Адамдын жолун ачып, байлык менен берекесин көбөйтүүчү 10 көрсөтмө

Адамдын жолун ачып, байлык менен берекесин көбөйтүүчү 10 көрсөтмө

📍АДАМДЫН ЖОЛУН АЧЫП, БАЙЛЫК МЕНЕН БЕРЕКЕСИН КӨБӨЙТҮҮЧҮ 🔟 КӨРСӨТМӨ.

1⃣ ЫЙМАН

Алла Таала касиеттүү Куранда:

“Эгерде мекениңердин тургундары ыйманга келип, такыба болгонунда (Алланын жазасынан коркуп сактангандарында) анда Биз аларга асмандан да жерден да береке эшигин ачып койот элек”,-деген.(“Араф”сүрөөсү, 96 аят).

2⃣ КУДАЙДАН КОРКУУ
(Такыбалык)

Ким Алладан (Анын тыйгандарынан) коркуп, сактанса, Ал ага бир чыгуучу жол пайда кылат.Ары ал ойлобогон жерден ырыскы берет.(“Талак”сүрөсү, 2,3-аяттар).

3⃣ АЛЛАДАН КЕЧИРИМ СУРОО (истихфар)

Буга Курандагы Рух пайгамбардын (а.с)сөзү далил:

“Өзүңөрдүн Раббыңан кечирим сурагыла, анткени Ал-Кечирүүчү.(Гаффар).Ал силерге асмандан мол жамгыр жиберди.Силерди мал-мүлктөр менен жана перзенттер менен колдойт.Силерге бак-дарактар өстүрүп жана силер үчүн өзөндөр пайда кылат”(“Нух”сүрөөсү, 10-12-аяттар).

4⃣ ШҮГҮРЧҮЛҮК

Себеби Алла Куранда “Эгер шүгүр кылсаңар, арттыра беремин”-деп убада берген.(“Ибрагим”сүрөөсү 7-аят).

5⃣ АЛЛА ЖОЛУНДА КАРЖЫ ЖУМШОО, САДАКА БЕРҮҮ

Алла Таала: “Силер эмне кылсаңарда Алла ал кылганыңардын ордун кайра толтурат .Ал-ырыскы берүүчүлөрдүн эң жогорусу”,-деген(“Саба” сүрөөсү, 38-аят).

6⃣ ҮЙЛӨНҮҮ (НИКЕ)

Алла Куранда “Ары араңардагы никеге турбагандарды жана кулдарыңар менен күндөрдү үйлөндүргүлө.Эгер алар кедей болсо, Алла аларды Өз кендиги менен байытат”,-дейт.

7⃣ АЛЛАГА ГАНА ИШЕНИМ АРТЫП АГА ГАНА МОЮН СУНУУ.

Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Эгер силер Аллага чындап моюн сунсаңар, Ал силерди таң эртең ач кетип, кечке курсагы тойуп кайта турган куштарды ырыскыландыргандай ырыскы берет эле”,-деген.(Тирмизи).
Ал Куранда Алла Таала “Ким Аллага
жүгүнүп, Ага ишин тапшырса (тобокел этсе), Ал ага жеткиликтүү.Акыйкатта Алла -ишин аягына жеткирүүчү…” (“Талак”сүрөсү 3-аят).

8⃣ ТУУГАНДЫК КАТНАШТЫ САКТОО

Алла Элчиси( с.а.в)”Кимде ким ырыскысын кеңейиши менен өмүрүн узаруусун кааласа, ал туугандары менен карым-катнашты үзбөсүн”,-деген (Бухари).

9⃣ АЖЫЛЫК МЕНЕН УМРА ЖАСОО

Хадистердин биринде “Ажылык менен умраны көбөйткүлө, себеби экөө кедейликти жана темирден тапты кетиргендей күнөөлөрдү жойот”-дейилген(Сахих ал-Жами 2901)

🔟 АЛСЫЗДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Алла Элчиси (с.а.в) алсыздарды издегиле, анткени силерге көмөк менен ырыскы ошол алсыздар артынан берилет”-деген.(Абу Дауд).

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Силерге алсыздардын аркасында жеңиш менен ырыскы ыйгарылат эмеспи?”-дейт.(Бухари).

Даярдаган: Жылдыз Муслима

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CBxxWWnhIg0/?igshid=4j4akwfvf7us

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.