Курмандык чалуу кимдер үчүн важиб (мидеттүү). Курмандык кылуунун убактысы. Артыкчылыктары.

Курмандык чалуу кимдер үчүн важиб (милдеттүү). Курмандык кылуунун убактысы. Артыкчылыктары

📍 КУРБАНДЫК ЧАЛУУ КИМДЕР ҮЧҮН ВАЖИБ (МИЛДЕТТҮҮ). КУРМАНДЫК КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ. АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

✍🏻Исламда зуль-хижжа айынын биринчи он күндүгү өзгөчө күндөр болуп эсептелет. Хадистерде бул күндөрдүн баалуулугу жана өзгөчүлүктөрү жөнүндө айтылат. Бул күндөрдө кылынган ибадаттар да өзгөчө баалуулукка ээ. Курман айт кубанычтын күнү. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат. Бул ибадаттын (аль-Удхия) акыретте көптөгөн сооптору жана баалуулуктары  жана ошондой эле ар бир мусулман билүүгө тиешелүү болгон өздөрүнүн эрежелери жана жоболору бар. Ошондуктан биз ушул чакан макалада ошол эрежелер жана жоболор жөнүндө түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылып айтып берүүнү эп көрдүк.

Ислам терминологиясында курмандык чалуу “Удхия” деп аталат. Удхия  ибадат жана ар бир балагатка жеткен, эс-акылдуу, сапарда эмес (90 км.ашык) жана  жашоого зарыл нерселерден  (хажат аслиядан) тышкары,   нисабга жеткен мүлккө ээ жана ошондой эле карыздар эмес мусулманга важиб (милдеттүү) болуп эсептелет.

Кимде-ким курмандык кылууну ниет кылса, ал адамдын курмандык малын союуга чейин, зуль-хижжа айы кирээри менен чачын, денесиндеги түктөрүн, тырмактарын албай жүрүүсү мустахаб. Булардын бардыгын ал жаңы зуль-хижжа айы кирээрден мурда баштоо керек.

Ошондой эле Арафа күнү орозо кармоо сүннөт. Хадисте Арафа (9-зуль-хижжа) күнү кармалган орозо өткөн жана быйылкы жылдагы күнөөлөр үчүн кафаарат (төлөм) болуп эсептелет деп айтылат.

Жана ошондой эле бул күнү Такбир Ташрик айтылат:

«الله اكبر الله اكبرلآ اله الا الله والله اكبر الله اكبر و لله الحمد»

Такбир Ташрик  айтуу зуль-хижжанын 9-күнү, багымдат намазынан кийин башталат да зуль-хижжанын 13-күнү аср намазына чейин бүтөт. Такбир Ташрик ар бир жамаат менен окулган парз намаздан кийин бир жолу үн чыгарып айтуу важиб. Бирок, аялдар Такбир Ташрикти үн чыгарбай айтуу керек.

📍КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН  АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Кылынган курмандык үчүн Алланын көптөгөн сооптору бар. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: “Курмандык күнү Алланын алдында курмандыкка мал союудан өткөн сүйүктүү амал жок. Курмандыкка союлган мал Кыямат күнү мүйүзү, туяктары менен келет (мындайча айтканда анын ар бир мүчөсү үчүн Алла Таала сооп берет). Алла Таала (курмандыкка союлган малдын) канын, кан жерге тамганча кабыл кылат.  Ошондуктан (Алла Таала тезинен кабыл кылып, көптөгөн сооп бергени үчүн) курмандыкты чын жүрөктөн, кубануу менен кылгыла.

