, факихтер аларды адал же арам деп айтуу үчүн ошол тармактын адистеринин пикирине мутаж болот. Демек, жашоо илиминин чебер адиси кээ бир фикхий маселени чечүүдө жардам берет.

Ошондой эле, жаңы доордо жүзөгө келген түрдүү маселелерди чечүүдө ар түрдүү тармактардын адистеринин салымы бар.

Факихтер адистин пикирисиз өкүм чыгарышса, маселеде кандайдыр бир шаръий үзүр болуп калуусу мүмкүн. Айрыкча бүгүнкү күндө адистин кеңеши болбосо туура өкүм чыгаруу кыйын. Экономикалык маселеде – экономистке, медицина тармагында – күчтүү табыпка муктажбыз.

Укук таануучулук факультетин бүтүргөн Абдулкадыр Уданын “Исламда кылмыштуулук мыйзамы” аттуу китебинде кылмыш үчүн Ислам шарияты жана кылмыш кодексинде белгиленген жазалар салыштырылат жана шарияттын адилеттүү экендиги укук таануучунун өзүнө таандык тили менен түшүнтүрүлүп берилген. Кош, биз ушундай кадрларга муктаж эмеспизби?! Бул динге кызмат эмеспи?! Мусулман коому мына ушундай кадрларды чыгарбаса күнөөкөр болбойбу?!

Медицинада ушунчалык назик точкалар бар, факих аалымдар аны билбестиги табигый.  “Бир инсандын дене мүчөсүн башка бир инсанга көчүрүү”, “сулуулук үчүн операция жасатуу”, “жатынга түйүлдүк салуу” сыяктуу заманбап медициналык маселелерди факих күчтүү табып менен акылдашуусу зарыл. Медицинанын инсанга кылган кызматы, факихтердин туура фатва чыгарууга кошкон салымы себебинен бейишке алып баруучу илим десек, ката болобу?!

Мусулмандар жашоо илимдерин ээлеп, Аллахтын шариятын дагы да тереңирээк аңдап жетишет. Аллахтын динин Анын Өзү жакшы көргөнүндөй практика кылышат. Бул илимдерде диндин девизи болбосо да алар акыретке таандык.

Төртүнчү далил:

Кыргыз Республикасынын негизги соодаэкономикалык өнөктөштөрүнөн болуп Россия, Казакстан жана Кытай саналат. 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына Россиядан, Казакстандан жана Кытайдан чогуу алгандагы импорт, жалпы импорттун көлөмүнүн 63,5 пайызын түзгөн (1 478,5 млн. АКШ доллары). Республика үчүн стратегиялык маанилүү товарлар тобунан болуп, мунайзаттары (Россия), азык-түлүк товарлары (Казакстан), кийимкече жана текстиль (Кытай) саналат. Орточо алганда Кыргызстанга импорттолгон товарлардын жарымы жогоруда белгиленген товарларга туура келет. Аталган өлкөлөрдөн товарлар импортунун үстөмдүгү азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукта тобокелдикти жана Кыргызстандын тышкы коньюнктуранын өзгөрүүсүнөн көз карандылыгын жаратат. Кыргызстандан экспорттун олуттуу бөлүгү да Россия, Казакстан жана Кытайга багытталган. Алсак, жогоруда аталган өлкөлөргө чогуу алгандагы экспорт 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы экспорттун көлөмүнөн 49,1 пайызын же 366,2 млн. АКШ долларын түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинин “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык бюллетени” басылмасындагы маалыматтарга ылайык, экономиканын азык-түлүк товарлар боюнча импортко көз карандылыгы, ички азык-түлүк коопсуздугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди шарттоо менен кыйла өскөн. Алсак, Кыргызстандын азык-түлүк теңдеми 2012-жылдын экинчи чейрегинде нан азыктары боюнча импортко көз карандылыктын 2011-жылдын тиешелүү мезгилиндеги 42,4 пайызына каршы, 73,2 пайызга өскөндүгүн көрсөтүп турат, бул өлкө ичинде начар түшүмдүүлүктүн натыйжасында жана импорттун: өсүмдүк майлары боюнча 63,9 пайызга (+14,3 п.п.), шекер жана кондитер азыктары боюнча 84,4 пайызга (+8,4 п.п.) көбөйүүсүнөн улам жүргөн.

Бириккен Араб Экономикасынын маалыматына караганда, 2005-жылда араб өлкөлөрүнүн импорту 314 миллиард долларга жеткен. Мына ушул продукциялар негизинен АКШдан келтирилген. Алардын 60 пайызы техникалык жабдуулар, 15 пайызы азык-түлүк, калганы газдуу ичимдиктер жана тамеки продукциялары. Бир гана азык-түлүк продукцияларынын импорту үчүн араб өлкөлөрү жылына 20 миллиард доллар сарпташат.  

Миср (Египет) импорт көлөмүнүн 17,8 пайызын азык-түлүк продукциялары түзөт. Мисрдин жылдык буудайга болгон муктаждыгы 12 миллион тоннадан ашык, анын тең жарымы четтен келтирилет.

Бул муктаждыктар өлкөнүн зыянына иштеши анык. Араб өлкөлөрү сырьенун 5 пайызын гана четтен алып келишет. Аллах Таала мусулман журттарды табигый байлыктар менен сыйлап койгон. Бирок өкүнүчтүүсү ошол байлыктарды башкалар кайра иштетип, өздөрүнө он барабар кымбат баада сатууда.  

Кумшекерге Араб өлкөлөрүндө дайыма муктаждык бар. Аларда кумшекердин 35 пайызын гана иштеп чыгарылат, калган кумшекер четтен келет. 2001-жылда 4,5 миллион тонна кумшекер импорт кылынган.   Жазаир, Саудия Арабстаны, Сирия, Яман, Миср кумшекердин негизги кардарлары болуп саналат. Миср сүттү кайра иштетүү боюнча өнүккөн мамлекеттердин катарына кирсе да бир жылда 121 миллион жунайх баасына тең болгон быштак сатып алган. Эң эле таңкалыштуусу бадмуздак импорту: Миср бир жылда 5 миллион долларлык балмуздак сатып алган.

Иштеп чыгаруу үчүн илимий ойлоп табууларга муктажбыз. Мисрде 2001-2002-жылдары бир гана илимий ойлоп табуу болгон. 2003-жылда, Аллахтын фазлы менен, ойлоп табуулардын саны 12 ге, 2004-жылда 78ге жетти. Демек, келечекке үмүт кылса болот.

2004-жылы 104 илимий ойлоп табуу менен Түркия мусулман мамлекеттер арасында биринчи орунду ээледи.  

