ЖаңылыктарМакалаларРубрикасыз

Намаздан кийинки ибадаттар

Намаздан кийин имамдын коомго карап олтурушу, соң баары жамаат болуп зикрлерди айтып, анан колдорун көтөрүп дуа кылуусу, коомдун имамдын дуасына «Амийн, амийн» деп турушу жөнүндө суроолор көп. Мурда бул маселеде эч кеп-сөз көтөрүлбөйт болчу. Бирок кийинки учурда түрдүү себептерге көрө суроолор көбөйүп кетти.

Негизи бул маселе мурда эле чечилген, мухаддистер өз китептеринде бул жааттагы хадистерди риваят кылган жана факихтер да өз китептеринде аны жакшылап анализдеп, чечип беришкен.

Бирок кээ бир адамдар бул маселени кайра дагы көтөрүп, адамдардын башын оорутушууда.

Эмне кылалы, демек абал ушундай экен өзү билбеген нерсени инкар кылгандар бар болсо, кайра-кайра убара болуудан башыбыз чыкпайт.

Биз ойлойбуз, ибадаттын маңызы болгон дуаны Аллаахка жакындатуучу курбат экенин, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) айтканындай, дуанын өзү ибадат экендигин билбеген мусулман киши болбосо керек.  

Андыктан урматтуу окурмандарга кенен-кесири түшүнтүрүп берүүнү эп көрдүк.

Киришүү жана максат: Ар бир мамлекеттин өзүнө жараша үрп-адаттары, каада-салты жана өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү болот. Ислам шарияты болсо мына ушундай улуттук өзгөчөлүктө эгер Аллахтын Китеби жана Анын элчисинин сүннөтүнө каршы келе турган нерсе болбосо, аны колдоп-кубатталат, аны жокко чыгарбайт. Тескерисинче, үрп-адаттарды да шарияттын бир булагы катары шаръий өкүмдөрдү алуу усулдарына киргизет. Айрыкча, бул нерсе биздин Ханафий мазхабында – Имам Аъзам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) мазхабында ачык-айкын өз ордун тапкан. Эгер ошол үрп-адат аят же хадисте айтылган болсо же мейли ошол үрп-адат өтө заъийф хадистерде келген болсо да, анда аны Ханафий мазхабы ачык эле колдойт. Эгер алар аахад, бирок сахих хадистерде келген болсо, анда Ханафий мазхабы аларды сүннөт даражасына көтөрөт.

Эй Аллаахтын пенделери, силерден Аллаах Тааланын ушул сөзүн укпаган киши болбосо керек. Аллаах Таала айтат: 

وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ ﴿٦٠﴾

«Роббиңер: «Мага дуа кылгыла, силерден кабыл кыламын. Албетте, Менин ибадатымдан кибр кылгандар (баш тарткандар) жаханнамга кор болгон абалда киришет», деди». (Гаафир сүрөсү, 60-аят)

Аллаах Таала бир топ саалих пенделерди сыпаттап айткан төмөнкү аятын да окубаган же укпаган адам болбосо керек:

… إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا ۖ وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ ﴿٩٠﴾

«Акыйкатта, алар жакшы иштерге шашып, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышат эле. Алар Бизге таазим кылып моюн сунушкан». (Анбия сүрөсү, 90-аят).

Ушул аяттар дуа кылууга болгон буйруктун катъий-чечкиндүү экендигине далаалат кылат.

Намаз окугандан соң адат катары сакталып келе жаткан бир канча ибадаттар бар. Айрыкча биздин журтта бул нерсе эч качан ташталган эмес, жадагалса таштагандарды жаман көрүшкөн. Бул ибадаттар  – тасбех (Субханаллах), тахмид (Алхамдулиллах) жана такбир (Аллоху акбар) айтуу менен бирге Аятал курсий жана башка аяттарды окуп, жамаат менен бирге дуа кылып, анан туруп кетиш.

Биз төмөндө айта турган намаздан кийинки окулуучу адаттагы зикир ибадаттар. Айта кетчү нерсе, намаздан кийин аткарылчу бул амалдар Ханафий мазхабындагы аалымдардын пикиринде мустахаб, кылса сооп, кылбаса күнөө жок.

Эгемендүүлүк жылдарында жаңы чыккан “илимдүүлөр”, улуттук каада-салттарга кайдыгер карай турган, жадагалса аларды төмөн көз менен караган кээ бир адамдар кылымдар бою аткарып келе жаткан амалдарыбыз – намаздан кийинки жамаат болуп окула турган тасбех, тахмид жана такбирлерибиз жана Аятал курсий ошондой эле жалпы жамаат биргеликте дуба кылуусу сыяктуу жакшы ниетте, сооп үмүтүндө кыла турган иштерибизди бидъатга чыгарышты, негизи жок нерсе дешти. Кудум ата-бабаларыбыз эч нерсе билбеген, бул иштерди өздөрү ойлоп чыгарган имиш. А бирок негизинде алар айткандай эмес эле…

Кээ бирөөлөр болсо көпчүлүк кылып жаткан амалдарды тоотпостон жаңы жол таап алышты. Ачыгы башка мазхаб жана фиркаларды ээрчий баштады. Тагыраагы, фарз окулуп бүткөндөн соң сүннөттөрдү окубай эле тасбехтерге кирише башташты.  Негизинде, ихтилафтарга берилбей көпчүлүк турган тарапта болуу жакшыраак эмеспи?!

Ханафий мазхабынын китептеринде намаздан кийинки тасбихат жана аяттар ошошндой эле жамааттык дуа кылуу зикирлери:

Биз жогоруда кыскача айтып өткөнүбүздөй, темабыз боюнча фикхий китептерибиз да бир топ сөздөрдү айткан. Алардан “Жавхарат ун-наййира”, “Муниййат ул-мусоллий”нин шархы саналган эки чоң-кичүү “Халабий”лер, “Дурр ул-мухтар” жана анын хашия шархы саналган муътабар “Радд ул-мухтар” сыяктуу чыгармаларда кенен-кесири айтылат.  

Аларда айтылуусуна караганда, фарздын артынан сүннөтү бар намаздар болсо фарздан соң үч жолу“Астагфируллах” дегенден соң “Аллохумма анта-с-салам ва миңкас салам, табаарокта яаа зал жалаали вал икром” дуасынан башканы кошпойт. Андан ашыкча бир нерсе кошуу макрух (танзихий) болот. “Фатх ул-кадийр”де мындан бир аз ашыкча кылса жааиз делинген. Имам ал-Халваий мына ушуну ыктыяр кылган. Имам Бухарий жана Имам Муслимдин риваяттарында келүүсүнө караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) фарз намаздарынан соң кээде: “Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр. Аллохумма лаа мааниъа ли-маа аътойта ва лаа муътийа ли-маа манаъта ва лаа йанфаъу за-л-жадди минка-л-жидду”, деп айткан. Булар жөнүндө “Муниййат ул-мусоллий”дин шархтарында кеңири токтолгон.

Фарздардан кийин сүннөт болбосо, андан кийин, эгер сүннөтү болсо, сүннөттү окуп алгандан соң “Аят ал-курсий” жана “Чаркул” сүрөлөрү (“Каафирун”, “Ихлас”, “Фалак”, “Наас” сүрөлөрүн окуу, буларды окуу бизде адат болгон эмес), анан 33 жолу тасбех (Субхааналлах), 33 жолу тахмид (Алхамдулиллах) жана 33 жолу такбир (Аллоху акбар) айтуу менен 99 га жеткирип, тахлил менен (“Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр”) жүзгө толтуруп окуу мустахаб бололт.

Тасбихтерди отуз үчтөн ашыруу макрух болот, деп да айтышкан. Буга себеп, адепсиздик болот дешкен. Анткни, бул Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) аткарган санына ашыруу болуп саналат. Бул кудум эле дааратта дене мүчөлөрүн үч жолудан ашык жуу макрух болгонго окшош. Ошентсе да кээ бир аалымдар отуз үчтөн ашырса макрух эмес, дешкен. Ашыкчасына сооп боло берет, анткени Аллах Таала Куранда:

مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ … ﴿١٦٠﴾

“Ким бир жакшылык-сооптуу иш кылса, ага он эсе көбөйтүп берилет” (Анъам сүрөсү, 160-аят), деген.

Имам фарздан соң жогорудагы: “Аллохумма анта-с-салам…” дуасын окугандан соң, эгер фарздын артынан сүннөтү болсо, өз жайынан бир аз жылып сүннөт окуйт, антпесе макрух болот, деп да айтылган. “Фатаваи Казыхан”да (бул китеп “Хааниййа” деп да аталат) айтылгандай, имам кыбыланын, тагыраагы мехрабтын оң тарабына, артындагы намазкөйлөрдөн көзү менен караганда алардын сол тарабына бир аз жылып, анан сүннөт окуйт. Имамдан башкалар фарз окуган жайында туруп эле сүннөт окуусу макрух болбосо да, фарз окуган ордунан бир аз оң же сол тарапка жылып анан сүннөт окуусу жакшыраак. “Бадайиъ ус-санайиъ”де муну мустахаб деген болсо, “Мухит”де сүннөт делинген.

وَرَوَىٰ أَبُو دَاوُدَ (854) وَابْنُ مَاجَه (1417) ـ وَاللَّفْظُ لَهُ ـ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : (أَيَعْجِزُ أَحَدُكُمْ إِذَا صَلَّى أَنْ يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ أَوْ عَنْ يَمِينِهِ أَوْ عَنْ شِمَالِهِ ، يَعْنِي : السُّبْحَةَ) أَيْ : صَلَاة النَّافِلَةِ بَعْدَ الْفَرِيضَةِ

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Силер (фарз) намаз(ын) окуп болгондон соң (андан кийинки сүннөттү окууда), астына же артка, оңго же солго (бир аз) жылып алууга жарабайсыңарбы”, деп айтты. (Имам Абу Давуд жана Имам Ибну Маажа риваяты)

Имам фарз жана андан кийинки сүннөттөрдү окугандан соң тасбихтерди жана башка зикирлерди жамаатка жүздөнүп алып окуйт. Кыбылага карап олтуруп алуусу макрух жана бидъат. Бул сөз “Хулосат ул-фатава”да келген. Жадагалса “Бадайиъ ус-санайиъ” китебинде мындай кылууну сүннөт, ал эми жамаатка жүздөнбөй кыбылага карап олтурууну макрух делинген.

Жамаатка жүздөнүп олтурганда артта имамдын тушунда масбуктар – кийин келип кошулгандар намаз окуп жаткан болсо, анда имам жамаатка толук жүздөнбөй, кырын салып олтурат. Анткени адамдын жүзүнө карап намаз окуу макрух болуп саналат. Азирети Умар (разияллоху анху) дал мына ушундай абалда намаз окуган адамга да жана ага толук жүздөнүп олтурган адамга да балдак урдурган. “Радд ул-мухтар”да бир канча саптын аркасында намаз окулуп жатса, имамдын жамаатка жүздөнүп олтуруусунун зыяны жок, делинген. Себеби, ортодогу саптарда болгон адамдар сутра мисалында болот.