Дагы бир Али (р.а.) риваят кылган  хадисте
Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты:

“О, Фатима, бар да курмандыкка союлуп жаткан малдын жанында бол, анткени анын канынын биринчи тамчысынын тамуусу менен сенин күнөөлөрүң кечирилет. Жана бул мал (Кыямат күнү) каны эти менен алынып келинет да сенин таразаңдын (жакшы амалдар) табагына коюлат. Абу Саид (р.а.) сурады: “О, Алланын Элчиси (с.а.в.), бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө элеби, анткени алар бул соопторго ээ болууга көбүрөөк татыктуураак да жана ошондой эле бардык мусулмандар үчүн дагыбы?” Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты: “Бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө жана бардык мусулмандар үчүн дагы”.

Башка хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан:

“Кимдин курманчылык кылууга мүмкүнчүлүгү (каражаты) болуп туруп, бирок курбанчылык кылбаса, ал биздин мечитке жакындабасын”.

📍 КУРМАНДЫК КЫЛУУ КИМДЕР ҮЧҮН ВАЖИБ?

Материалдык жактан камсыздалган мусулман курманчылык кылууга милдеттүү. Шарият боюнча материалдык жактан камсыздалган болуп нисабка ээ мусулман эсептелет.

Нисаб – жашоо зарылдыгына керектүү  каражаттан (хажат аслиядан)  тышкары,  акчалай  жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк.  Шариятта нисабдын өлчөмү – 612.350 грамм күмүш же 87.478 грамм алтын. Кимдин хажат аслияга кирбеген 612.350 грамм күмүшү же ушул суммадагы товары же башка ашык кыймылдуу же кыймылсыз  мүлкү болсо, ал адамдын курмандык кылуусу важиб. Хажат аслия бул адамдын жашоосуна ансыз жашоо мүмкүн болбой тургандай эң зарыл (мисалга, күнүмдүк тамак-аш, кийим, күндөлүк чыгымдарга зарыл акча чыгымдары ж.б.) жана ансыз жашоого болсо да, бирок кыйын боло турган нерселер (мисалга, карыздар, үй буюмдары, унаа каражаттары жана ошондой эле аалымдар күндөлүк зарыл нерселерге мобилдик телефонду, кир жуугуч машинаны, палас, килем, диван, керебет, муздаткыч, мебелди киргизген) жана мына ушулардын бардыгы хажат аслияга кирет.

Мына ушундан улам кимдин зарыл нерселерден (адамдын күндөлүк жашоосуна зарыл хажат аслиядан) тышкары  анчалык муктаждыгы жок ашык мүлкү жана буюмдары болсо (мисалга, экинчи үйү, бош жаткан же ижарага берген жери, кооздук үчүн коюлган үй буюм, эмеректери ж.у.с.) жана алардын бардык наркы 612.350 грамм күмүштүн наркынан аз болсо, анда ал адамга курмандык чалуу важиб эмес. А эгерде жогоруда айтылган нерселердин наркы 612.350 грамм күмүштүн наркынан көбүрөөк болсо жана бирөөлөргө карызы болбосо, анда ал адамга курмандык чалуу важиб болот. Эгерде карызы болсо, анда карыздын өлчөмүн буюмдарынын жана мүлкүнүн жалпы наркынан алып салуу керек жана эгерде калган сумма нисабдын өлчөмүнөн аз болсо курмандык чалбайт, эгерде көп болсо, анда курмандык чалат.

Бирок, белгилей кетүү керек, зекеттин нисабы менен курмандыктын нисабынын айырмасы бар. Зекет маселесинде нисабга күмүш алтын жана товар гана кирет. Ошондуктан, зекет ушул аталган нерселерден гана берилет. Ал башка бардык мүлктөн, ал кыймылдуу болсун, же кыймылсыз болсун эгерде ал сатуу үчүн алынган эмес болсо, зекет берилбейт. Ал эми курмандык жана битир-садака маселесинде, хажат аслия тышкаркы кошумча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк нисабдын эсебине кирет.

Ошондой эле, зекет малдан жана түшүмдөн да берилет, бирок бул башка маселе болуп, бул макалада аны карабайбыз.