Бул натыйжаларды башка мамлекеттерге салыштырылса абал өтө оор экендиги маалым болот. Маселен, Израил 1222 илимий ойлоп табуу менен тизменин 15 орунун ээледи. Биринчи орунда баякы эле АКШ, 41870 ойлоп табуу! Экинчи орунда Япония – 19982. Үчүнчү орунда Франция, төртүнчү орунда Англия турат.  

Эгер ойлоп табуулар өлкөнүн калкынын санына карата эсептелинсе, АКШ, Япония, Франция жана Англия дагы эле астында экендиги маалым болот. Ар бир 5000 израилдикке – бирден ойлоп табуу, АКШда 6700 адамга бирден, 6300 Япониялыктан бирөөсү ойлоп табуучу болуп саналат. Мисрде болсо 900 миң жарандын бирөөсү гана мына ушундай наамга татыктуу.  

Илимий ачылыштар боюнча эсептелгенде биринчи орунду Голландиянын “Philips” компаниясы ээлейт. Экинчи орунда Япониянын “Panasonic” компаниясы, үчүнчү орунда Германиянын “Siemens” компаниясы турат. Кийинки орунда Финляндиянын “Nokia”, Германиянын “Bosch”, Американын “Intel” қомпанияларын көрүү мүмкүн. Көрүп турганыбыздай, алардын арасында бир да мусулман мамлекеттин компаниясы жок. 

Ушул жерде орундуу суроо туулат: башка өлкөлөрдүн этегине жармашып жүрө бергенден көрө, өзүбүз түрдүү ачылыштарды жасаганыбыз шаръий илим эмеспи?! Илимий ачылыш жасаган аалымдын-окумуштуунун жолу бейишке алып баруучу жол эмеспи?!

Бешинчи далил:

Жашоо илимдери  — Аллах Тааланы таанышка жол. Куранда жаратылыш жөнүндө пикирлөөгө жүздөгөн чакырыктар келген. Аллах Таала айтат:

إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَالْفُلْكِ الَّتِي تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِمَا يَنْفَعُ النَّاسَ وَمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ مَاءٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَبَثَّ فِيهَا مِنْ كُلِّ دَابَّةٍ وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ وَالسَّحَابِ الْمُسَخَّرِ بَيْنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ ﴿١٦٤﴾

“Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздерде сүзүп жүргөн кемеде, Асмандан Аллах суу түшүрүп, жерди өлгөндөн кийин (кайра) тирилтүүсүндө, андагы ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы баш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Аллахтын белгилер (Аллахтын кудуретине далилдер) бар.” (Бакара сүрөсү, 164-аят).

وَهُوَ الَّذِي مَدَّ الْأَرْضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنْهَارًا ۖ وَمِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ جَعَلَ فِيهَا زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ ۖ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٣﴾

“Ал жерди жайып төшөгөн, анын үстүнө тоолорду кадап, дарыяларды жасаган. Ар бир мөмө жемишти (жана башка нерселерди) Ал жуп кылып жараткан. Күндүздү түн менен оройт. Акыйкатта, мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.” (Раъд сүрөсү, 3-аят).

وَهُوَ الَّذِي أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ نَبَاتَ كُلِّ شَيْءٍ فَأَخْرَجْنَا مِنْهُ خَضِرًا نُخْرِجُ مِنْهُ حَبًّا مُتَرَاكِبًا وَمِنَ النَّخْلِ مِنْ طَلْعِهَا قِنْوَانٌ دَانِيَةٌ وَجَنَّاتٍ مِنْ أَعْنَابٍ وَالزَّيْتُونَ وَالرُّمَّانَ مُشْتَبِهًا وَغَيْرَ مُتَشَابِهٍ ۗ انْظُرُوا إِلَىٰ ثَمَرِهِ إِذَا أَثْمَرَ وَيَنْعِهِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكُمْ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ ﴿٩٩﴾

“Ал асмандан суу (жамгыр) түшүргөн. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү (жер-жемиш, жашылчалар), тизмектелген данды, курма дарагын, анын чанагында (үзүп алууга) жакын (болуп, ийилип турган) шиңгилдерин (мөмөлөрүн) жана жүзүмзарларды да чыгарабыз. Бир-бирине (жалбырактары) окшош, (мөмөлөрү) окшош эмес зайтунду жана анарды (өстүрөбүз). Силер алардан ар биринин түйгөн мөмөлөрүнө жана бышып жетилген мөмөлөрүнө назар салгыла! Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар” (Анъам сүрөсү, 99-оаят).

أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ ثَمَرَاتٍ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهَا ۚ وَمِنَ الْجِبَالِ جُدَدٌ بِيضٌ وَحُمْرٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٌ ﴿٢٧﴾ وَمِنَ النَّاسِ وَالدَّوَابِّ وَالْأَنْعَامِ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ كَذَٰلِكَ ۗ إِنَّمَا يَخْشَى اللهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ ۗ إِنَّ اللهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ ﴿٢٨﴾

“Чындыгында, Аллахтын асмандан жамгыр жаадырганын көрбөйсүңөрбү? Аны менен түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордогу ак, кызыл, капкара жана түрдүү-түмөн чыйырларды көрбөй турасыңбы? Адамдардан, курт-кумурскалардан жана ири жандыктардан түрдүү түстөгүлөрү да ушундай эле (бир мисал эмес бекен?). Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат. Ырасында, Аллах – Ызааттуу, Кечиримдүү! ” (Фатир сүрөсү, 27-28-аят).

Мына ушул аяттар адамды жаратылыш жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Жаратылышты аңдаган сайын момундун Аллахка болгон ыйманы күчөп бара берет. Бүт ааламдын Роббисин дагы да улуулайт, улуулугун моюнга алат. Суу, өсүмдүк, жан-жаныбар, инсан илимдери Аллахтан коркууга себеп болот. Кайрыдин болгон батыштын илимпозу Энштейн барлыкка ой жүгүртүп көрүп “салыштырмалык теориясы”н ойлоп тапкандан кийин Жаратуучу бар экендигин моюндаган. “Бул барлыктын артында мен билбеген бир күч бар”. 

Алтынчы далил:

Жашоо илимдери Куран аяттары жана Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) сүннөтүн жакшы түшүнүүгө кызмат кылат. Канча-канча ойлоп табуулар жана ачылыштар вахийдин муъжизалыгын ачып берет.

Маселен, Набаъ сүрөсүнүн 6-7-аяттарын карап көрөлү:

أَلَمْ نَجْعَلِ الْأَرْضَ مِهَادًا ﴿٦﴾  وَالْجِبَالَ أَوْتَادًا ﴿٧﴾

 “Биз Жерди бешиктей (жашоого ыңгайлуу) кылып койбодукпу?! Тоолорду (Жерди тутуп туруучу) казык кылып койбодукпу?!”.