Намаздан кийинки тасбихтер артында сүннөт болбогон фарздардан соң, эгер сүннөтү болсо, анда ошол сүннөттөрү окулгандан соң айтылат:

Биздин журтубузда кылымдар бою тасбихтер фарздардан соң сүннөтү болсо, аларды окуп болгондон кийин айтылып келген. Бул жогоруда айтылгандай, фикхий китептерибизде да өз тастыгын тапкан. Сүннөттү белгилүү “Аллохумма анта-с-салам…” дуасынан ашыкча олтуруп, кечиктирүү макрухи танзихий деп айтылган. Себеби намаздан кийинки зикирлердин баянындагы хадистерден бул зикирлердин сүннөттөн мурда айтылуусуна далаалат жок, тескерисинче сүннөт намаздарынан соң айтуу керектиги келип чыгат. Анткени, сүннөттөр фарздарга иттисал-жабышкан, аларды ээрчиген намаздар болуп, фарздарды толтуруу үчүн машруъ болгон. Демек, фарздардан аларды ажыратып болбойт.

Имам Муслим азирети Айша (разияллоху анха) энебиз жана Савбандан (разияллоху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ар намаздан кийин үч жолу истигфар айтып, ошол эле:

اللّٰهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَ مِنْكَ السَّلَامُ تَبَارَكْتَ يَا ذَا الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ

“Аллохумма антас-салам. Ва минкас-салам. Табаарокта я зал-жалаали вал-икром” дуасын окугандыгы айтылат. Жадагалса, Айша энебиз ал зат жалаң мына ушул дуаны окуу өлчөмүндөй гана олтургандыгын эске алган. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) хадистерин изилдөөчүлөрүнүн айтуусуна караганда, бул фарздан кийин окулчу, эгер фарздан кийин анын сүннөтү болсо, сүннөттөн мурда окулчу дуа. Анткени  Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи ва саллам) ар бир намаздын фарзы жана сүннөтү бүткөндөн соң окулчу дуа жана тасбихтерди хадис китептеринде өзүнчө айтылган.  Маселен, Имам Муслимдин өзү Мугийра ибн Шуъба жана Абдулла ибн Зубайр сыяктуу сахабалардан кылган риваятында Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) бүгүнкү күндө биз окуп адат кылган:

لآ إِلٰهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلٰى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

“Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр” деген тахлилди башка дуалар менен кошуп окуу адаты болгондугу айтылат. Демек, Айша энебиздин (разийаллоху анха) айтканы, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) фарздан кийин сүннөткө туруудан мурда үч жолу истигфар айтып, “Аллохумма антас-салам. Ва минкас-салам. Табаарокта я зал-жалаали вал-икром” дуасын окуган. Андан соң туруп сүннөт окуган. Эгер фарздан кийин сүннөтү болбосо, анда коомго жүздөнүп олтуруп, дуалар жана башка тасбихтерди айткан.

Тасбихтер:

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أنَّ فُقَرَاءَ المُهَاجِرِينَ أَتَوْا رَسولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالُوا: ذَهَبَ أَهْلُ الدُّثُورِ بِالدَّرَجَاتِ العُلَىٰ، وَالنَّعِيمِ المُقِيمِ، فَقالَ: وَما ذَاكَ؟ قَالُوا: يُصَلُّونَ كَمَا نُصَلِّي، وَيَصُومُونَ كَمَا نَصُومُ، وَيَتَصَدَّقُونَ وَلَا نَتَصَدَّقُ، وَيُعْتِقُونَ وَلَا نُعْتِقُ، فَقالَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَفَلَا أُعَلِّمُكُمْ شَيئًا تُدْرِكُونَ بِهِ مَنْ سَبَقَكُمْ وَتَسْبِقُونَ بِهِ مَنْ بَعْدَكُمْ؟ وَلَا يَكونُ أَحَدٌ أَفْضَلَ مِنكُم إلَّا مَن صَنَعَ مِثْلَ مَا صَنَعْتُمْ قَالُوا: بَلَىٰ، يَا رَسولَ اللهِ قَالَ: تُسَبِّحُونَ، وَتُكَبِّرُونَ، وَتَحْمَدُونَ، دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ مَرَّةً. قَالَ أَبُو صَالِحٍ: فَرَجَعَ فُقَرَاءُ الْمُهَاجِرِينَ إِلَىٰ رَسولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالُوا: سَمِعَ إخْوَانُنَا أَهْلُ الأمْوَالِ بِمَا فَعَلْنَا، فَفَعَلُوا مِثْلَهُ، فَقالَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ذٰلِكَ فَضْلُ اللهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ.

Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: “Мухаажирлердин кедей-жакырлары Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи васаллам) келишти да: “Малы көп байлар жогорку даражаларга жана туруктуу нээмат-ырахатка бизден озуп кетишти”, дешти. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Мындай деп айтууңардын себеби эмне?”, деди. Алар айтышты: “Биз намаз окугандай алар да намаз окушат, орозо кармаганыбыздай эле орозо кармашат. Бирок алар садака кылышат, биз болсо кыла албайбыз, алар кул азат кылышат, биз дагы эле кыла албайбыз”. Ошондо Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Силерге бир нерсе үйрөтөйүнбү?! Аны менен силерден озуп кеткендерге жетип аласыңар жана өзүңөрдөн арттагыларга жеткирбейсиңер. Силерден эч ким абзел боло албайт, бир гана ал нерсени силердей кылып аткаргандар силерге тең келүүсү мүмкүн”, деди. Мухаажирлер: “Андай болсо аны бизге үйрөтүңүз эй Аллахтын Элчиси!”, дешти.   Ал зат (солллаллоху алайхи васаллам) аларга: “Ар бир намаздан кийин отуз үч жолудан тасбих, такбир жана тахмид айтасыңар”.

Ушул хадисти Абу Хурайрадан (разияллоху анху) уккан ровий Абу Салих айтат: “Кедей мухаажирлер кайра Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи васаллам) келип: “Бай бир туугандарыбыз биздин жасап жаткандарды угуп, алар да кыла баштады”, деп айтышты.  Ошондо Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Эми, бул Аллахтын фазлы (берешендиги), каалаган адамга Өзү берет!”, деди”. (Имам Муслим риваяты)

Ушул хадистен сахабалардын доорунда эле байлар да кедейлер да бирин-бири көрүп, намаздан кийин жамаат болуп тасбихтерди айтышканы маалым болууда!

Жогорку хадисти Имам Бухарий жана Имам Муслим риваят кылган. Бирок Бухарий жана Имам Насаийдин риваятында тасбих, такбир жана тахмиддерди отуз үч жолудан эмес он бир жолудан айтуу буюрулган. Ошондо жалпы отуз үч болуп калат.

Имам Муслим Каъб ибн Ужрадан (разияллоху анху) кылган риваятында Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген:

عَنْ كَعْبِ بْنِ عُجْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللهِ ﷺ قَالَ: مُعَقِّبَاتٌ لاَ يَخِيبُ قَائِلُهُنَّ أَو فَاعِلُهُنَّ دُبُرَ كُلِّ صلاةٍ مكتُوبةٍ: ثَلاثٌ وثَلاثونَ تَسْبِيحَةً، وثَلاثٌ وثَلاثونَ تَحْمِيدَةً، وَأَرْبَعٌ وثَلاثونَ تَكبِيرةً رَوَاهُ مُسْلِمٌ.

Ар бир намаздын артынан соопторду ээрчитип келүүчү изме-из окулуучу калималар бар! Ар бир фарз намазынан кийин аларды айткан же аткарган адамдар кор болбойт. Алар отуз үч жолу тасбих “Субхааналлах” , отуз үч жолу тахмид “Алхамдулиллах” жана отуз төрт жолу такбир “Аллоху акбар” айтуу”.  

Бул хадисти Имам Термизий, Имам Насаий жана Имам Дарокутнийлер да риваят кылышкан.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: «مَنْ سَبَّحَ اللهَ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَحَمِدَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَكَبَّرَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ فَتِلْكَ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ، وَقَالَ تَمَامَ الْمِائَةِ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، غُفِرَتْ خَطَايَاهُ وَإِنْ كَانَتْ مِثْلَ زَبَدِ الْبَحْرِ» (صَحِيحُ مُسْلِمٍ: [597]).

Имам Муслим азирети Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят кылган хадисте, Расуулуллах (солаллоху алайхи васаллам): “Ким ар намаздан кийин Аллахка отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз үч жолу такбир айтса, мунун баары токсон тогуз болот, андан кийин жүзгө толтуруп: “Ла илааха иллаллоху, вахдаху, ла шарийка лаху, лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайˈин кодийр” десе, анын каталары (күнөөлөрү) деңиздин көбүгүндөй (көп) болсо да кечирилет”, деди”.

Бул хадисти Имам Абу Давуд жана Имам Насаийлер да риваят кылышкан.

Имам Ахмад жана Имам Насаий сахих жана хасан иснад менен Зайд ибн Сабиттен (разияллоху анху) кылган риваяты мындай:

عَنْ زَيْدِ بْنِ ثَابِتٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أُمِرْنَا أَنْ نُسَبِّحُوا دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ ، وَنَحْمَدُوا ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ ، وَنُكَبِّرُوا أَرْبَعًا وَثَلَاثِينَ. فَأَتَىٰ رَجُلٌ مِنَ الْأَنْصَارِ فِي مَنَامِهِ فَقِيلَ لَهُ أَمَرَكُمْ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَنْ تُسَبِّحُوا دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ وَتَحْمَدُوا ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ وَتُكَبِّرُوا أَرْبَعًا وَثَلَاثِينَ قَالَ نَعَمْ قَالَ فَاجْعَلُوهَا خَمْسًا وَعِشْرِينَ وَاجْعَلُوا فِيهَا التَّهْلِيلَ فَلَمَّا أَصْبَحَ أَتَى النَّبِيَّ فَذَكَرَ ذٰلِكَ لَهُ فَقَالَ اجْعَلُوهَا كَذٰلِكَ. رَوَاهُ أَحْمَدُ وَ النَّسَائِيُّ

Зайд ибн Сабит айтат: “Биз ар намаздаын артынан отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз төрт жолу такбир айтууга буюрулган элек. Анан анын түшүндө ансарлардан болгон бир киши: “Силерге Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) ар намаздын артынан отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз төрт жолу такбир айтууңарды буюрганбы?”, деп сурады. Ал: “Ооба”, деп жооп берди. Кайра наркы киши: “Эми аларды жыйырма бештен айткыла жана ага тахлилди (“Лаа илааха иллаллоху”) да (жыйырма беш кылып) кошкула”, деди. Таң жүргөндөн соң, ал көргөн түшүн Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи ва саллам) айтып берди эле, ал зат: “Ошондой кылгыла!”, деди”.