Эки нисабдын (зекет менен курмандыктын) айырмасына келе турган болсок,  зекет берүү важиб болуу үчүн мүлкү нисабдын өлчөмүнө толгон убакыттан баштап бир жыл өтүүсү милдет, ал эми курмандык чалуу мүлкү нисабга жеткен убакыттан баштап важиб болот, мисалга, эгерде зуль-хижжанын 12-күнү күн бата элекке чейин нисабга ээ болуп калса, ал адамга курмандык чалуу важиб болот, эгерде зуль-хижжанын 9-күнү нисабга ээ боло элек болсо да.

Эгерде кимдир-бирөө үй же машина же бир башка нерсе сатып алуу үчүн акча чогултуп жүрсө жана ошол чогулткан акчанын суммасы нисабга барабар же андан ашкан болсо, анда ага курмандык чалуу важиб болот.

📍 ҮЙ ЭЭСИНЕ ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮ ҮЧҮН КУРМАНДЫК ЧАЛУУ МИЛДЕТ ЭМЕС.

Кээде мындай учур да кездешип калат, бир үй-бүлө курмандыкка мал соёт да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы курмандык чалуу милдетинен кутулду деп ойлошот, бирок бул туура эмес түшүнүк. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү ал нисабга ээби же ээ эмеспи, ошол жагын караш керек жана алардын кимиси нисабга ээ болсо, ошол өзү курмандык чалууга милдеттүү.

Нисабдын өлчөмүн 612.350 грамм күмүштү бир грамм күмүштүн базардагы акчалай наркына  көбөйтүп билүүгө болот.

📍 КУРМАНДЫК ЧАЛУУГА МИЛДЕТТҮҮЛӨР

Курман айт майрамында курмандык чалууга милдеттүү болуу үчүн төрт шарт талап кылынат:

1. Мусулман болуу.

2. Акыл-эси жайында жана балагатка жеткен куракта болуу.

3. Жолоочу болбоо(Муким сапарда болбогон) болсо.

4. Белгилүү мал-мүлккө ээ болуу(Колунда бар, зекет фарз болгон бай адамга).

Ханафий мазхабында курмандык чалууну важиб кылган байлыктын өлчөмү зекетте жана фитир садакасында талап кылынган байлык өлчөмү менен бирдей. Материалдык мүмкүнчүлүгү мындай абалдагы аялзаты же жетилген балдар курмандык чалууга милдеттүү болуу менен бирге, өмүрлүк жолдошу же атасы булардын атынан (белек жолу менен) курмандык чалуусу жетиштүү болот. Ал эми башка мазхабдар курмандык чалууну туруктуу сүннөт катары эсептешкендиктен, курмандык чалуу милдети үчүн өзүнчө бир байлык өлчөмү аныкталган эмес.

Кимге зекет важиб болсо ошол адамда зекеттин өлчөмүнөн башка дагы күнүмдүк зарылчылыктан тышкары б.а шарият урксат бербеген буйумдардын дагы базар баасына карап зекеттин өлчөмүнө кошулат.

Мисалы бирөөнүн зекет өлчөмүнө 10 000 миң сом жетпейт, демек курбанчылык важиб эмес, бирок үйүндө 10 000 миң сомдук гитара же телвизору бар, ошону баасын кошсо ага зекет чыгаруу фарз болот, зекет фарз болгондон кийин курбанчылык кылуу дагы зарыл болот. Зекет менен курбанчылыктын айырмасы: зекетте бай болгондон бир жылдан кийин зекет чыгаруу фарз болот. Ал эми курбанчылыкта ошол курбан айт күндөрү гана зекеттин өлчөмүндө акчасынын болуусу шарт, бир жыл өтсүн деп күтпөйт.