Бул эки аятты мурунку аалымдар маалым бир түшүнүктүн чегинде гана түшүндүрүп беришкен, илим-билим өнүккөндөн кийин таптакыр башка мааниде айтыла баштады.

Доктор Заглул Нажжар жогорку аяттын тафсиринде айтат: “Аллах тоолорду казык кылгандыгынын кабарын берүүдө. Бул болсо бийик тоолордун жер литосферасынын ичинде тереңдеп кеткен узун тамырлары бар экендигин билдирет. Анткени казыктын негизги бөлүгү жер астында болот, анын милдети чатырды бекем кармап туруу болгонундай, тоолордун милдети да жерди бекем кармап туруу. Бул чындыкты заманавий илим жакында ачыкка чыгарды, тоолордун жер астындагы тамыры узун экендиги аныкталды. “Казык” сөзү илимий жааттан да, сөздүк жааттан да заман окумуштуулары иштетип жаткан “тамыр” сөзүнөн көрө назик маанилерди билдирет.  

“Окумуштуулар XIX кылымдын жарымынан баштап тоолордун тамыры болуусу мүмкүн деп болжол кыла башташкан, бирок чечкиндүү түрдө айта алышкан эмес” (Доктор Заглул Нажжар, “Эхрам” журналы 31.12.2001 ж).

Жашоо илимдери Куранды дагы да тереңирээк үйрөнүүбүзгө жардам берет. Көптөгөн кайрыдин окумуштуулар Курандын  муъжизасын көрүп Исламга кирип жаткан көрүнүштөр барган сайын көбөйүүдө. Төмөндө мусулманчылыкты кабыл алган илимпоздун икаясы менен таанышып көрөлү.

Доктор Заглул Нажжар Англиянын медицина университетинде лекция окуйт. Лекциядан соң андан: “Кыямат жакындашты. (Мына) ай да бөлүндү” (Камар сүрөсү, 1-аят) аяты Аллахтын Китебиндеги илимий  муъжиза боло алабы, деп сурашты. Доктор бул Курандагы миңдеген муъжизалардан бири экандигин, жакында муну заманавий илим да тастык кылганын айтты. Ошондо англиялык бир адам сүйлөөгө уруксат сурап, өзүн тааныштырды. Ал Давуд Муса Педкок аттуу киши болуп, Англияда бир исламий партиянын жетекчиси экен, жогорудагы аят себептүү мусулман болгондугун айтат. Анын айтуусунча бир тааныш мусулман адам ага Куран маанилеринин англисче котормосун белек кылыптыр. “Камар” сүрөсүн окуган Педкок андагы Ай жарылганы жөнүндөгү аятка ишенбей Куранды жаап коёт. Күндөрдүн биринде ВВС каналында америкалик космостук окумуштуулардын катышуусундагы көрсөтүүнү көрүп калат. Анда окумуштуулар Айды изилдөө медицина, айыл чарбасы жана башка бир катар тармактарда жакшы натыйжа бергенин айтышат. Журналист окумуштуулардан: “Чындап эле ай жарылганбы?” деп сурайт. Алар чындап эле ай жарылып, кайра уланганын моюндашат. Педкок ошол замат Куранды ачып, алгач окуган, соң ишенбеген аятка карайт. Дал ошол аят анын мусулман болуусуна себеп болот.

Албетте, Куран жана сүннөттүн ажайыптуулугу түгөнбөйт. Биз бул эки булактын сырларын ачуучу аалымдарга муктажбыз, жадагалса четке кагып болбой турган далилдерди келтирели. Качанга чейин Америка, Россия сыяктуу кайрыдин өлкөлөрдүн илимий ачылыштарына таң калып жүрө беребиз?!  

Жашоо илимдери шаръий илмимдерди толуктап, инсандарды ааламдардын Роббисине чакырып турат. Куран аяттары жана пайгамбар хадистеринин шархтарына илимий тафсирлерди кошсок, аябай максатка ылайык болот эле. Арабызда күчтүү космос илимпоздору, жетик географтар, чебер физиктер көбөйсө, көптөгөн кайрыдиндер Исламга кирээр беле?!

Жетинчи далил:

Дин дааватчылары жетик адистер болгону максатка ылайыктуу эмеспи?! Такыба мусулман окуучу жашоо илимдеринде курдаштарынан өйдө болбосо, аны жетекчи деп болобу?!

Биздин оорулуу көйгөйүбүз – мусулмандардын өз адистигин жакшы билбегендигинде, өз кесибинде нонок экени, мээнет натыйжалуулугунун төмөндүгү. Ар тараптуу толук болбогон адамдын дааваты жакшы натыйжа берет беле?!

فَقَالُوا عَلَى اللهِ تَوَكَّلْنَا رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ ﴿٨٥﴾

“Алар: “Биз Аллахка тобокел кылдык. Эй, Роббибиз! Залимдер коомуна бизди фитна (алдануучу) кылып койбогун!” дешти” (Юнус сүрөсү, 85-аят)

Ушул аяттын тафсиринде айтышкан: “Аяттагы дубанын мааниси каапырларды момундардан өйдө жана улуу кылбагын, алар өзүнөн кетип “Мусулмандар ак жолдо болгондо биз булардын үстүнөн жеңишке жетпейт элек, алар мынчалык кор болмок эмес” деп айтышат” (“Тафсир Ибн Касир”).

Жаңы мусулман болгон бир америкалык үммөттүн бүгүнкү абалын толук билбей Исламга киргенине Аллахка алкыш-мактоолор айтып жатканын угуп калдым. Ал Исламды китептерден окуп-үйрөнүп анан мусулман болгондугунан бүгүнкү үммөттүн алсыз абалынан кабарсыз болчу. Ал Ислам адамдарды жакшылыкка, илимге, кайратмандуулукка чакыруусун билет эле, бирок мусулмандар өз динине толук амал кылбай жаткандыгынан кабарсыз болчу.

Мына ушундай абалдар мусулмандарды жашоо илимдерин да шаръий илимдер сыяктуу дыкат үйрөнүүгө үндөбөйбү?!

Сегизинчи далил:

Аллах Таала мусулмандарды ар бир тармакта жетик болууга буюрат. Албетте өз ишин мыкты билгендер дайыма алдыда болот.  