Жогоруда өткөн хадистерде тасбихтерди айтуунун сандары түрдүүчө баяндалды. Бул дегени көрсөтүлгөн сандардын каалаганын кармануу мүмкүн болот дегени. Бирок Имам Аъзам мазхабынын усулдук эрежелеринде эсептик сан жаатында келген хадистерди бир-бирине ылайыкташтыруу үчүн этияттык жүзөсүнөн сандардын эң көбү алынат. Маселен, дааратта дене мүчөлөрүн жууда да эсептик сан ар түрдүү айтылган. бир жолу, эки жолу жана үч жолу жуу да Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) риваят кылынган. Биздин мазхаб болсо бул маселеде үч жолу жууну алган. Анын сыңарындай тасбихтерде да отуз үч санын алуу этияттык жүзөсүнөн абзел болуп саналат.  

Ал эми, намаздардан кийин аткарыла турган тасбихтердин санын хадистерде айтылган эсебинен ашыруу макрух болот деген аалымдар да бар.

Адамдардын амалда абзели болуу: Жогоруда өткөн “Лаа илааха иллаллох…” калимасын өзүнчө ашыкча айтуу да хадистерде абзелдик катары айтылат:

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمٰنِ بْنِ غَنَمٍ مُرْسَلًا إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، وَلَفْظُهُ : ( مَنْ قَالَ قَبْلَ أَنْ يَنْصَرِفَ وَيَثْنِيَ رِجْلَهُ مِنْ صَلَاةِ الْمَغْرِبِ وَالصُّبْحِ : لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ ، وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ ، بِيَدِهِ الْخَيْرُ ، يُحْيِي وَيُمِيتُ ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ عَشْرَ مَرَّاتٍ ، كُتِبَ لَهُ بِكُلِّ وَاحِدَةٍ عَشْرُ حَسَنَاتٍ ، وَمُحِيَتْ عَنْهُ عَشْرُ سَيِّئَاتٍ ، وَرُفِعَ لَهُ عَشْرُ دَرَجَاتٍ ، وَكَانَتْ حِرْزًا مِنْ كُلِّ مَكْرُوهٍ ، وَحِرْزًا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ ، وَلَمْ يَحِلَّ لِذَنْبٍ يُدْرِكُهُ إِلَّا الشِّرْكَ ، وَكَانَ مِنْ أَفْضَلِ النَّاسِ عَمَلًا ، إِلَّا رَجُلًا يَفْضُلُهُ ، يَقُولُ : أَفْضَلَ مِمَّا قَالَ ) .رَوَاهُ أَحْمَدُ فِي » الْمُسْنَدِ » (29/512) وَمَعْنَىٰ قَوْلِهِ ( قَبْلَ أَنْ يَثْنِيَ رِجْلَيْهِ ) أَيْ : يعطفهما ويغيرهما عن هيئة التشهد ، كما يقول الملا علي القاري في » مرقاة المفاتيح » (2/773(

Имам Ахмад Абдурахман ибн Ганамдан (разияллоху анху) мурсал абалда кылган риваятында, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтат: “Ким шам жана багымдат намазынан кайтуусунан жана эки бутун ташаххуд абалында бүгүлүп туруусунан жазып ийүүдөн мурда:  “Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду би-йадихи-л-хойру юхйий ва юмийту ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр” деп он жолу айтса, ар бир айтканына он жакшылык жазылып, он жамандык өчүрүлөт жана анын пайдасына он даража көтөрүлөт. Ал ар кандай жамандыктан коргон болот, шайтонир рожиймден тосук-тумар болот. Ага ширктен башка аны кыйрата турган күнөөлөр жетпейт.  Ал амал жагынан адамдардын эң абзели болот. Бир гана артыкчылык амалдарда умтулуп ал айткан сөздөн абзел сөздү айтып андан озуп кетчү киши болбосо”. 

Имам Термизий хасан хадис деп Анастан (разияллоху анху) риваят кылган хадисти көпчүлүк уккан. Буга көбүрөөк такыбадарлар, тарикатчы-сопулар амал кылышат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айткан:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: مَنْ صَلَّى الْفَجْرَ فِي جَمَاعَةٍ ، ثُمَّ قَعَدَ يَذْكُرُ اللهَ حَتَّىٰ تَطْلُعَ الشَّمْسُ ، ثُمَّ صَلَّىٰ رَكْعَتَيْنِ ، كَانَتْ لَهُ كَأَجْرِ حَجَّةٍ وَعُمْرَةٍ تَامَّةٍ ، تَامَّةٍ ، تَامَّةٍ. أَخْرَجَهُ التِّرْمِذِيُّ

“Ким   багымдат намазын жамаат менен окуса, анан күн чыкканга чейин олтуруп Аллах Тааланы зикир кылса, андан кийин (күн найза бою көтөрүлгөндөн соң) эки рекет (ишрак деген) намаз окуса ага толук, толук, толук бир ажылык жана умранын сообу берилет”.  

رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ، عَنْ عَمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعَثَ بَعْثًا قِبَلَ نَجْدٍ، فَغَنِمُوا غَنَائِمَ كَثِيرَةً، وَأَسْرَعُوا الرَّجْعَةَ، فَقَالَ رَجُلٌ مِمَّنْ لَمْ يَخْرُجْ: مَا رَأَيْنَا بَعْثًا أَسْرَعَ رَجْعَةً، وَلَا أَفْضَلَ غَنِيمَةً مِنْ هٰذَا الْبَعْثِ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَلَا أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ قَوْمٍ أَفْضَلَ غَنِيمَةً، وَأَسْرَعَ رَجْعَةً؟ قَوْمٌ شَهِدُوا صَلَاةَ الصُّبْحِ، ثُمَّ جَلَسُوا يَذْكُرُونَ اللهَ حَتَىٰ طَلَعَتِ الشَّمْسُ، فَأُولٰٓئِكَ أَسْرَعُ رَجْعَةً، وَأَفْضَلُ غَنِيمَةً.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Нажд тарапка жиберген кошуун аз эле мөөнөттө өтө көп олжолор менен кайтып келди. Алар менен кошо барбай калган адамдардын арасынан бир киши: “Эч качан мынчалык тез мөөнөттө, мынчалык көп олжо менен кайткан кошуунду көргөн эмеспиз”, деди. Расуулуллах (соллаллоху алайҳи васаллам): “Силерге көп олжо менен өтө тездикте кайткан коом жөнүндө айтайынбы?! Алар багымдат намазын окугандан соң ошол намаз окуган орундарында олтуруп, күн чыкканга чейин Аллах Тааланы зикир кылгандар. Мына ушулар өтө тез мөөнөттө көп олжо менен кайтышкан коом болуп эсептелинет” (Имам Термизий гариб хадис деп Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) риваят кылган).

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ ، قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : » لَأَنْ أَجْلِسَ مَعَ قَوْمٍ يَذْكُرُونَ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ صَلَاةِ الْفَجْرِ إِلَى أَنْ تَطْلُعَ الشَّمْسُ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أَعْتِقَ أَرْبَعَةً مِنْ وَلَدِ إِسْمَاعِيلَ ، وَلَأَنْ أَجْلِسَ مَعَ قَوْمٍ يَذْكُرُونَ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ صَلَاةِ الْعَصْرِ إِلَى الْمَغْرِبِ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أَعْتِقَ أَرْبَعَةً » رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

Анас ибн Малик (разияллоху анху) кылган ривятта Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген: “Аллахты зикир кылып жаткан коом менен таңкы намаздан күн чыкканга чейин бирге олтурушум мага Исмаилдин (алайхис салам) балдарынан төртөөнү (кулдук же машакаттан) азат кылышымдан жакшыраак. Ошондой эле, Аллахты асрдан кийин зикир кылып жаткан коом менен бирге күн батканга чейин олтурушум төрт (ар кандай) инсанды азат кылышымдан жакшыраак”. (Имам Абу Давуд риваяты)

Андыктан, канчалык көп амал кылсак, тагыраагы Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) сүннөттөрүнө амал кылсак, Аллах Тааланын астында даражабыз дагы да улуу болмок!…

 Тасбихтерди жамаат болуп айтуу: Жогоруда өткөн кедейлер жана байлардын тасбихтерди айтууну бир-биринен көрүп, биргеликте-чогуу айтышып жатканы жөнүндөгү, ошондой эле, багымдат жана аср намаздарынан соңку зикирлер жөнүндөгү хадистер тасбихтерди да жамаат болуп айтууга ишаара кылат.

Башка бир хадисте намаздан кийинки жамаат болуп айтыла турган зикирлердин мажлисин Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) бейиштин бакчаларына окшоткон:

وَعَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ – رَضِيَ اللهُ عَنْهُ – أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا مَرَرْتُمْ بِرِيَاضِ الْجَنَّةِ فَارْتَعُوا». قَالَ: وَمَا رِيَاضُ الْجَنَّةِ؟ قَالَ: «حلق الذكر».

Азирети Анастаназияллоху анху) риваят: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) айтат: “Эгер Бейиш багы, гүлзарларына туш келип калсаңар, бейкапар оттогула! (анын нээматтарынан пайдалангыла!)”. сахабалар сурашты: “Бейиш бактары, гүлзарлары дегениңиз эмне?” Ал зат (соллаллоху алайхи васаллам): “Зикикр калкалары”, деп жооп берди”. (Абу Яъла, Имам Ахмад, Байхакий, Термизий жана Ибн Шахин риваяты).

Имам ат-Тийбий мындай деген: “Зикир”ден мурат тасбих, тахлил, тамжид (“Субхааналлах, Алхамдулиллах, Аллоху акбар”) сыяктуу зикир калималары”.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ – رَضِيَ اللهُ عَنْهُ – أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا مَرَرْتُمْ بِرِيَاضِ الْجَنَّةِ فَارْتَعُوا» .قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمَا رِيَاضُ الْجَنَّةِ؟ قَالَ: «الْمَسَاجِدُ» قُلْتُ: وَمَا الرَّتْعُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «سُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ للهِ وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَاللهُ أَكْبَرُ».

Имам Термизий Абу Хурайраданазияллоху анху) риваят кылган хадисте Расулу Акрам (соллаллоху алайхи васаллам): “Эгер Бейиш багы, гүлзарларына туш келип калсаңар, бейкапар оттогула! (анын нээматтарынан пайдалангыла!)”. Мен: “Эй Аллаахтын Элчиси! Бейиш бактары эмне?”, деп сурадым. Ал зат (соллаллоху алайхи ва саллам): “Мечиттер”, деп жооп берди. Мен кайра эле: “Эй Аллахтын Элчиси! Анын нээматтарынан пайдалануу деген эмне?”, деп сурадым эле,  “Субхааналлах ва-л-хамдулиллах ва лаа илааха иллаллоху валлоху акбар”, деп тасбих-зикир айтуу” деп, жооп берди”.  