Маселе: Эгер аял кишинин өзүнө тийешелүү акча же алтын күмүшү, малы болуп ал зекеттин өлчөмүнө жетсе, анда ал аял үчүн курбанчылык кылуу жеке өзүнө гана важиб болот. Эркекке жубайы тарабынан курбанчылык кылуу зарыл эмес. Албетте жубайы, эгер менин атыман дагы курбанчылык кылып кой деп уруксат берсе анда кылса болот. Ошондой эле, балагатка жеткен уул, кыздар үчүн дагы атасы курбанчылык кылбайт, эгер алардын колунда байлыгы болсо, анда аларга дагы курбанчылык кылуу важиб болот.

Маселе: Курбандык важиб болбой туруп эгер ал курбандык кылуу ниетинде мал сатып алса, анда ага ошол малды курбандыкка союу важиб болот.

📍 КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН УБАКТЫСЫ

Курмандык чалуу – Курман айттын биринчи күнү айт намаздан кийин башталып, айттын үчүнчү күнү шамга жакын мезгилге чейин аткарылса болот. Бирок курмандык чалуунун эң жакшы жана абзел убактысы – Курман айттын алгачкы күнү айт намаздан кийин түшкө чейин экени талашсыз. Аргасыз себептерге байланыштуу курман айттын намазына барып катыша албай калган адам айт намазы окулуп бүткүдөй убакыт өткөндөн кийин курмандыгын чала берсе болот.
Пайгамбарыбыз (САВ) курмандык чалуунун убактысы жөнүндө айткан хадистерден мисал келтирсек, Бараа бин Азиб (р.а.) мындайча баяндайт:

“Алланын элчиси (САВ): “Биздин ушул күндө алгач жасачу ишибиз намаз окуу, андан соң кайтып келип курмандыгыбызды чалуу. Ким ушул боюнча жасаса сүннөтүбүзгө ээрчигени, кимде ким мындан мурда курмандыгын чалчу болсо бул курмандык үй ичине союлуп берилчү эттен айырмасы жок. Мунун курмандык болуусу мүмкүн эмес”.

Башка бир хадисте: “Ким намаздан мурун курмандыгын чалса, кайра баштан курмандыгын чалсын” деп баса айтылат.Демек, намаздан мурун чалынган мал курмандык катары эсептелбөөсү анык эскертилип жатат.

📍Курмандык кылуу убактысы зуль-хижжанын 10-күнү башталат да, 12-күнү аср намазына чейин бүтөт. Ушул күндөрдүн кайсы мезгили болсо да курмандыкка мал сойсо болот. Бирок курмандык кылуунун эң жакшы күнү анын биринчи күнү, андан соң экинчи андан соң үчүнчү күнү. Курмандыкка малды күндүз да жана жарык жакшы болсо түндөсү да болот. Түндөсү жарык күңүрт, начар болсо курмандыкка мал союу жакшы эмес.

Айт намазга баруу милдеттүү болгон шаардын тургундары, курмандык малын зуль-хижжанын 10-күнү айт намазына чейин сойбош керек. Кимдир бирөө айт намазына чейин союп алса, ал курмандык деп эсептелбейт, жөн эле союлган мал болуп калат, ал адам кайрадан курмандыкка мал союш керек.

Курмандык кылуу важиб болгон адам курман айттын үч күнүндө курмандык кыла албай калса, ал орточо койдун наркында садака берсин. Ал эми ким курмандыкка мал сатып алып, бирок аны союга үлгүрбөй калса ошол малды садака кылсын.

📍КУРБАНДЫК КЫЛУУ КҮНДӨРҮ

Курбанчылыктын ибаадаттары үч күн:

Зул Хижжа айынын ону(10), он бири(11), он экиси(12). Курбан айт күндөрү ушул аталган үч күн.

Башка күндөр курбанчылыктын ибаадат күндөрүнөн эмес. Ушул күндөрү кайсы убакта болбосун мал союп курбанчылык кылса болот. Албетте, курбандыкты биринчи күнү кылган абзел. Түндөсү дагы кылса болот, бирок күндүзү кылган жакшы.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

📲+996 771 822 202

+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.