عَنْ شَدَّادِ بْنِ أَوْسٍ رضي الله عنه ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : » إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ ، فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا الْقِتْلَةَ ، وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذِّبْحَةَ ، وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ ، وَلْيُرِحْ ذَبِيحَتَهُ »  أخرجه مسلم

Шаддад ибн Австан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар (соллаллоҳху алайхи васаллам) айтат: “Аллах ар бир ишти жакшылап аткарууга буюрган, кылмышкердин өлүм жазасын аткарып жатканда да кыйнабай жанын алгыла, жандык сойгондо да жакшылап сойгула, бычагыңарды курчутуп алгыла, жандык кыйналбай жан берсин. (Имам Муслим риваяты).

“Ар бир ишти” дегенде шаръий илимдеринде да, жашоо илимдеринде да алдыда болуу түшүнүлөт. Алдыда болгондор жетик, улуу, саййид болушат.

Аллах Таала Өз Китебинде жетекчиликти (падышалыкты) Таалутка бергендигин баян кылат, мунун себебин ага илим жана жисимде (дене түзүлүшүндө) артыкчылык бергени менен ачыктайт. Таалутка берилген илим жалаң гана   шаръий илим эмес болчу. Ага аскер башчылык, саясат сыяктуу илимдер да берилген эле. Таалуттун жашаган доорунда пайгамбар да бар эле, албетте ал эч шек-көмүнсүз шаръий илимдерди вахий аркылуу билет болчу. Бирок кошуунду башкаруу үчүн жашоо илимдерин билген адис жетекчи (падыша) болду.

وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ اللهَ قَدْ بَعَثَ لَكُمْ طَالُوتَ مَلِكًا ۚ قَالُوا أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُ الْمُلْكُ عَلَيْنَا وَنَحْنُ أَحَقُّ بِالْمُلْكِ مِنْهُ وَلَمْ يُؤْتَ سَعَةً مِنَ الْمَالِ ۚ قَالَ إِنَّ اللهَ اصْطَفَاهُ عَلَيْكُمْ وَزَادَهُ بَسْطَةً فِي الْعِلْمِ وَالْجِسْمِ ۖ وَاللهُ يُؤْتِي مُلْكَهُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ ﴿٢٤٧﴾

“Аларга пайгамбарлары: «Аллах силерге Таалутту падыша кылып жиберди», – деп айтты. «Биз ага караганда падышалыкка татыктуураак болсок, анан кантип ал бизге падыша болсун?! Ага байлык мол берилген эмес», — дешти. Ал: «Аны силерге Аллах тандап, ага дене күчүн жана илимди мол берди» -деди. Аллах өкүмдарлыкты (Өзү) каалаган адамга берет. Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү.” (Бакара сүрөсү, 247-аят).

Юсуф алайхиссаламга Мисрде вазирлик кызмат сунуш кылынганда:

وَقَالَ الْمَلِكُ ائْتُونِي بِهِ أَسْتَخْلِصْهُ لِنَفْسِي ۖ فَلَمَّا كَلَّمَهُ قَالَ إِنَّكَ الْيَوْمَ لَدَيْنَا مَكِينٌ أَمِينٌ ﴿٥٤﴾ قَالَ اجْعَلْنِي عَلَىٰ خَزَائِنِ الْأَرْضِ ۖ إِنِّي حَفِيظٌ عَلِيمٌ ﴿٥٥﴾

Падыша: «Аны мага алып келгиле. Мен аны өзүмө жакын адамдардан кылып алайын», – деди. Падыша Юсуф менен сүйлөшүп жаткан кезде: «Албетте, сен бүгүн биздин алдыбызда ишеничтүү, улук (вазирлик) орундасың», – деди. (Юсуф падышага): «Мени өлкөнүн казына башчылыгына дайында. Анткени мен аны кантип коргоону (сактоону) билемин», – деди. ” (Юсуф сүрөсү, 55-аят).

Карасаңыз, Юсуф алайхиссалам чоң мансапка дароо ыраазы болгон жок, тескерисинче колунан келе турган кызматты берүүсүн суранып жатат. Анын “билемин” деген сөзү динди же вахийди эмес, жер жана дыйканчылык илимдерин билемин дегени.  

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) улуу сахаба Амр ибн Асты (разияллоху анху) “Затул-саласил” согушуна аскер башчы кылып дайындаган. Кошуунда башка улуу сахабалар толтура болчу. Амр ибн Ас мусулман болгонуна эми гана беш ай болгон, шаръий илимдерди башка сахабалардай билбесе да согуш илимин жана ошол согуш болуучу жайдын стратегиясын жакшы билчү. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ал жөнүндө: “Ал согуш илимин жакшы билгендиги үчүн аны аскер башы кылып дайындадым”, деген. (Суютий, “Тарых хулафа” Халифалар тарыхы).

Амр ибн Астын аскер башчы болуп дайындалуусу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мукаммал (толук) жашоо илимин канчалык кадырлагандыгынын белгиси.

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) мусулмандарды Куран тилаватын жетик сахабалардан таалим алууга буюрган.

عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ عُمَرٍو رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: خُذُوا الْقُرْآنَ مِنْ أَرْبَعَةٍ: مِنِ ابْنِ أُمِّ عَبْدٍ -فَبَدَأَ بِهِ- وَمُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ، وَأُبَيِّ بْنِ كَعْبٍ، وَسَالِمٍ مَوْلَى أَبِي حُذَيْفَةَ رَوَاهُ أَحْمَدُ، وَالْبُخَارِيُّ، وَالتِّرْمِذِيُّ وَصَحَّحَهُ.

Абдулла ибн Амрдан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): “Куранды төрт кишиден Ибн Умму Абддан (Абдуллах ибн Масъуддан), Муаз ибн Жабалдан, Убай ибн Каъбдан жана Абу Хузайфанын мавласы (азат кылган кулу) Салимден үйрөнгүлө”, деп айтты” (Имам Ахмад, Имам Бухарий жана Имам Термизий риваяты).

Жогорудагы аты аталган төрт сахаба такыбада мыкты болушкандыктан эмес, Куранда чебер, кырааттын түрлөрүн жакшы билишкендиги үчүн сунуш кылынган.