         Мына ушул акыркы хадистерден “зикир калкалары” деп намаздан кийинки тасбихтерди жамаат болуп айтуунун артыкчылыгы келип чыгууда. Биздин журтта кылымдар бою мына ушундай хадистерге амал кылып келишкен.

Аятал курсийни окуу: Ата-бабаларыбыз кылымдар бою намздарынан соң дайыма окуп келе жаткан дагы бир нерсе бар. Ал аятал курсийни окуу.

Азирети Али (каррамаллоху важхаху) минбар үстүндө турган Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтып жатканын уккан экен:

عَنْ عَلِيٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ وَ هُوَ عَلَى الْمِنْبَرِ يَقُولُ: مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ لَمْ يَمْنَعْهُ مِنْ دُخُولِ الْجَنَّةِ إِلَّا الْمَوْتُ، وَمَنْ قَرَأَهَا حِينَ يَأْخُذُ مَضْجَعَهُ، آمَنَهُ اللهُ عَلَىٰ دَارِهِ وَدَارِ جَارِهِ وَأَهْلِ دُوَيْرَاتٍ حَوْلَهُ. رَوَاهُ الْبَيْهَقِيُّ

“Ким ар бир намаздын артынан “Аятал курсий”ни окуса, аны бейишке кирүүсүнөн өлүм гана тосуп турат. Ким “Аятал курсий”ни жатаар алдында окуса, анын үйүн, кошуналарынын үйүн жана айланадагы бүт үйлөрдү Аллаах Таала балээ-апааттардан сактайт”. (Имам Байхакий риваяты).

Бул хадиси шарифти азирети Имам аз-Замахшарий да өзүнүн атактуу болгон китеби  “Кашшаф” аттуу чыгармасында айтып өткөн. Аны Имам Байхакий заъийф санад менен риваят кылган. Имам Байхакийдин Анастан (разияллоху анху) риваят кылган хадсисинде айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Аятал курсийни окууга жалаң пайгамбар, сыддык, абид жана шейиттер гана дайыма амал кылат, деген экен. Мындай маанидеги хадисти да мухаддис аалымдар заъийф дешкен. Бирок Ислам ааламынын аалымдарынын келишими боюнча, артыкчылык зикир кылынган заъийф хадистерге да амал кылына берет. Бирок, заманабыздын аалымдарынан болгон  Ахмад ибн Мухаммад аш-Шаркавий өзүнүн “ал-Манхал ал-кудсий фий фазаили Аят ал-курсий” аттуу китебинде ушул хадистин мааниси мутлак сахих экендигин бекемдеп айтат. Ошентип, ал ошол маанидеги эки хадисти келтирген:

وَرَوَى الطَّبَرَانِيُّ فِي الْمُعْجَمِ الْكَبِيرِ وَفِي كِتَابِ الدُّعَاءِ بِسَنَدِهِ عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ حَسَنِ بْنِ حَسَنِ بْنِ عَلِيٍّ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ فِي دُبُرِ الصَّلَاةِ  الْمَكْتُوبَةِ كَانَ فِي ذِمَّةِ اللهِ تَعَالَىٰ حَتَّى الصَّلَاةِ الْأُخْرَىٰ

Имам Табараний “Муъжам ал-кабийр” жана “Китаб ад-дуа”да өз санады менен Абдуллаах ибн Хасан ибн Хасан ибн Алиден риваят кылган. Ал атасынан, ал болсо чоң атасынан риваят кылган: Ал айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Ким “Аят ал-курсий”ни фарз намазынын аркасынан окуса, кийинки намазга чейин Аллаахтын коргоосунда болот”, деп айтты.  

وَرَوَى الطَّبَرَانِىُّ وَالنَّسَائِىُّ وَابْنُ حِبَّان وَابْنُ السُنِّىِّ وَغَيْرُهُمْ عَنْ أَبِى أُمَامَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ مَكْتُوبَةٍ لَمْ يَمْنَعْهُ مِنْ دُخُولِ الْجَنَّةِ إِلَّا أَنْ يَمُوتَ»

Ат-Табараний, Насаий, Ибн Хиббан, Ибн Сунний жана башкалар Абу Умомадан (разияллоху анху) риваят кылышат. Ал айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Ким ар бир фарз намаздан кийин “Аят ал-курсий”ни окуса, аны бейишке кирүүдөн өлүм гана тосуп турат, деди”.

Ушул хадистен биринчисин Имам Табараний хасан санад менен, экинчи хадисти болсо жаййид жана сахих санад менен риваят кылган. Имам Мунзирий өзүнүн “ат-Таргиб ва ат-тархиб” китебинде айтуусуна караганда, Табараний, Насаий жана Ибн Хиббандардын риваятындагы акыркы айтылган хадис Имам Бухарийдин шартына дал ылайык сахих. Ошондой эле, аны Абу Нуайм “Хулиййа” аттуу чыгармасында да сахих санад менен риваят кылган.

Ахмад Шаркавийдин жазуусуна караганда, Аллаама Ибн ал-Жавзий ушундай маанидеги хадистерди “Мавзуъат” китебине киргизип жаңылышкан. Ибн ал-Жавзийнинг сөздөрүн кийинки доордун аллаамалары, айрыкча, Имам ас-Суютий, Ибн Хажар ал-Хайсумий жана Шарафуддин ад-Димятийлер четке кагышкан. Ибн Касир болсо мындай дейт:

 وَفِي تَفْسِيرِ الْقُرْآنِ الْعَظِيمِ لِلْإِمَامِ ابْنِ كَثِيرٍ يَقُولُ عَنْ حَدِيثِ أَبِي أُمَامَةَ رَوَاهُ النَّسَائِيُّ فِي عَمَلِ الْيَوْمِ وَاللَّيْلَةِ وَابْنِ حِبَّان فِي صَحِيحِهِ مِنْ حَدِيثِ مُحَمَّدِ بْنِ حُمَيْرٍ وَهُوَ الْحَمَصِيِّ مِنْ رِجَالِ الْبُخَارِيِّ أَيْضًا فَهُوَ إِسْنَادٌ عَلَىٰ شَرْطِ الْبُخَارِيِّ وَقَدْ زَعِمَ أَبُو الْفَرَجِ ابْنُ الْجَوْزِيُّ أَنَّهُ حَدِيثٌ مَوْضُوعٌ وَاللهُ أَعْلَمُ بِالصَّوَابِ

“Абу Умаманын (разияллоху анху) (Аятул курсий жөнүндөгү) хадисин Имам Насаий “Амал ул-явм вал-лайла” атту китебинде, Ибн Хиббан болсо өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Хумайрдын санадында риваят кылган. Ал Хамастык болот. Дагы ал Имам Бухарийдин (дайыма анын хадистерин ыктыяр кылган) кишилеринен болчу. Демек, ал Бухарийдин шартына ылайык келген хадистин санады болуп саналат. Абул Фараж Ибн ал-Жавзий ушул хадисти мавзуъ деп ойлогон.

Ошондой эле “салафиттер”дин (вахабийлердин) атактуу шайхы Ибну Таймиянын шакирти Ибн Кайюум да өзүнүн “Зад ал-маˈаад”, “ал-Ваабил ас-саййиб” аттуу чыгармаларында ушул хадистердин сахихтигин далилдеген. Жадагалса ал “Зад ал-маˈаад” китебинде мындай деп жазат:

وَقَدْ رَوَىٰ هٰذَا الْحَدِيثَ مِنْ حَدِيثِ أَبِي أُمَامَةَ وَعَلِيِّ بْنِ أَبِي طَالِبٍ وَعَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ وَالْمُغِيرَةِ بْنِ شُعْبَةَ وَجَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ وَأَنَسِ بْنِ مَالِكٍ وَفِيهَا كُلُّهَا ضَعْفٌ وَلٰكِنْ إِذَا انْضَمَّ بَعْضُهَا إِلَىٰ بَعْضٍ مَعَ تَبَايُنِ طُرُقِهَا وَاخْتِلَافِ مَخَارِجِهَا دَلَّتْ عَلَىٰ أَنَّ الْحَدِيثَ لَهُ أَصْلٌ وَلَيْسَ بِمَوْضُوعٍ  وَبَلَغَنِي عَنْ شَيْخِنَا أَبِي الْعَبَّاسِ ابْنِ تَيْمِيَةَ قَدَّسَ اللهُ رُوحَهُ أَنَّهُ قَالَ مَا تَرَكْتُهَا عَقِيبَ كُلِّ صَلَاةٍ

“Бул хадис Абу Умама, Али ибн Аби Талиб, Абдуллаах ибн Умар, Мугийра ибн Шуъба, Жабир ибн Абдуллаах жана Анас ибн Малик сыяктуу улуу сахабалардын хадистеринен риваят кылынган. Булардын баарында заъийфтик бар. Бирок, жолдорун ажыратуу жана махраждарынын түрдүүчөлүгүн көрсөтүү менен аларды бир-бирине кошсо хадистин негизи бар экендигине далаалат кылат жана мавзуъ эместигин билдирет. Шайхыбыз Абул Аббас ибн Таймиядан мага жетип келген кабарга караганда, ал айткан экен: “Аят ал-курсий”ни ар бир намаздын аркасынан окууну таштаганым жок.

         Аятал курсий жөнүндө өткөн жогорудагы маалыматтардан маалым болот, Аятал курсийни окуу сүннөт экен. Аны ар бир намаздан соң окууну жадагалса (салафий-вахабийлердин ана башы) Ибну Таймия сыяктуу ахли хадистер да эч качан таштаган эмес. Андыктан, Аятал курсийни окуу биздин журтубузда да таптакыр ташталган эмес, мындан ары да ташталбайт иншаа Аллах.

Курандан башка аяттарды да окуу: Чындыгында, хадистерде намаздан кийин (Аятал курсийден) башка аяттар, Курандан (кээ бир) сүрөлөрдү окуу да осуят кылынат.

عَنْ عُقْبَةَ بْنِ عَامِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ:  أمَرَنِي رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ أَقْرَأَ الْمُعَوِّذَاتِ دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ (1523)، وَالتِّرْمِذِيُّ (2903)، وَالنَّسَائِيُّ (3/68)، وَأَحْمَدُ (4/201) (17826). قَالَ التِّرْمِذِيُّ، وَالذَّهَبِيُّ فِي ((مِيزَنِ الْإِعْتِدَالِ)) (4/433): حَسَنٌ غَرِيبٌ. (( 

Укба ибн Амир (разияллоху анху) айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) мага ар намаздан соң Муъавваза сүрөлөрүн окушумду буюрган.

Бул хадисти Имам Абу Давуд, Имам Термизий, Имам Насаий жана Имам Ахмаддар риваят кылган. Ошондой эле, Имам Термизий жана Захабий “Мийзанил иътидал”да бул хадисти хасан гарийб деп айтышкан.

