ЭНЕМЕ ЗЕКЕТ БЕРСЕМ БОЛОБУ?

ЭНЕМЕ ЗЕКЕТ БЕРСЕМ БОЛОБУ?

✍🏻Бир ач көз адам, аалымга суроо берип жатат. Бай инсан. Ал дүйнөсү бай болгону менен бирок, жан дүйнөсү кедей экен.
Бай:
– Азиретим сизге суроом бар – дейт.

Аалым:

– Бериңиз. Кандай сурооңуз бар?

– Кудайга шүгүр өзүмө ток, мал дүйнөм жетээрлүү бай адаммын. Энеме зекет берсем болобу? – деди. Бир нече убакыт суроо берилген аалым суроого жооп бере албай ыйлайт. Ошондо баягы бай: “Оо! Менин суроом аалымды ыйлатты, мынча таасирдүү суроо бердим ээ” – деп ойлонуп жатты. Ыйы токтоп. Өзүнө келип алгандан кийин, мындай деди:
– Сени жер кантип жер көтөрүп турат? Сага Аллах кандай ырайым кылып турат экен?! Эй инсан, энең болсо дагы… Энең зекетке зекетке муктаж болуп туруп, сен баймын дейсиңби? Энең кандайдыр бир жемишке же кийимге муктаж болуп турса, сен өзүңдү баймын, энеме зекет берсем болот дейсиңби? Кандай адамсың? Кандай перзентсиң?! Кантип мусулманмын дейсиң? Кайсы бир доордо мусулман адам энесин зекетке муктаж абалда калтырып койгонбу?

Өзү бай болуп… Болбосого мейли, өзүндө да жок, бул башка маселе. Бирок, бай болуп туруп, энеси дары алганга мүмкүнчүлүгү жок болсо. Баласы бай болуп энеси кийимге же тамакка муктаж болуп турса, мен баймын дейби адам?
Ушундай каттуу сөздөрдү айтты Азирети:
– Сен кайрадан шахадат келмесин айтып, ыйманга келип ал. Кандай мусулмансың сен энеңди ушул акыбалга жеткирген. Зекет берсем болобу дейсиң. Зекет! Энеге зекет берилбейт. Энени багыш, энени дары-дамек менен камсыздаш, эненин жашоодогу проблемаларын чечиш сенин милдетиң! Сенин бай болушуңа, адам болуп тарбияланышыңа ким себепчи… – Энең эмеспи?

Мына ушундай инсандар бар экен жашоодо. Аллах сактасын алар бай эмес. Алар чындыгында өтөө кедей адамдар. Ата-энесинин муктаждыгына карабаган перзент – перзент эмес. Ошон үчүн алардын дубасы биздин жашоодо бай болушубузга, бак-таалайлуу жашашыбызга себеп болот. Анткени алардын дуасы менен Аллахтын ортосунда эч кандай парда жок. Түз жетип барат. Бирок этият болушубуз керек. Алардын ачуусуна тийип, кыжаалат кылып койсок. Қудай сактасын. Ата-энебиздин көңүлүн оорутушубуздун өзү чоң күнөө болуп эсептелет.

Бизде өтө чоң акысы бар үч кишиден бири – дүнүйөгө келүүбүзгө себеп болгон эне-атабыз. Экинчиси – динибизди туура үйрөнүүбүзгө себепчи болгон устаз. Дагы бири – материалдык ырыскыбызга себепчи болгон, жумуш берген киши.

Бир мусулман өтө ийгиликтүү болсо, кармаган нерсеси алтынга айланып жаткан болсо ал иштин түбүндө сөзсүз эне-атасынын ыраазылыгы, дубасы бар, аларды абдан ыраазы кылган. Себеби, Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам»:«Эне-атанын баласына кылган дубасы Пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу, артка кайтарылбайт», – деп айткан. Алардын баддубасы (каргышы, жаман дубасы) дагы ушундай.

Бир бала эне-атасынын, бир жумушчу өзүнө жумуш берген башчысынын дубасын, ыраазылыгын ала албаса Аллахтын ыраазылыгын ала албайт. Б.а., бизге келген жакшылыкка себепчи болгон адамга рахматыбызды билдирбесек ал жакшылык үчүн кыла турчу шүгүрүбүздү Аллаху таала кабыл кылбайт. Себеби, хадиси шарифте: «Өзүнө жакшылык кылган адамга рахмат айтпаган адам Аллахка шүгүр кылган болбойт»,- деп айтылууда.

🧕Махарам Муслима.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂⠀

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.