Азирети Билалга (разияллоху анху) азан айтуу буюрулганы анын намазы, орозосу үчүн эмес, үнү кооз жана бийик чыккандыгы себеп болгон.  Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) азан калималарын (сөздөрүн) түшүндө уккан Абдулла ибн Зайдды муаззин (азанчы) кылып дайындабады, кайра ага:

حَدِيثُ عَبْدِ اللهِ بْنِ زَيْدٍ فِي الْأَذَانِ، وَفِيهِ قَوْلُ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسلَّمَ: «إِنَّهَا لَرُؤْيَا حَقٌّ إِنْ شَاءَ اللهُ فَقُمْ مَعَ بِلَالٍ، فَأَلْقِ عَلَيْهِ مَا رَأَيْتَ فَلْيُؤَذِّنْ بِهِ؛ فَإنَّهُ أَنْدَىٰ صَوْتًا مِنْكَ» (فِي قَوْلِهِ: ((أنْدَىٰ صَوْتًا مِنْكَ)) قِيلَ: مَعْنَاهَا أَحْسَنُ وَأَعْذَبُ) [353] رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ (499)، وَابْنُ مَاجَه (706)، وَابْنُ خُزَيْمَةَ (370)، وَالْبَيْهَقِيُّ (1/390) (1909) صَحَّحَهُ الْبُخَارِيُّ

 “Бул түш акыйкат, Билал менен кошо тургун да түшүңдө уккан калималарды ага үйрөтүп тур, азанды ал айтсын, сага караганда анын үнү кооз жана бийик”, деди. (Абдулла ибн Зайддан (разияллоху анху) Имам Абу Давуд, Ибну Маажа, Ибну Хузайма жана Байхакий риваяты. Имам Бухарий бул хадисти сахих деген).

Ошондой эле тиб (медицина) илиминде да өтө тажрыйбалуу, чебер табыптан дарылануу талап кылынат.

حَدَّثَنِي عَنْ مَالِكٍ عَنْ زَيْدٍ بْنِ أَسْلَمَ أَنَّ رَجُلًا فِي زَمَانِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَصَابَهُ جَرْحٌ فَاحْتَقَنَ الْجَرْحَ الدَّمُ وَأَنَّ الرَّجُلَ دَعَا رَجُلَيْنِ مِنْ بَنِي أَنْمَارٍ فَنَظَرَا إِلَيْهِ فَزَعِمَا (قَالَا): أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَهُمَا أَيُّكُمَا أَطَبُّ فَقَالَا أَوَ فِي الطِّبِّ خَيْرٌ يَا رَسُولَ اللهِ فَزَعِمَ (قَالَ) زَيْدٌ: أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ أَنْزَلَ الدَّوَاءَ الَّذِي أَنْزَلَ الْأَدْوَاءَ

Имам Малик (рахимахуллах) “Муˈатта”да Зайд ибн Асламадан мурсал абалда риваят кылат: “Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) доорунда бир сахабий жараат алды, жараат канга толуп кетти. Анан ал киши Бани Анмардан эки кишини чакыртты, ал экөө анын жараатына карашты. Алар айтат: Пайгамбар (соллаллоху алайхи саллам) бизге: “Кимиңер табаабатда күчтүүсүңөр?” деп сурады. Алар: “Эй, Расуулуллах, табаабатда да жакшылык барбы? ”дешти. Зайд: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Ооруну берген дабаасын да сөзсүз берет!”, деп жооп берди, дейт.

Ишин жакшы билбеген адис пайда берүүнүн ордуна зыян берип коёт. Фикх китептеринде айтылуусуна караганда, өз кесибин жакшы билбеген табып оорулууга зыян жеткирсе, зыянын төлөп берет жана жоопкер болот. бирок күчтүү табып оорулууну дабалоо жараянында ага зыян жеткирсе, жоопкер болбойт жана ага жаза да берилбейт.  

عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ- قَالَ: « مَنْ تَطَبَّبَ، وَلَمْ يُعْلَمْ مِنْهُ طِبٌّ فَهُوَ ضَامِنٌ» رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ وَالنَّسَائِيُّ.

Амр ибн Шуъайб атасынан ал чоң атасынан риваят кылат: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Табыптыкты жакшы билбей туруп табыптык кылган адам зыянды төлөйт”, деп айткан”. (Имам Абу Давуд жана Насаий риваяты).

Факих, табып, философ Ибн Рушд мына ушул хадиске түшүндүрмө берип айтат: “Табып тажрыйбалуу, чебер болсо зыянды төлөбөйт, оорулуу өлүп же бир дене мүчөсүнө зыян жетсе да. Табып табаабатда нонок болсо, балдак урулат, камалат жана кун төлөйт” (“Бидаятул мужтахид”).

وَ قَدْ رَوَىٰ مُسْلِمٌ عَنِ السَّيِّدَةِ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا، أَنَّهَا قَالَتْ: «أُصِيبَ سَعْدُ بْنُ مُعَاذٍ يَوْمَ الْخَنْدَقِ، رَمَاهُ رَجُلٌ مِنْ قُرَيْشٍ فِي الْأَكْحَلِ (كَوْعِ الْيَدِ أَوِ الْوَرِيدِ الْمُتَوَسِّطِ فِي الْيَدِ)، فَأَمَرَ الرَّسُولُ رُفَيْدَةَ أَنْ تُقِيمَ خَيْمَةً فِي الْمَسْجِدِ لِيَعُودَهُ مِنْ قَرِيبٍ»، وَقَالَ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِلْقَوْمِ حِينَ أَصَابَ السَّهْمُ ابْنَ مُعَاذٍ بِالْخَنْدَقِ: «اجْعَلُوهُ فِي خَيْمَةِ رُفَيْدَةَ حَتَّىٰ أَعُودَهُ مِنْ قَرِيبٍ»،

Имам Муслим Айша энебизден (разияллоху анху) риваят кылат: “Хандак казатында Саъд  ибн Муъаз (разияллоху анху) жарадар болду. Аны (душман тараптан) Курайштан болгон бир киши чыканагына (жаанын жебеси менен) атты. Анан Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) аны (тез-тез) зыярат кылып туруу үчүн жакыныраак болгон мечиттин жанына Руфайданы чатыр тигүүгө буюрду. Ибн Муъазга ок тийгенде адамдарга: “Аны ошол Руфайданын чатырына алып баргыла, жакыныраактан аны (те-тез) зыярат кылып көрүп турайын”, деди”.

 Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Саъд ибн Муазды (розияллоху анху) Руфайдага (разияллоху анхаа) жиберген, анткени ал табаабатты жакшы билген. Ал учурда аял киши эркек кишини дарылоо адаты жок болчу, Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Руфайда бинт Саъддын табаабат илимине чеберчилигин жакшы билчү, андыктан Муъазды ага жиберген.

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Саъд ибн Абу Ваккасты Харис ибн Калдага барып дабалануусун буюрду. Анын мусулман болгону жөнүндө маалымат жок, бирок чебер табып болгондугу үчүн сунуштаган. (Абу Давуд риваяты).

Кыскасы, ар бир тармакта жетик адис болушу керек. Ал үчүн илим, чебердик жана тажрыйба зарыл.