Ал эми Ибн Хиббан менен Хаким болсо сахих деп айтышкан. Көптөгөн абалдарда Муъавваза сүрөлөрү деп Курандын акыркы эки сүрөсү – Фалак жана Наас сүрөлөрү айтылса да, бул жерде аалымдарыбыз Ихлас жана Каафирун сүрөлөрүндө да жардам суроо (куфр жана ширктен сактануу) маанилери бар болгондуктан жана хадистеги “Муъавваза” сөзү экилик эмес көптүк түрдөгү мааниде келгендиктен бул эки (Ихлас жана Каафирун) сүрө да  муъавваза сүрөлөрүнө кирет деп айтышкан. Демек, намаздардын аркасынан мына ушул төрт сүрөнү – Каафирун, Ихлас, Фалак жана Наас сүрөлөрүн окуу мустахаб болот.

Мавлана Алий ал-кары “Мавзуъат” аттуу чыгармасында Абу Шайх ибн Хиббандын хадисин келтирген.  Атаа ибн Абу Рабаах (рахимахуллах) риваят кылат:

رُوِيَ عَنْ عَطَاءِ بْنِ أَبِي رَبَاحٍ الْمَكِّيِّ رَحِمَهُ اللهُ أَنَّهُ قال: إِذَا أَرَدْتَ حَاجَةً فَاقْرَأْ فَاتِحَةَ الْكِتَابِ حَتَّىٰ تَخْتِمَهَا تُقْضَىٰ إِنْ شَآءَ اللهُ تَعَالَىٰ

“Качан бир кажетиңдин бүтүүсүн кааласаң, Фаатихат ал-Китабты окугун, аны аягына чыгаар замат Аллаах кааласа кажеттериң да бүтөт”, деген хадисти келтирип, бул хадис адамдардын кажеттерин бүтүрүү үчүн жана зарыл иштердин бүтүүсү үчүн Фатиха сүрөсүн окуунун негизи, деп жазат. Мавлана Абу Саид ал-Хадимий адамдардын жамаат намаздарынан кийин баары биргеликте купуя жана жарыя таризде “Сураи Алхамду”ну окуп, кажеттерин суроо маселесин тахкик кылып, Ханафий мазхабынын бир канча китептеринен келтирип баян кылат. Анын айтуусуна караганда, “Фатавайи Татарханиййа”, “Ал-Куниййа”, “Ал-Ашбах” китептеринде намаздардын артынан маъсура дуалар менен бирге Алхамду сүрөсүн окуган абзел, делинген. Анткени, Фатиха сүрөсүнүн дуа мааниси бар. Бирок фарз намаздардын артында сүннөтү болсо, фарздын артынан эле окуу макрух делинген.  Ал-Хадимийдин корутундусу; эң жакшысы, ар ким ичинен купуя Алхамду сүрөсүн окуп, дуа кылып кеткен макул.

         Демек, ушул хадистерге таянып, намаздан соң тасбихтер, аятал курсийден сырткары Курандан аяттар же сүрөлөр окуу да сүннөт (мустахаб) амалдардан экендигин ачык айта алабыз. Андыктан биздин журтта азырга чейин бул амалдар таптакыр ташталбай аткарылып келүүдө, алхамдулиллаах.  

Намаздан кийинки дуа кылуу: Намаздан кийин дуа кылуу жөнүндөгү көрсөтмөлөр, ага болгон кызыктыруулар сахих хадистерде өз ордун тапкан.  

Дуа кабыл боло турган убакыттардын бири дал ушул намаздардан кийин дуа кылуу. Сахабалар: “Эй Расуулуллаах, эң уккулуктуу жана эң кабыл болуучу дуа кайсы?”, деп сурашканда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп жооп берген:

عَنْ أَبِي أُمَامَةَ الْبَاهِلِيِّ قَالَ: قِيلَ يَا رَسُولَ اللهِ : أَيُّ الدُّعَاءِ أَسْمَعُ قَالَ: «جَوْفَ اللَّيْلِ الْآخِرِ وَدُبُرَ الصَّلَوَاتِ الْمَكْتُوبَاتِ». رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

“Эң кабыл болууга жакын дуалар түндүн акыркы ичиндеги жана фарз намаздарынын артынан кылынганы”. Имам Термизий Абу Умамадан (разийаллоху анху) риваят кылган.

Ошондуктан Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) жана анын сахабалары (разияллоху анхум) намаздардан соң (фарз сүннөттөр окулгандан соң) дуа кылууну үзүр болбосо таптакыр калтырышкан эмес. Пайгамбарыбыздын сахабалары мына ушуга кызыктырышкан жана кандай дуа кылууну өздөрү үйрөтүшкөн.  

Муттафакун алайх (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваятындагы) болгон хадисте Абдуллаах ибн Масъуддун (разияллоху анху) күбөлүк берүүсүнө караганда, Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) намаздан бошогондон соң оң же сол тараптан бурулуп олтурат эле жана дуа-зикирлерди аткарып анан үйүнө кайтат эле. Мына ушундай олтурууда окуган зикирлери жана дуаларын сахабалар эске тутуп жатап да алышкан.

عَنِ الْبَرَّاءِ بْنِ عَازِبٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ كُنَّا إذَا صَلَّيْنَا خَلْفَ رَسولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، أَحْبَبْنَا أَنْ نَكُونَ عَنْ يَمِينِهِ، يُقْبِلُ عَلَيْنَا بوَجْهِهِ، قالَ: فَسَمِعْتُهُ يقولُ: رَبِّ قِنِي عَذَابَكَ يَومَ تَبْعَثُ، أَوْ تَجْمَعُ، عِبَادَكَ.رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Барро ибн Азибтин (разияллоху анху) эскерүүсүнө караганда: Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) артында намаз окуп бүткөнүбүздөн соң, ал киши бизге жүздөнүп олтурганда анын оң тарабында болууну жактырчубуз. Анан ал заттын (соллаллоху алайхи ва саллам): “Эй Роббим! Мени пенделериңди чогулта турган же тирилте турган күндө азабыңдан сактай көр!”, деп дуа кылганын укканмын, деп айткан”. Аны Имам Муслим риваят кылган.

Ошондой эле, Мугийра ибн Шуъбадан (разияллоху анху) Имам Ахмад жана Бухарий менен Муслимдер риваят кылган хадисте айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ар намаздан соң мына бул дуаны кылчу экен:

أَخْبَرَنِي مُحَمَّدُ بْنُ قُدَامَةَ، قَالَ حَدَّثَنَا جَرِيرٌ، عَنْ مَنْصُورٍ، عَنِ الْمُسَيَّبِ أَبِي الْعَلاَءِ، عَنْ وَرَّادٍ، قَالَ كَتَبَ الْمُغِيرَةُ بْنُ شُعْبَةَ إِلَى مُعَاوِيَةَ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ دُبُرَ الصَّلاَةِ إِذَا سَلَّمَ ‏ «‏ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَحْدَهُ لاَ شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ اللّٰهُمَّ لاَ مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ وَلاَ مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ وَلاَ يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ ‏»‏ (يَعْنِي: لَا يَنْفَعُ ذَا الْحَظِّ فِي الدُّنْيَا مِنَ الْمَالِ وَالْوَلَدِ مِنْكَ حِظُّهُ فِي الْآخِرَةِ؛ لِأَنَّهُ إِنَّمَا يَنْفَعُ فِي الْآخِرَةِ عِنْدَ اللهِ الْعَمَلُ الصَّالِحُ، لَا الْمَالُ وَلَا الْبَنُونُ، كَمَا قَالَ تَعَالَىٰ: ﴿ الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ﴾

Аллахтын жалгыз Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу зат жок. Анын шериги да жок. Бүтүн мүлк жана мактоолор Ага таандык. Ошондой эле Ал бардык нерсеге кадыр. Эй Аллаахым! Сен Өзүң берген нерсени тосуучу жок. Сен Өзүң тоскон нерсени берүүчү жок. Дүйнөдө улуумун деген адамга Өзүңдөн (келген азаптан) анын улуулугу пайда бербейт!”.

وَلِمَا يُرْوَىٰ عَنْ كَعْبِ الْأَحْبَارِ عَنْ صُهَيْبٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا انْصَرَفَ مِنْ صَلَاتِهِ قَالَ: اللَّهُمَّ أَصْلِحْ لِي دِينِي الَّذِي جَعَلْتَهُ لِي عِصْمَةً، وَأَصْلِحْ لِي دُنْيَايَ الَّتِي جَعَلْتَ فِيهَا مَعَاشِي، اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ، وَأَعُوذُ بِعَفْوِكَ مِنْ نِقْمَتِكَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ، لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ

Каъбул Ахбар (разияллоху анху) Сухайбдан (разияллоху анху) кылган риваятта жогорку дуанын алдынан төмөнкү дуаларды да кошкон: “Эй Аллаахым! Ишимдин аруулугу болгон динимди ислах кылыгын (оңогун)! Жашоом болгон дүйнөмдү да ислах кылгын (оңогун)! Эй Аллахым! Албетте мен Сенин каарыңдан Өзүңдүн ыраазылыгына коргономун, Сенин ачууңдан Өзүңдүн кечиримиңе коргономун! Сенин Өзүңдөн Өзүңө коргономун!”.

Аны менен бирге Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъазга төмөнкүдөй осуят кылган:

عَنْ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أنَّ رَسولَ اللهِ صلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَخَذَ بِيَدِهِ، وَقَالَ: يَا مُعَاذُ، وَاللهِ إنِّي لَأُحِبُّكَ، وَاللهِ إنِّي لَأُحِبُّكَ، فَقَالَ: أُوصِيكَ يَا مُعَاذُ لَا تَدَعَنَّ فِي دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ تَقُولُ: اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَىٰ ذِكْرِكَ، وَشُكْرِكَ، وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

Муъаз ибн Жабалдан (разияллоху анху) риваят: «Албетте Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъаздын колунан кармап алып: “Эй Муъаз! Аллаахка ант! Сени жакшы көрөм. Аллаахка ант! Сени жакшы көрөм. Сага осуятым намаздын артынан “Эй Аллаахым Өзүңдү зикир кылууга, Өзүңө шүгүр кылууга жана Өзүңө кооз ибадат кылууга мага Өзүң жардам бергин”, деп айтууну эч качан таштабагын”, деп айтты”. (Имам Абу Давуд риваяты)

Ошондой эле, Имам Бухарийдин риваятында, Саъд ибн Абу Ваккасга (разияллоху анху) Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) намаздан соң мындай деп дуа кылууну үйрөткөн:

عَنْ سَعْدِ بْنِ أَبِي وَقَّاصٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُعَلِّمُنَا هَؤُلَاءِ الكَلِمَاتِ، كَمَا تُعَلَّمُ الْكِتَابَةُ: اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْبُخْلِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ الجُبْنِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِن أَنْ نُرَدَّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِن فِتْنَةِ الدُّنْيَا، وَعَذَابِ القَبْرِ رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ.

“Эй Аллаахым, албетте мен сенден сараңдыктан жана коркоктуктан жардам сураймын (мени коркок кылбагын), кор болуп өмүр кечирүүдөн, дүйнө фитналарынан жана кабыр азабынан (сактооңду сурап) Өзүңдөн  (жалбарып) жардам сураймын!”.

Имам Абу Давуд жана Хакимдин риваятында Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) төмөнкү дуаны эртели кеч намаздан соң кылуусу айтылган:

اللّٰهمَّ عافِنِي فِي بَدَنِي، اللّٰهمَّ عافِنِي فِي سَمْعِي، اللّٰهمَّ عافِنِي فِي بَصَرِي، لَآ إلٰهَ إلَّا أَنْتَ؛اللّٰهمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْكُفْرِ وَالْفَقرِ، اللّٰهمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ عَذَابِ الْقَبْرِ، لَآ إلٰهَ إلَّا أَنْتَ،

“Эй Аллаахым! Денемди саламат кылгын! Эй Аллахым, угуумду (кулагымды) саламат кылгын! Эй Аллаахым, көрүүмдү (көзүмдү) саламат кылгын! Эй Аллаахым! Өзүңдөн куфр жана жакырлыктан (сактооңду тилеп) жардам сураймын! Эй Аллаахым! Албетте мен Сенден кабыр азабынан жардам сураймын! Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!”.

الْحَدِيثُ رَوَاهُ الْإِمَامُ أَحْمَدُ فِي الْمُسْنَدِ (17362) وَأَبُو دَاوُدَ (5079) ، وَلَفْظُهُ: عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: » إِذَا صَلَّيْتَ الصُّبْحَ فَقُلْ قَبْلَ أَنْ تُكَلِّمَ أَحَدًا مِنَ النَّاسِ » اَللّٰهُمَّ أَجِرْنِي مِنَ النَّارِ سَبْعَ مَرَّاتٍ » فَإِنَّكَ إِنْ مِتَّ مِنْ يَوْمِكَ ذٰلِكَ كَتَبَ اللهُ لَكَ جِوَارًا مِنَ النَّارِ، وَإِذَا صَلَّيْتَ الْمَغْرِبَ فَقُلْ قَبْلَ أَنْ تُكَلِّمَ أَحَدًا مِنَ النَّاسِ اَللّٰهُمَّ  أَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ، اَللّٰهُمَّ أَجِرْنِي مِنَ النَّارِ» سَبْعَ مَرَّاتٍ فَإِنَّكَ إِنْ مِتَّ مِنْ لَيْلَتِكَ كَتَبَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ لَكَ جِوَارًا مِنَ النَّارِ».


Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам): “Качан багымдат намазын окусаң, адамдардан бирөөгө сүйлөөдөн мурда: “Аллохумма ажирни мин ан-наар – Эй Аллахым мени тозоктон сактагын!” деп жети жолу айт! Эгер ошол күнү көз жумсаң Аллаах Таала сени тозоктон азат болгон кошуна деп жазат. Качан шам намазын окусаң, адамдардан бирөөгө сүйлөөдөн мурда: “Аллохумма асъалука ал-жанната – Эй Аллаахым Сенден бейишти сураймын. Аллохумма ажирни мин ан-наар – Эй Аллахым мени тозоктон сактагын!” деп жети жолу айт! Эгер ошол түнү көз жумсаң, Аллаах сени тозоктон азат болгон кошуна деп жазат”, деп айтты”.  Бул хадисти Имам Ахмад жана Абу Давуд риваят кылган.

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أُمِّ الْمُؤْمِنِينَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ: أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ إِذَا صَلَّى الصُّبْحَ حِينَ يُسَلِّمُ : اَللّٰهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ عِلْمًا نَافِعًا ، وَرِزْقًا وَاسِعًا ، وَعَمَلًا مُتَقَبَّلًا. رَوَاهُ أحْمَدُ

Имам Ахмад Умму Салама энебизден (разияллоху анхаа) риваят кылган хадисте айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) багымдат намазынан салам бергенден соң айтуучу дуаларынан бири бул экен: “Аллохумма инний асъалука илман наафиъан ва ризкан ваасиъан ва амалан мутакоббалаа – Эй Аллаахымм! Албетте мен Сенден пайдалуу илим, кең ырыскы жана кабыл боло турган амал сураймын!”.

Дуада кол көтөрүү: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, албетте, колдорун көтөрүп дуа кылчу. Ал заттын дуа кылуусу сахих хадистерде ачык баян кылынган:

Анас (разияллоху анху) айткан, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колтугунун актыгы көрүнүп турчу.

Сахл ибн Саъд (разияллоху анху) риваятында, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колунун манжалары желкесинин тушуна барабар болчу.

Ас-Сайиб ибн Язиддин (разияллоху анху) айтуусуна караганда, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колун көтөрөт эле, анан колдорун жүзүнө сүртчү.

Бул үч хадисти Имам Байхакий “Даъават ал-кабир” китебинде риваят кылган.

عَنْ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ تَعَالَىٰ عَنْهُ قَالَ: كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا رَفَعَ يَدَيْهِ فِي الدُّعَاءِ لَمْ يَحُطَّهُمَا حَتَّىٰ يَمْسَحَ بِهِمَا وَجْهَهُ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Азирети Умардан (разияллоху анху) кылынган риваятта келген, качан Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуада колдорун көтөрсө аны жүзүнө сүртмөйүнчө түшүрбөйт эле. Муну Имам Термизий риваят кылган.

حَدَّثَنَا وَكِيعٌ ، عَنْ حَمَّادٍ ، عَنْ بِشْرِ بْنِ حَرْبٍ سَمِعْتُ ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ يَقُولُ : » إِنَّ رَفْعَكُمْ أَيْدِيَكُمْ بِدْعَةٌ مَا زَادَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَىٰ هٰذَا » يَعْنِي إِلَى الصَّدْرِ . رَوَاهُ أَحْمَدُ

Расуулуллаахтын (соллаллоху алайхи васаллам) дуада кол көтөрүүсүн жакшы билген Абдуллаах ибн Умар (разияллоху анху): “Дуада колдорун көкүрөктөн (садрдан) өйдө көтөрүү бидъат болот, себеби Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) дуа кылганда колдорун көкүрөктөн өйдө көтөргөн эмес”, деген. (Имам Ахмад риваяты).

Жадагалса Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) өзү дуада кол көтөрүүнү буюрган:

وَفِي رِوَايَةِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صّلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ:  «سَلُوا اللهَ بِبُطُونِ أًكُفِّكُمْ وَلَا تَسْأَلُوهُ بِظُهُورِهَا ، فَإِذَا فَرَغْتُمْ فَامْسَحُوا بِهَا وُجُوهَكُمْ»  رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ 

Абдуллаах ибн Аббастан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Аллаахтан алаканыңардын сырты менен эмес ичи менен сурагыла. Качан дуа кылып бүтсөңөр алаканыңарды жүзүңөргө сүрткүлө”, деп айтты”. (Имам Абу Давуд риваяты) 

Расуулуллаахтын (соллаллоху алайхи васаллам) дуаларда кол көтөрүүсүн башкаларга караганда жакшы билгендиктен Ибн Аббас (разияллоху анху) дуа кылуудагы абалын үчкө бөлүп, мындай кылып түшүнтүргөн:

عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: اَلْمَسْأَلَةُ أَنْ تَرْفَعَ يَدَيْكَ حَذوَ مَنْكِبَيْكَ، أَوْ نَحْوَهُمَا، وَالْإِسْتِغْفَارُ أَنْ تُشِيرَ بِأُصْبُعٍ وَاحِدَةٍ، وَالْإِبْتِهَالُ أَنْ تَمُدَّ يَدَيْكَ جَمِيعًا. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

“Аллаахтан суроодо колуңду желкенин тушуна чейин көтөрүүң керек. Истигфар айтууда бир манжаң менен ишара кыласың. Ал эми жалбарууда болсо колуңду болушунча узатасың (жадагалса колтугуңдун агы көрүнсүн)” (Имам Абу Давуд риваяты).

Салмандан (разияллоху анху) кылынган риваятта болсо Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) бизди кубанткан, үммүттөндүргөн, дуада кол көтөрүүгө кызыктырган.

عَنْ سَلْمانِ الْفَارِسيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: إنَّ ربَّكُمْ حَيِيٌّ كَرِيمٌ يَسْتَحْيِي مِنْ عَبْدِهِ أَنْ يَرْفَعَ إِلَيْهِ يَدَيْهِ فَيَرُدَّهُمَا صِفرًا أَوْ قَالَ خَائِبَتَيْنِ. رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): Чындыгында, Улуу Жаратуучуңар өтө уялчаак жана берешен. Пендеси ага колун көтөрүп дуба кылса, пендесинин көтөргөн колун бош кайтаруудан уялат”, деп   айткан. (Имам Ибну Маажа риваяты)

 “Халабийи кабийр”де айтылуусуна караганда, Имам Бухарий жана Имам Муслимдин сахих жыйнактарында Анас (разияллоху анху) аркылуу келген хадис бар:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ دُعَائِهِ إِلَّا فِي الْإِسْتِسْقَاءِ، وَإِنَّهُ يَرْفَعُ حَتَّىٰ يُرَىٰ بَيَاضُ إبْطَيْهِ. مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ.

“Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) дуаларда колдорун истиска (жамгыр суроо) убагында гана көтөрөт эле. Ал зат колдорун колтугунун агы көрүнгөнгө чейин көтөрчү”.

 “Халабийи кабийр”де бул хадисти шарх кылып, бул колду узак убакыт көтөрүү аркылуу тазарруъ кылуунун  (дуага муктаждыгын көрсөтүп өзүн кор тутуу) жеткиликтүү болуусу үчүн болушунча колдорду созуп туруу, делинген. А бирок ал заттын башка учурларда да дуаларда колун көтөргөндүгү риваят кылынган.

Жогоруда өткөн хадистерден дуа кылганда кол көтөрүү биз үммөттөр үчүн пайдалуу бир сүннөт экендиги белгилүү болот. Демек, дуаларыбызда ихлас менен кол көтөрсөк, иншаа Аллаах колдорубуз куру кайтарылбайт!

Намаздан кийинки дуада кол көтөрүү: Кол көтөрүп дуа кылуу сахих хадистерде мутлак айтылган. Ал эми намаздан кийинки дуаларда кол көтөрүү хадистерде айтылганбы?

Ооба, албетте, хадистерде бар!

Бирок бул хадистердин санады заъийф. Заъийф хадистер болсо фазилет (артыкчылык) жаатында көңүлгө алынат. Бул жөнүндө Хиндистандын Ханафий аалымдары фатва беришкен. Алардын башында Ханафий фикхинин классикалык доорунун эң соңку өкүлү Мавлана Абдулхай Лакнавий турат.