Өз тармагын толук өздөштүрө билбеген киши канчалык такыба болбосун, андан кеңеш алынбайт, ага ишенич билдирилбейт.

عَنْ مُوسَى بْنِ طَلْحَةَ ، عَنْ أَبِيهِ ، قَالَ : » مَرَرْتُ مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِقَوْمٍ عَلَى رُءُوسِ النَّخْلِ ، فَقَالَ : ( مَا يَصْنَعُ هَؤُلَاءِ ؟ ) فَقَالُوا : يُلَقِّحُونَهُ ، يَجْعَلُونَ الذَّكَرَ فِي الْأُنْثَى فَيَلْقَحُ ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ( مَا أَظُنُّ يُغْنِي ذَلِكَ شَيْئًا ). قَالَ فَأُخْبِرُوا بِذَلِكَ فَتَرَكُوهُ ، فَأُخْبِرَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِذَلِكَ فَقَالَ : ( إِنْ كَانَ يَنْفَعُهُمْ ذَلِكَ فَلْيَصْنَعُوهُ ، فَإِنِّي إِنَّمَا ظَنَنْتُ ظَنًّا ، فَلَا تُؤَاخِذُونِي بِالظَّنِّ ، وَلَكِنْ إِذَا حَدَّثْتُكُمْ عَنِ اللهِ شَيْئًا فَخُذُوا بِهِ ، فَإِنِّي لَنْ أَكْذِبَ عَلَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ ) أَخْرَجَهُ مُسْلِمٌ

Талха ибн Убайдуллах айтат: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен дарактар үстүндө адамдар жүргөн курма бактын жанынан өтүп калдык. Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): “Алар эмне кылып жатат?” деб сурады. Мен курманын түшүмү жакшы болуусу үчүн аны чаңдаштырып жатышканын айттым. “Мындан эч кандай пайда жок болсо керек деп ойлойм”, деди. Багбандар бул сөздү угуп, курмадан түшүштү да чаңдатууну токтотуп коюшту. Анан ошол жылы түшүм жакшы болбоду. Бул жөнүндө Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи ва саллам) кабар жеткенде ал зат: “Чаңдаштыруу пайда берсе кыла беришсин. Мен өзүм ойлогон нерсени айттым, инсан ката да кылат, туура да табат, силерге Аллахтын атынан сүйлөсөм аны бекем кармангыла, мен Аллахка жалган сүйлөбөймүн”, деди (Имам Муслим риваяты).

Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) сөздөрүнөн билсек болот, вахийден тышкары иштер жашоо илими жана тажрыйба менен билинет. Аларды билүү үчүн шарият аалымдарына эмес атайын адистерге кайрылуу керек. 

Жогорку хадиске маанилеш болгон Рафиъ ибн Худайждын риваятында:

عَنْ رَافِعِ بْنِ خُدَيْجٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ … فَقَالَ : ( إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ ، إِذَا أَمَرْتُكُمْ بِشَيْءٍ مِنْ دِينِكُمْ فَخُذُوا بِهِ ، وَإِذَا أَمَرْتُكُمْ بِشَيْءٍ مِنْ رَأْيِي فَإِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ ) رَوَاهُ مُسْلِمٌ

 “Силерди динден бир нерсеге буюрсам аны кармангыла, эгерде өз оюмдан кандайдыр бир нерсеге буюрсам, мен да инсанмын, ката кылган болушум да мүмкүн”, делинген (Имам Муслим риваяты).

Айша энебиздин риваятында: “Силер өзүңөр дүйөлүк ишиңерди жакшыраак билесиңер”, делинген (Имам Муслим риваяты).

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) дыйканчылык, табыпчылык, соода, аскер башчылык жана башка тармактардын билимдүүлөрүн кадырлаган. Негизинде Исламдын бизге таалими ушундай. Бирок соңку учурларда динди туура эмес түшүнүү жана чечмелөө мусулмандарды азыркы кырдаалга салып койду.

Тогузунчу далил:

Ислам жөнү жок эле бирөөлөрдү тууроо жана далилдерге этибарсыздыкты кескин каралайт. Аллах Таала каапырлар көз көрүнө ата-бабаларын туурагандыгын каралап мындай дейт:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اتَّبِعُوا مَا أَنْزَلَ اللهُ قَالُوا بَلْ نَتَّبِعُ مَا أَلْفَيْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا ۗ أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ ﴿١٧٠﴾

“Аларга: «Аллах түшүргөндү (аяттарды) ээрчигиле!» – деп айтылса, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган нерселерди ээрчийбиз», –дешет. Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап, туура жолго түшпөгөн болсо да ээрчий беришеби?!” (Бакара сүрөсү, 170-аят).

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) мусулманлдарды пикирсиз, чечкиндүү боло албастык, эки жүздүү болуудан кайтарган.

عَنْ حُذَيْفَةَ بْنِ الْيَمَانِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : (لَا تَكُونُوا إِمَّعَةً ، تَقُولُونَ : إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَحْسَنَّا ، وَإِنْ ظَلَمُوا ظَلَمْنَا ، وَلَكِنْ وَطِّنُوا أَنْفُسَكُمْ ، إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَنْ تُحْسِنُوا ، وَإِنْ أَسَاءُوا فَلَا تَظْلِمُوا) رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Хузайфа ибн Ал-Ямандан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам):Санда жок, мите адам болбогула, адамдар жакшылык кылса жакшылык кылабыз, жамандык кылса жамандык кылабыз, дебегиле. Өзүңөрдү жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарууга, жамандык кылгандарга зулум кылбастыкка үйрөткүлө”, деп айтты”. (Имам Термизий риваяты).

Аллах Таала каапырлардан кайсарлык кылгандарга далил сурап айтат:

أَمَّنْ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ وَمَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۗ أَإِلَٰهٌ مَعَ اللهِ ۚ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ ﴿٦٤﴾

“Же биринчи ирет жаратууну баштап, андан кийин аны (акыретте) кайра жарата турган Зат (жакшы)бы? Ким силерге асмандан жана жерден ырыскы берет? Аллах менен бирге башка кудай барбы? (Эй Мухаммад аларга) «Эгер силер туура айтып жатсаңар, далилиңерди келтиргиле» – дегин!” (Намл сүрөсү, 64-аят).

قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُوا مِنَ الْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌ فِي السَّمَاوَاتِ ۖ ائْتُونِي بِكِتَابٍ مِنْ قَبْلِ هَٰذَا أَوْ أَثَارَةٍ مِنْ عِلْمٍ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ ﴿٤﴾

“(Эй Мухаммад аларга) айт: «Аллахдан башка табынып жатканыңардын кандай экенинен кабар бергилечи. Алар (кудайыңар) жер үстүндө эмнелерди жараткандыгын, же болбосо аларда асмандарды жаратууда үлүшү барбы, көргөзгүлөчү. Эгер силер чындыкты айтып жатсаңар, анда мындан (Курандан) мурунку китепти, же эң жок дегенде – илимдин кичинекей бир бөлүкчөсүн келтиргилечи!» (Ахкаф сүрөсү, 4-аят).

Аллах Таала далил менен түшүргөн аяттарда Өзүнүн Жалгыз экендигин айтат:

لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللهُ لَفَسَدَتَا ۚ فَسُبْحَانَ اللهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٢٢﴾

“Эгерде асмандар менен жерде Аллахдан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетээр эле. Арштын Эгеси болгон Аллах алардын сыпаттаган нерселеринен таза” (Анбия сүрөсү, 22-аят).

مَا اتَّخَذَ اللهُ مِنْ وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَٰهٍ ۚ إِذًا لَذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ سُبْحَانَ اللهِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٩١﴾

“Аллах Өзүнө уул алган эмес. Аны менен бирге (башка) кудай болгон эмес. Эгер андай болбосо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетээр эле жана бир-биринин үстүнөн чоңдук кылат эле (натыйжада асман жана жер бузулуп кетмек). Аллах алар сыпаттап жаткан нерселерден аруу, таза” (Муъминун сүрөсү, 91-аят).

هَٰذَا خَلْقُ اللهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ بَلِ الظَّالِمُونَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ ﴿١١﴾

“Бул Аллахтын жараткандары. Силер Андан башканын жараткандарын Мага көргөзгүлөчү. Балким, заалымдар анык адашууда!” (Лукман сүрөсү, 11-аят).

وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ ۖ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ ﴿٧٨﴾ قُلْ يُحْيِيهَا الَّذِي أَنْشَأَهَا أَوَّلَ مَرَّةٍ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ ﴿٧٩﴾ الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْأَخْضَرِ نَارًا فَإِذَا أَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ ﴿٨٠﴾ أَوَلَيْسَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ ۚ بَلَىٰ وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ ﴿٨١﴾

“Ал өз жаралышын унутуп, Бизге: «Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?» – деп мисал келтирет. «Аны алгач жараткандай эле тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү», – дегин. Ал силерге жашыл дарактан от пайда кылды, андан силер от жагасыңар. Асмандар менен жерди жараткан Ал аларга окшогондорду жарата албай калмак беле? Ооба. Ал – Жаратуучу, Даанышман!” (Ясин сүрөсү, 78-79-80-81-аяттар).

وَلَقَدْ ذَرَأْنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرًا مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ ۖ لَهُمْ قُلُوبٌ لَا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌ لَا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ آذَانٌ لَا يَسْمَعُونَ بِهَا ۚ أُولَٰئِكَ كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الْغَافِلُونَ ﴿١٧٩﴾

“Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык: Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу, же андан да жаман (адашуучу). Ошолор кайдыгер калгандар” (Аъраф сүрөсү, 179-аят).

Аллах инсанды акыл нээматы менен сыйлады. Инсандын айбандан айырмасы мына ушунда. Демек, Ислам акылдын ортомчулугу менен кайдыгерликтен, фанаттыктан кутулууга чакырат. Ким пикирлеп ой жүгүртпөсө, андан токтоп калса, Исламга терс иш кылган болот.  

Онунчу далил:

Ислам тарыхы мусулмандар жашоо илимдеринде алдыга озгон доорлордо өнүгүү күчтүү болгонун көрсөтөт.  Ислам тарыхында чиркөө сыяктуу аалымдарга зулум кылуу абалы күзөтүлбөгөн.

Ислам дини илим алууга эч качан тоскоолдук кылган эмес. Европа коомчулугунда жакын убакытка чейин чиркөө илим алууга тоскоолдук кылып келди, миңдеген аалымдар отто күйдүрүлдү, европалыктар муну алиге чейин унута элек. 

Эмне себептен чиркөөлөр илимге катуу каршылык кылды? Анткени өкүмдарлык толугу менен чиркөөдө болчу, илим алардын жалгандарын ачып салды. Чиркөө болсо чоң байлыктан айрылып калбас үчүн аалымдарга кысымчылык кылды. Коперник, Галилей, Эйнштейн, Макс Планк сыяктуу аалымдар дал ушул чиркөө мекемелеринде (сот залдарында) соттолушту.

Коперник 1543-жылы Жер өз огунун айланасында 24 саатта бир жолу Күндүн айланасында болсо жылына бир жолу айланып чыгуусун, Күн ааламдын борбору экендигин ачылыш кылды. Католиктер бул ачылышка катуу нааразылык кылышты, себеби насронийлердин токума жомокторунун бети ачылып калуу коркунучу бар эле.  

Чиркөө Коперникке карата өкүм чыгарды. Ал динден чыккандыкта айыпталып, китептери күйдүрүлдү, өзү болсо дарга асылды.  

Анын көз караштары туура экенин анчадан кийин билишти.

Галилей Коперниктин ачылышын тастыктап, Ай тегиз тело эместигин аныктаганы үчүн Папа анын жашы улгайган жана оорулуу экенине карабай күч иштетип мекемеге (сот залына) алып келип, аны түбөлүк үй камагына өкүм кылды.  

Жордано Бруно майданда ашкере отко күйдүрүлдү. Анын “айыбы” Жер айлануусуна жана башка планеталар да бар экендигине ишенген болчу.

1481-1499 жылдарда 90023 аалым мекемеге тартылды, чиркөө алардын китептерин окууга тыюу салып, күйдүрүп жиберүүгө буюрду.

Европа узак убакыт мына ушундай караңгылыкта жашады. Бул доор “караңгылык доору”, деп аталган. Адамдар илимий өнүгүүлөргө жетишүү үчүн диндин өкүмдарлыгын жоготуу керек, деп ойлой баштады. Динден жийиркенүү жана атеисттик күчөдү. Илимий акыйкаттарга терс келгени үчүн Тоорат жана Инжилди душман санашты. Алар дин дегенде илимдин душманын түшүнүшчү болду.

Акылды асман китептеринен өйдө коюуга чакырыктар башталды. 1790-жылы Францияда чиркөөдөн кутулуу аракеттери башталып кетти, көптөгөн чиркөө кызматкерлери ишинен куулду. Жооптууларды Папа эмес өкүмөт дайындай турган болду. 1905-жылы Франция өкүмөтү дин мамлекеттен ажырагандыгын жарыя кылды жана бул бүт Европага тарады. Насраний дини чиркөө дубалдарынын ичине камап коюлду. 