Хафиз Абу Бакр Ахмад ибн Мухаммад ибн Исхак ас-Сана “Амал ул-йавм вал-лайла” китебинде Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят кылган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айткан:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: مَا مِنْ عَبْدٍ يَبْسُطُ كَفَّيْهِ دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثُمَّ يَقُولُ اللّٰهُمَّ إِلٰهِي وَإِلٰهَ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَإِلٰهَ جِبْرَائِيلَ وَمِيكَائِيلَ وَإِسْرَافِيلَ – عَلَيْهِمُ السَّلَامُ — أَسْأَلُكَ أَنْ تَسْتَجِيبَ دَعْوَتِي فَإنِّي مُضْطَرٌّ وَتَعْصِمَنِي فِي دِينِي فَإنِّي مُبْتَلًى وَتَنَالَنِي بِرَحْمَتِكَ فَإِنِّي مُذْنِبٌ وَتَنْفِيَ عَنِّيَ الْفَقْرَ فَإِنِّي مُتَمَسْكِنٌ إِلَّا كَانَ حَقًّا عَلَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ أَنْ لَا يَرُدَّ يَدَيْهِ خَائِبَتَيْنِ. أَخْرَجَهُ الْحَافِظُ أَبُو بَكْرٍ أَحْمَدُ بْنُ مُحَمَّدِ بْنِ إِسْحَاقِ السَّنَيٰ فِي كِتَابِهِ عَمَلُ الْيَوْمِ وَاللَّيْلَةِ

Кайсы бир пенде эки алаканын жайып, ар намаздын артынан мындай деп дуа кылса, “Эй Аллахым! Менин, Ибрахим, Исхак жана Яъкубтардын (алайхимус салам) илахы болгон Зат жана Жабраил, Микаил, Исрафил (алайхимус салам) периштелердин да илахы болгон Зат! Дуаларымды кабыл кылууңду сураймын. Анткени, мен арсармын. Мени динимде сактагын, анткени мен нафс жана шайтан балээсине дуушармын. Өз ырайымыңа жетиштир, анткени мен күнөөлүмүн. Менден жакырлыкты кетир, анткени мен ыңгайлуу жашоону каалаймын”, десе эки колун бош кайтарбоо Аллаах Таалага хак (милдет) болот”.

Мавлана Лакнавийдин (рахимахуллах) айтуусуна караганда, бул хадистин санадындагы бир равий жөнүндө “Мезан ул-эътидал” жана башка муътабар китептерде кеп-сөз кылынган. Бирок ошондой болсо да, заъийф хадис мустахабтыкты исбат (дайын) кылууга жетиштүү болот.

Дагы Мухаммад Алим Алинин айтуусуна караганда, мухаддистерден дагы бири  Ибн Мажа ал-Казвиний да риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай дейт:

عَنِ الْفَضْلِ بْنِ الْعَبَّاسِ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : » الصَّلَاةُ مَثْنَى مَثْنَى تَشَهَّدُ فِي كُلِّ رَكْعَتَيْنِ ، وَتَضَرَّعُ (التَّذَلُّلُ وَالْمُبَالَغَةُ فِي السُّؤَالِ وَالرَّغْبَةِ) وَتَخَشَّعُ (تَذَلُّلٌ وَخَضَعٌ) ، وَتَمَسْكَنُ وَتُقْنِعُ يَدَيْكَ (رَفْعُهُمَا فِي الدُّعَاءِ وَالْمَسْأَلَةِ) » ، يَقُولُ : تَرْفَعُهُمَا إِلَى رَبِّكَ مُسْتَقْبِلًا بِبُطُونِهِمَا وَجْهِكَ ، وَتَقُولُ : يَا رَبِّ ، يَا رَبِّ فَمَنْ لَمْ يَفْعَلْ ذَلِكَ كَذَا وَكَذَا ، يَعْنِي خِدَاجٌ (النُّقْصَانُ). رَوَاهُ التِرْمِذِيُّ «. قَوْلُهُ تُقْنِعُ مِنْ بَابِ الْأَفْعَالِ أَىْ تَرْفَعُ يَدَيْكَ بَعْدَ الصَّلَوٰةِ وَقْتَ الدُّعَاءِ.

“)Кечки нафл( намаз эки-эки рекеттен. Ар бир эки рекетте ташаххуд окуйсуң. Өзүңдү сураган нерсеңе муктаж абалда көрсөтүп, хушуъ-хузуъ менен олтурасың, колдоруңду (алаканыңдын) ички тарабын жүзүңө каратып көтөрөсүң да “Я Робб, Я Робб! (Мени магфират кыл)”, деп айтасың. Ким мындай кылбаса мындай-тигиндей болот — тагыраагы анын ибадаты кемчиликтүү болот», деп айтты». (Има” Термизий риваяты)

Бул хадистин ровийлеринен Абдуллаах ибн Нафиъ ибн ал-Амйаны хадис изилдөөчүлөр мажхул (белгисиз) деген. Белгисиздик хадистин мавзуъ – токума экендигин исбат кыла албайт, жөн гана анын заъийфтигин тастыктайт.

Саййид Шариф Хусайндын айтуусуна караганда, муну Абу Бакр Ибн Аби Шайба “ал-Мусаннаф” китебинде келтирген хадис да кубаттайт.  

وَ لِإِبْنِ أَبِي شَيْبَةَ عَنِ الْأَسْوَدِ بْنِ عَامِرٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ «صَلَّيْتُ مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ الْفَجْرَ فَلَمَّا سَلَّمَ انْحَرَفَ وَ رَفَعَ يَدَيْهِ وَ دَعَا وَ لَهُ وَ رِجَالِهِ ثِقَاتٌ

Табиъийндерден ал-Асвад ал-Аамир атасынан риваят кылат: “Мен Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) менен бирге багымдат намазын окудум. Салам бергенден соң бурулуп, кайрылды да колдорун көтөрүп дуа кылды”.  

Заъийф хадистерге жогоруда айтканыбыздай, фазааˈили аъмаал жаатында амал кылынат. Мавлана Алий ал-кары дал ушул пикирде экендигин өзүнүн “Рисала фий фазл аш-Шаъбан” аттуу чыгармасында айтып кеткен. Атактуу “Тафсири Жалалайн”дын авторлорунун бири Имам Суютий болсо этияттык жаатынан заъийф хадистерге да амал кылынат, деп кесе айткан. Ошондой эле, Ибн ал-Хумам да “Фатх ул-кадийр”де жазат:

وَالِاسْتِحْبَابُ يَثْبُتُ بِالضَّعْفِ غَيْرِ الْمَوْضُوعِ

“Мустахаб заъийф хадис менен сабит болот, мавзуъ хадис менен эмес”.

Анткени, дуада кол көтөрүү сахих хадистерде келген. Намаздан кийинки дуаларда кол көтөрүү болсо заъийф хадистер менен болсо да исбат болду. Демек, ага амал кылуу этибарга ылайык. Бирок сүннөт экендигине  эътимад кылынбайт, балким, мустахаб, делинет.

Жамаат болуп аткаруу: Эми, кээ бирөөлөр араб жерлеринде көрүп келген иштерди – намаздан соң ар ким жогоруда өткөн амалдарды өзүнчө, эркин аткарып кете берсе болбойбу, деп да айтышат. Алардын пикирине көрө, ушундай кылуу адамдарга жеңил жана пайдалуу имиш. Эч андай эмес да…! Себеби, эгер ушундай болгондо Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) ушундай кылмак. Имам Бухарий Самура ибн Жундабдан (разияллоху анху) өзүнчө риваят кылган хадисте, Расуулулаах (соллаллоху алайхи васаллам) намаздан соң жүзүн коомго буруп олтурган.

Андан сырткары мына бул хадис да бар:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَاِلكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: أنَّ النَّبيَّ صلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَضَّهُمْ عَلَى الصَّلَاةِ وَنَهاهُمْ أَنْ يَنْصَرِفُوا قَبْلَ انْصِرَافِهِ مِنَ الصَّلَاةِ . رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

“Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят: Расуулу Акрам (соллаллоху алайхи васаллам) адамдарды намазга кызыктырат эле жана аларды өзү намаздан бурулмайынча бурулуудан тыйган”. (Абу Давуд риваяты).

Ушул хадиске көрө имам намаздан артка бурулмайын башкалардын бурулбастыгы, тагыраагы өтө зарыл болбосо чыгып кетпестиги айтылууда. Андыктан биздин журтубуздун эли эзелтен өз имамы менен бирге тасбихтерди, аяттарды окуп, биргеликте дуалар кылып, анан мечиттен чыгып кетишкен. Азырга чейин мына ушул адат сакталып келүүдө. Иш мына ушундай таризде уланып кете берүүсүн Умму Салама (разияллоху анха) энебиздин икаясынан да билип алсак болот.

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا ، قَالَتْ : كَانَ رَسُولُ اللهِ ﷺ إِذَا سَلَّمَ قَامَ النِّسَاءُ حِينَ يَقْضِي تَسْلِيمَهُ ،وَيَمْكُثُ هُوَ فِي مَقَامِهِ يَسِيرًا قَبْلَ أَنْ يَقُومَ » .رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ

Анын айтуусунча, Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) доорунда аялдар мечитке намазга келгенде, намаз бүтүп салам берилгенден соң мечиттен чыгып кетишет эле, эркектер болсо Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) менен калып, каалаганча намаз (сүннөт намаздар) жана зикир-ибадаттарын окуп калышат эле. Качан Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) турса, эркектер да туруп кетишет эле. Бул хадисти Имам Бухарий риваят кылган.

Негизинен, истиска (жамгыр суроо) жана кунутта дуа кылганда жамаат болуп дуа кылуу шариятта мутлак жааиз-уруксат болгон амал. Маалымат катары айта кетүү керек, биздин ханафий мазхабында кунутта атайын дуа окулат, башка мазхабтарда каалаган дуасын каалаганча окушат.

Имам Абу Давуд, Имам Термизий хасан иснад менен Савбандан (разияллоху анху) риваят кылган ҳадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтат:

عَنْ ثَوْبَانَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ثَلَاثٌ لَا يَحِلُّ لِأَحَدٍ أَنْ يَفْعَلَهُنَّ: لَا يَؤُمُّ رَجُلٌ قَوْمًا فيَخُصُّ نَفْسَهُ بِالدُّعَاءِ دُونَهُمْ، فَإِنْ فَعَلَ فَقَدْ خَانَهُمْ، وَلَا يَنْظُرُ فِي قَعْرِ بَيْتٍ قَبْلَ أَنْ يَسْتَأْذِنَ، فَإِنْ فَعَلَ فَقَدْ دَخَلَ، وَلَا يُصَلِّي وَهُوَ حَقِنٌ حَتَّىٰ يَتَخَفَّفَ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ (رقم/90) وَالتِّرْمِذِيُّ (357) وَقَالَ حَدِيثُ ثَوْبَانَ حَدِيثٌ حَسَنٌ .

Үч иш бар, аларды кылуу эч кимге адал эмес: Бир киши коомго имамдык кылып, аларды коюп өзү үчүн гана дуа кылбасын. Эгер андай кылса, аларга кыянат кылган болот. Уруксат бербесе бирөөнүн үйүнүн ичине карабасын. Эгер андай кылса, аларга кыянат кылган болот. Даараты кыстап турганда жеңилдемейин намаз окубасын”.

Аллама Ибн Асир бул бир киши дуа кылганда башкалар “амийн” деп турруусу, деп айткан.

Жамаат болуп дуа кылууга Табараний жана Хаким сахих иснад менен Хабиб ибн Масламадан (разияллоху анху) кылган риваят да далил. Ал киши дуасы кабыл боло турган кишилерден болчу. Бир топ аскерге амир болуп казатка барды. Душманга бетме-бет келгенде ал киши:

وَيَسْتَدِلُّ لَهُ بِمَا رَوَاهُ الْحَاكِمُ وَقَالَ صَحِيحُ الْإِسْنَادِ- وَالطَّبَرَانِيُّ عَنْ حَبِيبِ بْنِ مَسْلَمَةَ الْفَهْرَيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ وَكَانَ مُجَابَ الدَّعْوَةِ أَنَّهُ أُمِّرَ عَلَىٰ جَيْشٍ فَدَرَّبَ الدُّرُوبَ، فَلَمَّا لَقِيَ الْعَدُوَّ قَالَ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «لَا يَجْتَمِعُ مَلَأٌ فَيَدْعُو بَعْضُهُم، وَيُؤَمِّنُ الْبَعْضُ إِلَّا أَجَابَهُمُ اللهُ ثُمَّ إِنَّهُ حَمِدَ اللهَ فَأَثْنَىٰ عَلَيْهِ، ثُمَّ قَالَ: «اللَّهُمُ احْقِنْ دِمَاءَنَا، وَاجْعَلْ أُجُورَنَا أُجُورَ الشُّهَدَاءِ»، فَبَيْنَمَا هُمْ عَلَى ذَلِكَ إِذْ نَزَلَ الْهُنْبَاطُ أَمِيرُ الْعَدُوِّ، فَدَخَلَ عَلَى حَبِيبٍ سُرَادِقِهِ.

Пайгамбарыбыздын соллаллоху алайхи васаллам: “Бир коом бир жерге чогулса, анан алардан бирөөсү дуа кылып калгандары аамийн деп турса, албетте Аллаах таала алардын дуасын кабыл кылат”, деп айтканын укканмын, деди. Кийин ал Аллаахка мактоо айтып: “Аллаахым! Каныбызды сактагын. Ажр-соопторубузду шейиттердин сообундай кылгын!”, деп дуа кылып турганда душман тараптын амири Хунбат багынып, Хабибтин чатырына кирип келди (Хаким, 5/5478; Табараний, 4/3536.).

Имам ал-Бухутий “Кашф ул-киноъ” китебинде мына буларды жазып калтырган:  

قَالَ الْبُهُوتِيُّ (كَشْافُ الْقِنَاعِ 1/367): وَيَدْعُو الْإِمَامُ بَعْدَ فَجْرٍ وَعَصْرٍ لِحُضُورِ الْمَلَائِكَةِ فِيهِمَا فَيُؤَمِّنُونَ عَلَى الدُّعَاءِ فَيَكُونُ أَقْرَبَ لِلْإِجَابَةِ، وَكَذَا يَدْعُو بَعْدَ غَيْرِهِمَا مِنَ الصَّلَوَاتِ، لِأَنَّ مِنْ أَوْقَاتِ الْإِجَابَةِ أَدْبَارَ الْمَكْتُوبَاتِ. فَالدُّعَاءُ الْجَمَاعِيُّ مُسْتَحَبٌّ وَلَيْسَ بِبِدْعَةٍ، وَيَنْبَغِي أَلَّا يُحَافِظَ عَلَيْهِ مُحَافَظَتَهُ عَلَى السُّنَنِ، حَتَّىٰ لَا يَظُنَّ أَنَّهُ سُنَّةٌ، وَاللهُ أَعْلَمُ.

“Имам багымдат жана аср намазынан кийин ошол учурда периштелер хазир болуусу (келүүсү) ыктымалынан дуа кылат. Коом болсо (анын дуасына) “аамийн” деп турат. Ошондо ижабатка-кабылга жакын болот. Ошондой эле,  ал эки намаздан башка намаздардан кийин да дуа кылат. Анткени, фарз намаздан кийинки учур дуа кабыл боло турган убакыттардан болуп саналат. Жамаат менен чогуу дуа кылуу мустахаб, бидъат эмес.  Анан аны сүннөт деп күмөн кылып албаш керек. Туурасын Аллах Билүүчү!”

Биз ар күнү беш убакыт намаздын ар бир рекетинде окучу “Фаатиха” сүрөсүндө мындай делинген:

إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ ﴿٥﴾

“Сага гана ибаадат кылабыз жана Сенден гана (дуа кылып) жардам сурайбыз” (“Фаатиха” сүрөсү, 5-аят)

Байкаган болсоңуз, ибаадат кылуу жана дуа кылууну көптүк түр менен айтып жатат.Маселен, “Сага гана ибаадат кыламын…” деп жекелик түрдө айтылган жок.Кээ бир аалымдар: “Мунун хикматы, ибаадат жана дуа жамаат менен кошо аткарылганда кабыл болуу кепилдиги бар”, деп айтышкан. Ошондой эле бул аяттан ала турган дагы бир хикмат, адегенде ибаадат, анан анын артынан дуба кылуу.

Демек, урматтуу окурман бир туугандар! Биздин темага байланыштуу болгон жогоруда айтылган аят, хадис жана аалымдардын сөздөрүнөн келтирилген далилдер жөн жерден айтылган эмес. Муну бизге Маварауннахр чөлкөмүнүн аллаамалары тартиптештирип берген.

Биздин ханафий мазхабынын өкүмдөрүнө ылайык эки рекет намаздын такбиру тахримадан баштап салам бергенге чейинки амалдарына көңүлүңүздөрдү бурмакчымын. Айтаарым, Абу Ханифа (рахимахуллах) эки рекет намаздын ар бир амалына, такбиру тахримада кол көтөрүү, колду байлап киндиктин астына коюуу жана башка бардык амалдарынын ар бирине өзүнчө бирден хадисти далил кылып алып келген. Демек биз окуп жүргөн эки рекет намазга ондогон хадистер далил катары келтирилген. Анын сыңарындай, биздин журтта адатка айланган намаздан кийинки амалдарыбызга да аалымдарыбыз бир канча аят жана хадистерди далил кылып, бүгүнкү күндө сиз менен биз кылып жаткан амал жүзөгө келип чыккан.

Себеби Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) өзү мындай кылууну жакшы экендигин мактап кеткен:

رَوَاهُ مُسْلِمٌ (1017) عَنْ جَرِيرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : مَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلَامِ سُنَّةً حَسَنَةً فَعُمِلَ بِهَا بَعْدَهُ كُتِبَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ مَنْ عَمِلَ بِهَا ، وَلَا يَنْقُصُ مِنْ أُجُورِهِمْ شَيْءٌ . وَمَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلَامِ سُنَّةً سَيِّئَةً فَعُمِلَ بِهَا بَعْدَهُ كُتِبَ عَلَيْهِ مِثْلُ وِزْرِ مَنْ عَمِلَ بِهَا ، وَلَا يَنْقُصُ مِنْ أَوْزَارِهِمْ شَيْءٌ .

Жарир ибн Абдуллаах (разияллоху анху) кылган риваятта: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Кимде ким Исламда жакшы сүннөт баштаса, ага өзүнүн сообу жана өзүнөн кийин ал сүннөттү улантуучулардын сообу берилет. Айрыкча, анын сообунан эч нерсе кемибейт. Кимде ким туура эмес сүннөт баштаса, ага өзүнүн күнөөсү, ошол эле учурда өзүнөн кийин ошол жол менен кеткендердин күнөөсү да берилет. Айрыкча, алардын күнөөлөрүнөн эч нерсе кемибейт”, деп айткан”. (Имам Муслим риваяты)

Байкаганыңыздай Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай иш-аракетти бидъат эмес жадагалса сүннөт, деп атап кетиптир. Анан кантип өзүнө ылайык далилдер менен негизделген амалды бидъатка чыгаруу мүмкүн.

يَقُولُ عَبْدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ:… مَا رَأَى الْمُسْلِمُونَ حَسَنًا؛ فَهُوَ عِنْدَ اللهِ حَسَنٌ…  أَخْرَجَهُ أَحْمَدُ (3600) وَاللَّفْظُ لَهُ، وَالطَّبَرَانِيُّ (9/118) (8582) إِسْنَادُهُ حَسَنٌ

Абдуллаах ибн Масъуд (разияллоху анху) айтат: “…Мусулмандар жакшы деп билген нерсе Аллаахтын астында жакшы деп саналат…”. (Имам Термизий жана Имам Табараний риваяты)

Демек эзелтен биздин ата-бабаларыбыз жакшы амал деп санап, аткарып келе жаткан амал Аллаахтын астында да жакшы деп саналган экен иншаа Аллаах.

Корутунду: Ошентип, корутундуда айта кетүү керек,бүгүнкү күндө жамаат болуп кылынып жаткан иштер: тасбихтер, Аятал курсийни окуу жана башка аяттардан тилават кылуу жана аягында жамаат менен дуа кылуу таптакыр бидъат эмес. Ал эң сүйкүмдүү мустахаб амалдарынын катарына кирет жана бул иштерди таштап коюу жакшы эмес. Себеби, сахабалар Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) менен бирге чогуу жасаган амал.

Кылымдар бою Үммөттүн үлкөн аалымдары, асл-негиз жана аруу мазхабтын ээрчүүчүлөрү бул амалдарды болушунча калтырбай амал кылып келишкен. Калтырышып койсо да кандайдыр бир үзүр себептүү болгон.

Макалада айтылгандар мустахаб амал болуп, кылса сооп, кылбаса күнөө жок. Аларды сүннөтү-муˈаккада (күчөйтүрүлгөн сүннөт) делинбейт албетте.

Аллах Таала баарыбызды туура жолдон адаштырбасын! Сооптуу иштерге, жакшы амалдарга кызыгуучулардан кылсын! Өткөн ата-бабаларыбыздын каадаларын сүйүп аткарууну баарыбызга насип кылсын!  

Даярдаган: Аалымдар Кеңешинин мүчөсү АБИБИЛЛА ажы КАДЫРБЕРДИЕВ

Subscribe
Notify of
guest

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments
Back to top button
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x