Мусулмандар илимдүү инсандарга урмат-ызаат көрсөткөндүгүнө тарыхта мисалдар толтура. Маселен, Аббас ибн Фирнас Андалус аалымдарынан бири болчу. Көптөгөн илимий ачылыштардын автору, ошондой эле абада учуу жөнүндө илимий иштери болгон, падышалар аны аябай урмат кылышкан.  

Аббас ибн Фирнастын падышалардын алдында аброю арткандыктан башкалардын ага хасады келди. Аны сыйкырчылыкта айыпташты, анткени анын үйүндө лабораториясы бар эле. Андан чыккан түтүн-бууларды көрүп күмөн пайда болду. Куртубага (азыркы Кардабага) тергөөгө чакырылды. Ага жамаатчылык билбеген иштер менен алектенип жаткандыгы боюнча айып коюлду. Ал мындай жооп берди: “Унга суу кошуп камыр жуурусам, соң камырды тандырда нан кылсам, бул сыйкыр болобу?!” “Жок, бул сыйкыр эмес, Аллах пенделерине үйрөткөн пайдалуу илим”, дешти.  Аббас айтты: “Мен үйүмдө кылып жаткан иштерим да дал ушундай эле: бир элементке башка бир элементти кошомун, аралашманы отто кызытамын, мусулмандарга пайдалуу бир илимий ачылыш тартууламакчымын”. Андан күбөң барбы, деп сурашты. Ал халифа Абдурахман ибн Хишамды күбө кылды. Казы халифаны мекемеге чакырды. Халифа аалымдын сөздөрүн тастыктагандан соң, Аббас ибн Фирнас акталды, андан кечирим суралып, илимий иштерине ийгиликтер каалашты.

Ислам тарыхында аалымдарды сый-урмат кылуу мисалдары санаса санагына жетип болбойт. Дагы бир мисал: Фаатимий эмири Биамриллах Хасан ибн Хайсамдын демөөрчүлөрүнүн бири эле. Аалым: “Эгерде мен Мисрде болгонумда Нил дарыясына бир дамба курат элем. Ар дайым Миср эли сууга бай болушмак”, деди. Бул сөздү уккан эмир   Биамриллах Хасан ибн Хайсамды Мисргае чакырат, сапар жана долбоор чыгымдарын өз мойнуна алат.  

Ибн Хайсам Мисрге келгенде эмир өзү күтүп алат. Сый тамак үстүндө долбоор боюнча өз-ара пикир алмашышат.  

Эртеси күнү аалым дамба курууга болжолдонгон жайга барат, долбоорду амалга ашыруу үстүндө баш катырат. Анын планын ишке ашыруу ошол доордун шарттарында мүмкүн эмес болчу. Анан эмирге бул планды ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, андан үзүр сурайт.   

Эмир аалымды туура түшүнөт. Илимге болгон урматтын себебинен эмир аны туура түшүндү. .

Тарыхчылардын жазуусуна караганда, Мухаммад ибн Муса Харезмий Хараезмден Багдадгка көчүп келет. Багдатта халифа Харун ар-Рашид курдурган “Байтул хикма” атту чоң илимий мекеме болуп, кийинки халифа Маъмун анын жанына обсерватория курдурган болчу. Харезмий халифа илимдүүлөрдү кадырлашын билип, анын кабылына кирди.  Халифа Маъмун дароо аалымды чоң кызматка дайындап, ага жогору даражада сый-урмат көрсөтөт.  

Халифа астрономия илимине өтө кызыккан. Космосту үйрөнүү, жылдыздарды күзөтүү үчүн обсерватория курдурган. Дал мына ушул учурда Европа кандай абалда эле?!

Маъмун аалымдарды Птолемейндин “Альмагест” китебин окууга чакырган. Халифа бардык аалымдарды чогултуп, ушул китепте көрсөтүлгөн жабдыктарга окшошун жасап, аны менен жылдыздарды үйрөнүүнү буюрат. Аалымдар бир нече жыл изилдөөлөр алып барып, далай натыйжаларга жетишет. 833-жылда халифа Маъмун көз жумат, андан кийин иштер токтоп калат (Сиддик ибн Хасан. “Абжадул улум”).

Ал доорлордо халифалар илимдүүлөрдөн каражатты кызганышкан эсмес. Маъмун ким бир китепти араб тилине которсо, ошол китептин салмагынча алтын берген. Чындыгында, которулуп жаткан грек, хинд жана рим тилдериндеги китептер жашоо илимдерин өз ичине камтып алган болчу. Натыйжада, мусулмандарга чоң илим кирип келди, тарыхта из калтырган цивилизация жаратылды (Шавкий Абу Халил. “Исламий араб цивилизациясы”).

Бүгүнкү күнгө келип котормо иштери халифа Маъмундун доорунан бир канча артта калганын көрүшүбүз мүмкүн: ар 100 миң мисрликке бир жылда үч даана китеп туура келсе, ар 100 миң Израил жаранына жүз даана китеп туш келет.  

Халифа Мансур, Маъмун, Мутаваккилдер кошуна Византия шаарларына аалымдарды китеп сатып алуу үчүн жиберип турушкан.

Европалыктар Андалустун Куртуба, Ишбилия, Гарнота сыяктуу илим очокторуна келип таалим алган, анткени өздөрүндө мындай илим борборлору болгон эмес.

Жорж Сартон айтат: “Орто кылымдарда мусулмандар чындыгында илимде эч кимди алдыга салган эмес, эң уникалдуу чыгармалар араб тилинде жазылган. VIII кылымдан XI кылымга чейин илим тили – араб тили болгон, сабаттуу боломун деген адам албетте, бул тилди үйрөнүүгө мажбур болгон” (Хассан Шамсий Баша. “Хаказа каануу явма куннаа”).

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Курани Карим
  2. Сахихул Бухарий
  3. Сахиху Муслим
  4. Сунану Абу Давуд
  5. Сунану Термизий
  6. Сунану Насаий
  7. Сунану Ибну Маажа
  8. Муснаду Ахмад
  9. Муватта Маалик
  10. Тафсиру Ибну Касир
  11. “Тарых хулафа” (Халифалар тарыхы), Суютий
  12. “Бидаятул мужтахид”, Ибн Рушд
  13. “Абжадул улум”, Сиддик ибн Хасан
  14. “Исламий араб цивилизациясы”, Шавкий Абу Халил
  15. Хаказа каануу явма куннаа, Хассан Шамсий Баша
  16. “Ислам жана аалам”, Рагиб Саржаний

Даярдаган: Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ

Subscribe
Notify of
guest

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments
Back to top button
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x